Украина: Президенттик шайлоодо кызык күч алды

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Украинада 31-мартта президенттик шайлоо болуп, учурдагы Президент Петр Порошенко менен куудул Владимир Зеленский экинчи турга чыгышты. Баарынан кызыгы Владимир Зеленский биринчи турда Порошенкодон эки эсе артыкчылык менен, тактап айканда 30%пайыз добуш алып алдыга озуп чыкты. Учурда 19-апрелде Олимпийскийде өтө турган экөөнүн ортосундагы дебаттарга бүткүл Украина эли назар салып турат. Президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелде өтөт.

“Убадасын аткарбаса, камалсын”

Украиналыктарга Зеленскийдин “кыялдар  өлкөсү”  менен  Порошенконун “бактылуу жана эркин адамдардын улуу өлкөсү” программаларынан жеңил эмес тандап алуу турат. Учурдагы Президент өз программасында “Москвага алаңдабай”, ЕС жана НАТОнун назары астында эгемендүү өлкөнү түзүүгө чакырууда. Ал эми Зеленский Украина жолдору бар, бирок келесоолор жок өлкө болушун, бизнести бир саатта ачып, чет элдик паспортту 15 мүнөттө алууга, добуш берүүгө секунда гана керек болгон өлкө болушун каалайт. Ошондой “Кыялдагы Украинада” татыктуу пенсия болуп, арзан коммуналдык кызматтар болушу шарт. Мугалимдер реалдуу маяна, ал эми коррупционерлер реалдуу мөөнөт алат.

Порошенконун “бактылуу жана эркин адамдардын улуу өлкөсү” программасына ылайык, Украина 2023-жылы ЕСке кошулууга билдирме берип, ошол эле учурда НАТОго кирүү боюнча иштерди жүргүзүү каралган.

“Кийинки беш жылда Украина Европадагы агрардык тармактын алдыңкысы, IT тармактагы беш лидердин бири, индустриалдык өнүгүү боюнча аймактын лидери жана Чыгыш Европанын “транспорттук хабы” болуп калышы керек. Ошондой эле “Дүйнөнү ачкан ажайып өлкө” деген лозунг менен Европанын туристтер эң көп келген он өлкөнүн бирине кириши шарт”, – деп айтылат Порошенконун программасында.

Украинанын  куралдуу  күчтөрүн бекемдөө,  аларды  жаңы  курал  жана аскер техникасы менен камсыздоо дагы приоритеттүү маселелердин бири катары каралган. Ал эми Зеленскийдин программасында тышкы саясатта Европага багытталган кадамдар тууралуу аз жазылган. Түндүк-атлантикалык альянска карата багыт “коопсуздуктун кепилдиги” катары гана көрсөтүлгөн. Бирок бул маселе элдик референдум аркылуу чечилиш зарылдыгы белгиленүүдө.

Эки талапкердин ичинен Порошенко антироссиялык саясат жүргүзүп келгени белгилүү. Порошенко президент болуп турган жылдарда Москва менен Киевдин мамилеси болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге чейин түшкөн. Ал бул багыттагы саясатын уланта берерин ишарат кылып келет. Ал эми Зеленскийдин штабында ал антироссиялык талапкер эместигин айтып келишет, бирок РФ бийлигин душманы катары көрө турганын кошумчалашкан. Белгиленгендей, Зеленскийдин нааразычылыгы Крым жана Донбасска байланыштуу. Анткен менен Зеленскийди орусча тартынбай сүйлөп жатканынан улам, орус тилдүүлөр көбүнчө колдоого алышууда.

Саясатчы “артист” болгончо, артист саясатчы болсун

Владимир Зеленскийдин президенттикке койгону дүйнө коомчулугунда кызыгуу жаратты. Ал Украинанын белгилүү  куудулу,  буга  чейин «95 квартал» компаниясы менен “Слуга народа” тасмасына тартылган. Тасмада Зеленский президенттин ролунда болгон. Анда тарых мугалими Василий Голобородько (Владимир Зеленскийдин каарманы) элита менен болгон байланышты үзүп, карапайым адамдар менен кеңешип, элдин сүйүүсүнө татыйт. Тасмада Украинанын саясий-коомдук турмушу чагылдырылып, өлкөдөгү кризисттен кантип чыгуу жолдору сунушталган. Аталган сериал 2 сезон менен чыгып, Украинда абдан чоң кызуу талкуу жараткан. Мына ошол тасмадан кийин Зеленскийдин атагы чыгып, коомчулукта Зеленскийди президенттикке коё турганы кеңири айтыла баштаган.

Социалдык тармактарда артисттин талапкер болушун ар кандай кабыл алгандар бар. Баса, В.Зеленский адистиги боюнча юрист. Ошентсе дагы айрымдар анын саясий  тажрыйбасы  жок  экенин  айтып “кийинки шайлоого чейин шайыр жашайбыз” деген таризде кытмыр күлүшсө, башкалары “баары бир мындан жаман болбойт”, “саясатчы “артист” болгончо, артист саясатчы болгону жакшыраак” деген таризде ишеним артышууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *