Ат-Башы каналына чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда

Чүй облусундагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иштерине 99 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 11-апрель күнү Аламүдүн районунун Константиновка айылында болгон.

Учурда куткаруу иштери улантылып, ага Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 22, Токмок шаардык №24 Аскерлештирилген ӨКБдан 15 куткаруучу, суучулдар кызматынан 5 суучул, Сокулук райондук №23 АӨКБдан 10 куткаруучу, Жайыл райондук №22 АӨКБдан 10 куткаруучу, Ысык-Ата райондук №27 АӨКБдан 5 куткаруучу, Москва райондук №15 ӨКБдан 7 куткаруучу жана саат 09:55те КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлектетик борбордон 25 болуп, жалпысынан 99 куткаруучу тартылган.

«Издөө иштери Константиновка айылынан (Аламүдүн району) Камышановка айылына (Сокулук району) чейин Ат-Башы каналы менен Чүй дарыясында жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.