Унут калган аэропорт, өчүп калган үмүт

Бир кезде суу сактагычтын түбүндө калган аэропорт жөнүндө Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, публицист маркум Кудайберген Жуманазаров агабыз «Жоголгон аэропорт» деп өзүнүн оюн ортого салган эле. Ал макаланын таасиринен улам райондун аэропорту үчүн «Тегерек» андан кийин «Кайрак» участокторунан «Як-40» учагына ылайыкталып, тилкелер тандалып, асфальт төшөлүп, иш башталган.

Анан эмне болду? «Какаганга муштаган» болуп, союз ыдырап, аэропорт эмес элибиз өз атын таппай калбадыбы?

Токтогул ГЭСи жана суу сактагыч курулаарда суу алдында калган асыл жерлердеги 26 элдүү пункттун ордуна 14 шаар тибиндеги поселок куруп, суу алдында калган бардык баалуу курулуштарды калыбына келтирүү жагы совет бийлиги тарабынан убадаланган.

Алардын ичинде бүгүн биз сөз кылганы жаткан жарандык аэропорттун курулушу да бар эле. Артыкчылык статусу боюнча чыгарылган мыйзамдын негизинде Өкмөт кабыл алган 617-токтомунун аткарылышын текшергенде көпчүлүк социалдык, сугат обьектилер курул-бай калгандыгы баса белгиленген.

Токтогул ГЭСи 1975-жылдын 14-январынан баштап ишке киришкен. 1982-жылы эле ГЭС курууга жумшалган чыгымы акталгандыгы маалым. Ошондой болсо да токтогулдуктар ушул күнгө чейин артыкчылык статусундагы жеңилдиктерди талаптагыдай ала албай келет. Бул улуу курулуштардан улам жер тарып, жашоонун негизги булагы олуттуу бөксөргөндүгүн жашырууга болбойт.

Демек, бул ГЭСтин жана суу сактагычтын курулушуна токтогулдуктардын эбегейсиз зор салымы бар. Себеби, алар гектарлаган жайыттарын, турак жайларын, өсүп турган бак-дарактарын, мал кыштоолорун, кара топурактуу асыл жерлерин, жада калса ата-бабаларынын түбөлүктүү жайларында суу алдына калтырышып, боз топурактуу, суусуз адырларга жай курушуп, жашоого аргасыз болушкан.

Бүгүн биздин айталы деген арманыбыз ал эмес. Баарыга белгилүү болгондой, Токтогул районунун борбору Жалал-Абад шаарынан 330 чакырым, Бишкектен 286 чакырым алыс жайгашкан. Райондо бир шаар, 10 айыл аймагы бар. Бүгүнкү күндө жашоочулардын саны жүз миңге жакындап калды.

Кыштын күндөрү Чычкан капчыгайына кар көчкүлөр түшүп, Ош-Бишкек жолу 3-4 күндөп жабылып калган учурлар көп болот. Аны ачыш үчүн канчалаган акча каражаты талап кылынат. Бишкек шаарына жете албай же артка кете албай Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан келе жаткан жүргүнчүлөр канчалаган убаракерчилик тартышат.

Токтогул районунун элине артыкчылык статусунан тышкары тоолуу, алыскы стратегиялык аймак катары бир кезде «ИЛ-14» үлгүсүндөгү самолёт каттай турган. Токтогул районундагы аэропорттун тарыхы 1946-жылга барып такалат. 2-ноябрда түнкү саат үчтөн өткөндө мурда болуп көрбөгөндөй жердин силкинүүсү болуп, күчү тогуз баллга жетет. Андан 280 адам мерт болгон. Анын 180 адамы Шевченко айылындагы жатак мектептин окуучулары эле. Ал эми райондун борборуна жакын Ленин атындагы колхоздон он адам каза тапкан. Кулукеев Момункулдун үй-бүлөсүнөн сегиз адам шейит кеткен.

Ошол кезде партиянын Токтогул райондук комитетинин биринчи катчысы болуп Жумай Жылкыбаев экинчи ирет келип иштеп жаткандыгы айтылат. Бул олуттуу өзгөчө кырдаалды жогорку органдарга да ал кабарлаган. Көп өтпөй борбордон ошол кездеги Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы Төрөбай Кулатов, «Советтик Кыргызстан» гезитинин башкы редактору Насырынбек Жаналиев баш болгон атайын түзүлгөн комиссиянын курамы «Ил-14» менен учуп келишип, ал кездеги «Кайрыма» колхозунун маңдайындагы бош жаткан кең талаага конгон. Учак коно турган жердин таштары терилип, айланасына кызыл желекчелер илинип коюлган.

Келген комиссия мүчөлөрү токтогулдуктардын ал-абалы менен таанышып, урандыларда калган адамдарды издеп табуу бригадасын уюштуруп, жер титирөө келтирген зыяндар  эсептелип  чыккан.  Келтирилген зыяндарды тез арада калыбына келтирүү үчүн комиссиянын айрым мүчөлөрү кайрадан борбого учуп кетишкен. Кийин ошол учак учуучу тилкелер бетондолуп, ал жерге аэропорттун административдик имараты курулган. Анын алгачкы уюштуруучусу маркум С.Селиванов болгон.

Ар нерсеге бир нерсе себеп болот тура. Ошол боюнча өрөөндүн катаал климаты, унаа-жол байланышынын начардыгы эске алынып, Т.Кулатовдун кеменгерлигинен улам Токтогул районуна аба мейкиндигинен кеңири жол ачылып, элдин жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Бул аэропорт 1970-жылга чейин элге кызмат кылган.

1960–1970-жылдарда республиканын борборунан Фрунзе–Токтогул–Ош, экинчиси, Фрунзе–Талас–Токтогул  жана  Токтогул–Фрунзе каттамдары киргизилген. Ошол кезди бүгүнкү күндө сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес. Токтогулдуктар Фрунзе шаарына эртең менен учуп барып, зарыл иштерин бүткөрүп кайра учуп баса берише турган. Мына ушундан улам союздун айрым кереметтүү күндөрүн эстебей коюуга мүмкүн эмес.

Токтогул ГЭСи менен суу сактагычынын курулушу токтогулдуктарды жел менен жарыштырып, көлөкө кубалатып койбодубу. Ал үчүн архивдик айрым маалыматтарга токтолууга аргасыз болосуң. Токтогул райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1974-жылдын 10-июнундагы 228-чечимине окурмандардын назарын салып көрөлү. Бул чечимде райондук аэропорттун курулушуна жер участогун тандоо боюнча кагаздык материалдарын бекитүү жөнүндө маселе каралган. Бул маселе 1965-жылдан бери эле көтөрүлүп, бирок райондо сугат участокторунун тартыштыгына байланыштуу чечилбей келгендиги белгиленген. Акырында Кыргыз Республикасынын жарандык авиация башкармалыгы тарабынан бул өрөөндүн аймагынан учак менен сыноо, байкоо иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада белгиленген Тегерек участогунан биринчи жолу 49,12 гектар жер аянты бөлүнгөн. Анын ичинен 36,86 гектары айдоо, 6,45 гектары кайрак жер экендиги аныкталган. Бул чечимди бекитип берүү жагы Ош облустук аткаруу комитетинен суралган.

Ошол эле жылдын 23-майында аткаруу комитетинин 266-буйругунун негизинде атайын комиссия түзүлүп, төрагалыгына райондук аткаруу комитетинин председателинин орун басары Ж. Шекербеков дайындалган. Ал эми комиссиянын курамына ошол кездеги Бөкөнбаев атындагы совхоздун директору маркум М.Өмүркулов жана башка жетекчилер кирген. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ошол кездеги төрагасы В. Шалыгин, райондук аэропорттун башчысы К.Саламатовго курулушту көзөмөлдөө иши тапшырылган.

Анан  эмне  болду?  “Пландаштырылган «ЯК-40» учагы тоолорго урунуп калат, абага Токтогул шаарын эки жолу айланып учууга туура келет» деген негизсиз шылтоо менен аэропорттун курулушу токтотулат. Үч жыл катары менен аэропорт үчүн жер изделет. Токтогул райондук аткаруу комитети 1977-жылдын 8-апрелинде 105-чечимин кабыл алат.

Анда Токтогул шаарына караштуу жаңы аэропорттун курулуш участогу «Живпром» атайын чарбасына тиешелүү «Кайрак» участогуна которулуп, ал үчүн 55 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Чечимди бекитип берүү жагы Ош облустук аткаруу комитетинен суралган. Ошол эле күнү 17 адамдан турган комиссия курамы түзүлүп, төрагалыгына Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары А.Максимов, Токтогул райондук аткаруу комитетинин ошол кездеги төрагасы А.Козубеков баш болгон жетекчилер киргизилген. «Живпром» атайын чарбасынын директору Т.Турдумамбетов, Токтогул атындагы совхоздун директору М.Сарпашов жана башка борбордук, облустук өкүлдөр катышып, актыга кол коюшкан.

Курулуш планында көрсөтүлгөндөй, сметалык иш кагаздары даярдалып, «ЯК-40» учагына ылайыкталып, аэропортко бөлүнгөн жерлер, арык, аңдары тегизделип, толтурулуп таптоо иштери жүргүзүлө баштаган. Атүгүл аэропорт  үчүн  бөлүнгөн  жердин  актысы түзүлүп, 17 адамдын колу коюлуп, мыйзамдаштырылган.

Анан дагы эмне болду? «Достуктун көңүлү-бир татым насывай» дегендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандык авиация башкармалыгынын көңүлүн таба албай коюшат. Алар «Як-40» учагынын учушуна «Суу сактагычтын тосмосу, бөксө тоолор жолтоо болот» деп борборго кайтып кетишет. Андай болсо мурда В. Шалыгин мырза эмне үчүн кол койгон деген реалдуу суроо туулат.

Ошентип, миллиондогон сом сарпталган «Кайрак»  аэропорту  бүгүнкү  күндө  «Төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок» дегендей унут калтырылганы таң калаарлык. Болбосо учак коно турган тилкелери бетондолгон. Бүгүнкү күндө бир кезде үлкөн үмүт менен курулган темгил тилкелер өчүп, ээнсиреп турат. Мал жайытка айланган. Азыр белгилүү болгондой бул аэропорттун ченемине жараша учурула турган учактын ар кандай түрлөрү бар. «Як-40» учагы ошол кезде формалдуу эле көрсөтүлсө керек. Бүгүнкү күндө Токтогулда аэропортко ылайык учак тандалып, айрым административдик имаратын куруп койсо райондун эли үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу болмок. Кыштын күнү Ош, Баткен жана Жалал-Абад да учак каттамынан пайдаланышмак.

Кеп соңунда айтарыбыз, Токтогул – бул тоолуу, климаттык шарты оор, артыкчылык статуска ээ, Токтогул ГЭСи жана эң көлөмдүү суу сактагычы бар мамлекеттик стратегиялык аймак. Андыктан унут калган жарандык аэропортун эл кызматына кайрадан алып келүү керек. Бул жагын Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт ойлонуп, аэропорт ишке киргизилсе, токтогулдуктардын өчкөн үмүт оту кайрадан жанмак.

Исабек ТОКТОГУЛОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер