Кыргыз эл жазуучусу Зуура СООРОНБАЕВА: «Башкага бакыт издеген адам, бакытка өзү жолугат»

Зуура Сооронбаева – менин эң жакшы көргөн авторлорумдун бири болчу. Эженин чыгармаларын кайталап окугандан жадачу эмесмин. Автор менен жолугууну ар дайым самачумун. Ошентип жазуучу менен жолугуу бактысы буюрган экен. 2010­жылдын март айында үйүнө барып, жакындан таанышып, бет маңдай отуруп сүйлөшүп, маек куруп келгем. Өкүнгөнүм, эже менен сүрөткө түшүп албаптырмын. Белгилүү жазуучу Зуура Сооронбаева көзү тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Биздин гезит менен жашташ экен… Кара сөздүн Каныкейи аталган калемгерди эскерүү иретинде, биздин гезитке берген акыркы маегин кайрадан сиздерге сунуштоону туура көрдүм.

… Ага эч кимдин окшошкусу келбейт

–  Мен  сөздү  дароо  сиздин чыгармаларыңыздагы башкы  каармандар  тууралуу

баштагым келип турат. Себеби, “Астра гүлү”, “Жапайы розалар”, “Чоочун киши” деген  китептериңиздеги  Сапар, Майрамбек сыяктуу оң каармандарыңызды  сүйүп калууга болот. Сурайын дегеним, сиз өз турмушуңузда ошондой  адамдарды  жолуктурдуңузбу? Же алардын айрым мүнөздөрүн көркөмдөп сүрөттөп койгонсузбу?

– Албетте, турмушта ар кандай адамдарды  кезиктирүүгө  болот. Эгерде чыгарма жазууда алардын турган турушун эле сүрөттөп жазып койсоң, ал каарман эч бир окурманга таасир калтырбайт. Ага эч кимдин окшошкусу келбейт. Анткени, кичинекей бир аңгеме болобу, жомок болобу, окурман үчүн пайдалуу, сабак боло турган бир нерсе болуусу шарт. Аны окуган адамдар бирөөлөргө жакшылык жасаганга үйрөнүш керек. Себеби, тарбия мына ошол чыгармадан келет.

– Мындан бир канча жыл мурун: “Менин жазган эмгектеримдеги оң каармандардын бардыгын турмуштан алып жазам,  алар  азыр  да  бар. “Астра гүлүндөгү” Сапар менен Гүлкандын образын берген жубайлар Ак­Талаада турушат”, – деп айтканыңызды бир гезиттен окудум эле. Эгер, ошондой болсо алар сиз менен байланышып турушабы?

– Бардык нерсе чыныгы жашоодон алынып жазылары бул турмуштук чындык, кызым. Болгону аны көркөмдөп, асемдеп жазасың. Ал эми сен сурап жаткан жубайлар чын эле болгон. Балким, азыр да көздөрү тирүүдүр. Башкаларга үлгү болуп, балдарына насаат айтып жүрүшкөндүр. Бирок, “Астра гүлү” жазылгандан бери канча жыл өтүп кетти. Биз байланышпай калдык. Анын үстүнө Караколдо туруп калдым.

Бай жерге жалгыз келин болгом

– Зуура эже, сиздин китептериңизди кайталап окусам да, биринчи жолу окуп жаткандай куштарланып окуганымдын дагы бир себеби, сиз ар дайым кайын эне менен келинди эне­баладай ынак кылып чагылдырып бересиз. Мунун да чоң себеби болсо керек?

– Тилекке каршы, менин багыма өз кызындай көрүп, жакшы мамиле жасаган кайнене жазылбаптыр. Силер ойлогондой энеге келин болгон жокмун. Барган жеримде жаңы келин болуп көпкө да кызмат кыла алган жокмун. Аябай бай жерге, жалгыз келин болуп баргам. Алар байлыгына, мүлкүнө чиренип жашаган бүлө болчу. Жолдошум экөөбүз аз эле убакыт чогуу жашадык. Мунун биринчи себеби, экөөбүз да келишип жашай албай койдук. Кичине өңү-башыңа карап, жакшынакай кийинип жүрөйүн десең эле: “Иий эмне болду? Кимге жасанып, кимге көрүнөйүн деп жатасың?”,-деп  эле  уруш  чыгара берчү. Экинчи себеби, кайненем дагы биздин очогубуздун отун өчүрбөй сактап калуу үчүн эмес, тескерисинче очоктун күлүн асманга сапырганга маш болуп чыкты. Адамдын жакшы жагын байкабай эле, жамандай берсе адамга жаман тура.  Анын  үстүнө  мени  аларга таеке, тажеңелерим кыйнап, кыстап жатып эле макулдатып берип коюшкан болчу. Ал эми, өзүмө жакпаган адам менен өмүр сүрүү менин оюма келбеген иш эле. Ошентип, ар кандай талаш-тартыштардан улам, кош бойлуу кезимде экөөбүз ажырашып кеттик.

– Курсагыңызда бала бар экенин билип туруп, жолдошуңуз ошол чечимиңизге макул болду беле?

– Мен болбой эле кетип калдым. Артымдан  келип,  кайра  жашайбыз деп жүрдү. Бирок, ага көнгөн жокмун. Кийин ай күнүмө жетип, эркек бала төрөдүм. Анан менин атамдын бир иниси (ошол кезде Саламаттыкты сактоо министри болчу) шаарга окууга алып кетип калды.

Талашка түшкөн кыз болчумун да

– Сизге Аалы Токомбаев сөз айтса, макул болбой койгон дешет го. Эгер, ошол чын болсо эмне үчүн агайдын сунушун четке кагып койдуңуз эле?

– Аалынын артымдан чуркап, сөз айтканы да чындык. Ал эми, ага макул болбогонумдун себеби, ал мага жакчу эмес. Ошондуктан, ага турмушка чыккан эмесмин. Дегеле, жаш чагымда менин артымдан чуркабаган, мени сүйбөгөн, жакшы көрбөгөн адам калган жок. Мен тим эле талашка түшкөн кыз болчумун да. Бой тартып чоңойгону эле биздин айылдын, коңшу айылдын апалары: “Зуурадай кыз табылбайт. Зуурага биз куда түшөбүз”, – дешип таяке жактагы туугандар да, башка куда-сөөктөр да мени көрсө эле талашып: “Бизге келин болуп калса го”, – дей беришчү. Анда апам: “Зуура менен сүйлөшкүлө. Өзү эмне дейт экен. Сунушуңарды кабыл алат бекен? Макул болсо, азыр эле алып кете бергиле”, – деп койчу. А мен болсо эч кимисине баш ийген эмесмин. Анан акырында апамды да, мени да алдап-соолап жатып, күйөөгө беришкен. Өзүм элестеткенден башкача тагдырга, бөлөкчө турмушка туш болдум. Убакыт өтөт экен, өмүр өтөт экен.

– Ушундай окуялардан кийин чыгармалар жарала баштаган турбайбы?

– Ага чейин деле жазып жүргөм. Бирок, негизги чыгармалар, негизги проблемалар мына ошондон кийин жазыла баштады.

– Баятан бери биз менен чогуу отурган Зыйнат (Зуура эженин небереси): Энем биз үчүн эч нерсеге татыгыс, теңдешсиз адамыбыз. Себеп дегенде, бизди Зуура апам тарбиялап өстүрдү, биз өз баласындай элебиз. Мен да, Салават авам да  энебизди  жаныбыздан  артык көрөбүз.

Жакшы кайнене болууга милдеттүү элем

– Сизге ушул суроону берүүгө ар  дайым  ашыкчу  элем. А  өзүңүз  кандай  кайнене элеңиз?

– Мен колумдан келишимче жак-шы кайнене болууга аракет кылдым. Уулум Абдыкерим ушунчалык маңдайы жарык, кең пейил, боорукер, ченде жок берешен, жаркылдаган кызга үйлөнүп, мени чексиз бактылуу кылган эле. Тагдырга баш ийбеске айла жок тура. Света менин биринчи да, акыркы да сүйүктүү келиним болуп кала берди. Өмүрү кыска экен. Бул жарык жашоо менен эрте коштошуп, балдарынын чоңоюп, киши болгонун көрбөй өтүп кетти. Ылайым келинимдин жаткан жери жайлуу болсун. Мен Светанын дегеле кабак-кашы бүркөлгөнүн көргөн жокмун. Качан көрбө, көңүлү көтөрүңкү, маанайы ачык, маңдайыңа жагылган шам чырактай жарыгын тийгизип турчу. Жасаган тамагы, башка үй жумуштарын аткарганы, мейман күтө билгени боюнча алдына эч кимди чыгарбас эле. Ага башкалардын баары суктанчу. Аны көрүп, билип, туюп ого бетер эт жүрөгүм элжиреп кетчү. Азыр ошол Светам жарыкка алып келген неберелерим менен бирге турам. Башта Караколдо элем. Эки жылдан бери сыркоолоп шаардамын.

–  Сиздин  бул  жакта  экениңизди кышында Караколго барганда билдим.

– Зыйнат: Айылдагы үйдө Рекс деген чоң итибиз бар. Ал энемди көргөндө тим эле бир орунга тура албай, кайсалактап, ойноп, ары жүгүрүп, бери жүгүрүп эркелейт. Караанын алыстан көрсө алдынан тосуп чуркайт. Ошого тамак куюп берейин деп үйдөн чыгып келе жатса, тепкичтен түшкүчөктү этегине жармашып, чалынтып ийип катуу жыгылган. Мурун да бир-эки сапар ошол иттин айынан жыгылып, бирок, бат эле жакшы болуп калган. Бул жолу катуу жыгылып түшүп, эки жылдан бери өзү баса да, тура да албай калды, – дейт сөзгө кошула.

– Зуура эже, бойго жеткен кыздарга, келечекте кайнене менен оңой тил табышып, бактылуу жашоонун кандай жолдорун кеңеш кылып айта аласыз?

– Эң башкысы, кыз барган жерин сыйлаш керек. Улууга тик карабай, кичүүгө да сый көрсөтө алган ийкемдүү, сылык, кимдин гана болбосун оорун колдон, жеңилин жерден ала коюп жүрсө, ал алкоого татып, элдин батасына арзыйт. Ошондой эле, келиндин кайнене менен ынак, сырдаш, жандаш болуп кетүүсү кайненеге да байланыштуу. Ал акылдуу болсо, адамгерчиликтүү болсо,  сенин  жакшыңды  айтып, катаңды билмексен болуп коет. Кыргызда: “Кара кыздын агынан эмес, багынан” дейт эмеспи. Ошол сыяктуу ылайым Жараткан кыздарыбыздын баарына бак-таалай берсин. Мен да Зыйнатыма, башка уул-кыздарыма деле бирөөгө жаман ойлобогула, тескерисинче  колуңардан  келген жардамыңарды аябай, менде болгон анда да болсун дегиле дейм. Себеби, башка бирөөгө бакыт издеген адам, чыныгы бакытка өзү дуушар болот деген жакшы сөз бар.

–  Куш  уядан  эмнени  көрсө, учканда  ошону  алат  деп коет.  Сиз  атаңыз  менен энеңизден өзүңүзгө эмне ала алдыңыз?

– Менин атам да, апам да абдан жакшы кишилер болушкан. Аны биздин айылдыктардын баары жакшы билишет. Ошолордун кең пейилдигин, ак көңүлдүгүн, марттыгын жана башкаларын үйрөндүм го. Аны неберелериме да үйрөтүп келем. Атайын атам менен апамдын жаркын элесине арнап, алардын кулк мүнөзүн, жасаган иштерин, дегеле коомдогу ата менен эненин коомдогу орду жөнүндө “Ата да – Мекен, Эне да – Мекен” деген чыгарма жазып жаттым эле. Бул китебимде өзүмдүн жеке турмушумдагы, башкалар билбеген сырларым дагы бар. Азыр убактылуу токтоп турат. Эми анын акыркы чекитин качан коем, бул менин ден соолугума байланыштуу болот го.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”, 2010-жыл, 5-март