Россия менен биргеликте соода логистикалык борборлор курулат

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз туусу”


Айыл чарба продукцияларын экспорттоого келгенде соода логистикалык борборлордун тартыштыгы чоң көйгөйгө айланууда. Эгерде алар жетиштүү болгондо жашылча-жемиштер талаптагыдай температурада сакталып, коромжу болбойт. Сактап коюп, жылдын бардык мезгилинде чыгарып сатып турууга чоң өбөлгө түзүлөт. Маңдай тер менен өндүрүлгөн жашылча-жемиштерди ортомчуларга арзан бербей, кышкы-жазгы убакта баасын чыгарып сатып фермерлердин өзү пайдасын көрүшү керек. 27-28-март күндөрү өткөрүлгөн кыргыз-россиялык региондор аралык 8-конференциянын алкагындагы агрардык тармакка арналган жыйында мына ушул көйгөйгө айрыкча басым жасалды.

63 млн. долларга ири логистикалык борборлор курулат

Конференциянын айыл чарба тармагына тиешелүү тегерек стол жыйынында санариптештирүү, соода логистикалык борборлорду биргелешип куруу, дыйкандардын өндүргөн продукцияларын экспортко чыгаруу, импорт ж.б. маселелер кызуу талкууга алынды. Эки тарап кыргыз фермерлеринин продукцияларын Россиянын аймагына чыгаруудагы айрым көйгөйлөрдү четтетүү жолун издешти. Мына ушул максатта Россиянын ири соода түйүндөрүнө кыргыз фермерлеринин айыл чарба азыктарын сатууну камсыз кылуу үчүн “РосАгроМаркет” компаниясынын жетекчилиги да келген. Андан тышкары, Свердлов облусунун бийлик өкүлдөрү бизден кандай азык-түлүктүн түрлөрүн экспорттосо жакшы натыйжа берери тууралуу ойлорун ортого салышты. Бул жолку конференциянын алкагында агрардык тармакка тиешелүү 21 документке кол коюлду. ВЭБ-Инжиниринг” компаниясынын директору О.Калугин менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Н.Мурашевдин ортосунда республикабыздын түштүгүндө, ал эми “РосАгроМаркет” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы А.Ванчугов менен “Дордой” ассоциациясынын президенти А.Салымбековдун ортосунда өлкө түндүгүнө ири логистикалык борборду куруу меморандумуна кол коюлду. Ушул эки меморандумдун жалпы наркы 63 млн. доллар болушу болжолдонууда жана аны эки тарап биргелешип ишке ашырмакчы. Аларды курууга Кыргызстан тараптан атамекендик инвесторлорду тартуу, жумушту уюштуруу боюнча Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги иш жүргүзөт.

Кыргызстандын  аймактарынын  өзгөчөлүгүнө жараша айыл чарба продукциялары өндүрүлүп келе жатат. Ал эми Россиянын рыногуна багытталган экспорттук азык-түлүктөр белгилүү көлөмдү туруктуу камсыздап турушу керек. Айтайын дегенибиз, жогорудагы эки долбоордон тышкары, аймактарга чакан логистикалык борборлорду куруу үчүн Россия тарап жардам бергени жатат. Үстүбүздөгү жылы аларды кайсы райондорго куруу керектиги боюнча тыкыр иликтөөлөр жүргүзүлмөкчү. Себеби, алар ар бир аймактын керектөөсүнө жараша эсептелип курулушу керек. Соода логистикалык борборлордун сыйымдуулугу 500 тоннадан 20 000 тоннага чейин жеткендери болот. Россиянын “Вебинжиниринг” компаниясы бул долбоорлорду турмушка ашыруу үчүн эл аралык фи-нансылык институтуттарды, коммерциялык банктарды тартуу аркылуу иш жүргүзмөкчү. Аталган министрлик менен Россиянын ири соода түйүндөрү түзгөн келишим боюнча Новосибирск, Свердловск, Москва облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын ири соода түйүндөрүнө эт азыктары тоскоолдуксуз кетет.

