«Акнеттин» ишин ИИМ иликтейт

“Акнет” ЖЧКсынын ишин мындан аркы иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн “Акнет” ЖЧКсына карата Жазык кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмү (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 232-беренеси 2-бөлүмү (Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу), 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 337-беренеси (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу) менен козголгон 5 кылмыш иши кыскартылган.

28-мартта жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери кийинки иликтөөлөрдү уюштуруу үчүн ИИМдин Тергөө
кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  экспертизалар дайындалды.