2018-жылы Россиянын аймактарына  айыл чарба товарларынын экспорту 63 млн. долларды түзгөн, ал эми импорт 200 млн. долларга жетиптир. Экспортко эт-сүт азыктары, буурчак, алча, абрикос, кургатылган жемиштер сыяктуу жашылча-жемиштер экспорттолууда. Булар-дын арасынан балык экспортунун келечеги абдан чоң экени байкалууда. Ал эми Россиядан тоок эти, сүт азыктары, кондитердик товарлар, күн карама майы, алкоголдук ичимдиктер жана алкоголдук эмес суусундуктар импорттолуп жатат. Адистердин айтымына караганда Кыргызстанда чоң жана чакан логистикалык борборлор курулуп калса, азык-түлүк экспортунда тез эле позитивдүү тенденция пайда боло баштайт.

Кыргызстандын форелине кызыккандар көп

– Кыргыз-россиялык 8-конференция дагы кабыл алынган чечимдер биздин мүдөөнүн көбүн канааттандырды. Мисалы, кол коюлган 21 документтин бешөөсү Россияга балык экспорттоого тиешелүү келишимдер. Анда 2019-2026-жылдарга чейин балык экспортун 1 млрд. 100 млн. рубль көлөмүнө жеткирүүнү максат кылып жатабыз. Бүгүнкү күндө республика аймагында балык чарбасы тездик менен өнүгө баштады. Бул абдан кирешелүү бизнес болуп жатат. Россиянын компаниялары буга чейин деле биздин балык чарбалар менен өз ара тыгыз кызматташып келишкен болчу. Ал эми эки өлкөнүн аймактар аралык кызматташтыгы боюнча 8-конференцияга Россиянын башка аймактарынан да кошумча компанияларды чакырган болчубуз. Россиянын бир топ аймактары деңиз портторуна чектеш жайгашканына карабай, кыргыздын форелине кызыгуусу өтө жогору. Азыркы күндө балыктын ушул түрүнүн көлөмүн арттыруу биздин фермерлерге абдан керек болуп турат. Орустар форелдин даамын семгага окшоштуруп, жогору баалашат. Чынында россиялыктар гана эмес, башка чет мамлекеттер да кыргыз балыгына кызыгуусу артууда. Бир жылда кыргызстандык бир эле балык чарбасы  50  млн.  сомдук  балык экспорттогонун эске алсак атамекендик балык чарбасынын келечеги абдан кең, – дейт Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин тышкы байланыштар жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Ренат Токбаев. Азыр-кы күндө балык чарбасы өзгөчө Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй облустарында жакшы натыйжаларды берүүдө.

Органикалык саясаттын ооматы келет

Биз бул макалада агрардык тармак боюнча гана эки тараптуу келишимдерге токтолуп жатабыз. Айталы, аталган конференциянын алкагында органикалык жер семирткичтерди өндүрүп берүү боюнча Россиянын төрт компаниясы менен меморандумга кол коюлду. Алар бизге жер семирткичтерди иштеп чыгаруучу төрт ишкана куруп беришери күтүлүүдө. Кыргызстан өзү да минералдык жер семирткичтерден кайтып, органикалык

жер семирткичтерди колдонууга этапбы менен өтүшү керек. Аталган министрлик эгерде жогорудагы долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылса, органикалык жер семирткич чыгаруу өнүдүрүшүн туруктуу көтөрүп,  кошуна  мамлекеттерге да экспорттоону жолго коёбуз деп жатат.

Булардан  тышкары,  эки  тараптын  чарба  субъектилеринин ортосунда үрөн өндүрүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Россия лык ири компаниялардын бири Бишкектеги жер кыртышын изилдөө  боюнча  600  миң  рублге лабораторияны курууга убада берди.

Россиядан  айыл  чарба  техникаларын  алып  келүү  боюнча  эки  тараптын  тиешелүү  ком-паниялары  меморандумга  кол коюшту.  Кыргыз  фермерлеринин  айыл  чарба  жер  аянттары дээрлик чакан болгондуктан кичи тракторлорду алып келүү максатка  ылайык.  Бул  келишимдин  көлөмү  20  млн.  долларга барды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *