«Тармактык маркетингден пайда тап» деп тажаткандар

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулуу, «Кыргыз Туусу»


Соцтармакта отурган адамга «Саламатсызбы!» деп учурашкан адам, сылык жооп алган соң, «кошумча пайда табууга кызыгасызбы» деген суроону салат. «Болду-болбоду тармактык маркетингден сунуш болот» деген ойго келесиң. Чындап эле баарлашууну андан ары улантса, тармактык маркетинг компаниясына чакырат. Мындай жагдайга көп эле адамдар туш болсо керек. Ал тургай учурда ”Жаш улан-кыздарды жумушка чакырабыз”, ”Пенсионерлер үчүн жумуш”, “Жетекчилик кызматка адам керек» ж.б. ушуга окшогон жарнамалар карагайларга чапталып, интернет беттеринде жайнап кеткен. Алардын дээрлик көпчүлүгү тармактык маркетинг менен алектенген компаниялардын жарнамасы. Ал аңгыча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши тармактык маркетинг боюнча фатва чыгарды. Ага ылайык, шариаттык эрежелерге дал келбегендиктен тармактык маркетингдин анын түрлөрүнө тыюу салынып, арам деп табылган.

Жумуш сунуштап, тынчыңды алган «тыңдар»

Учурда Кыргызстанда «Сейф бизнес», «Сибирское здоровье», «Amway», «Гербалайф», «Тяньши”, ж.б. толгон-токой ишканалар тармактык маркетинг жолу менен ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Алар дары-дармек,  косметика,  турмуш-тиричилик ж.б. буюмадарды сатат. Мындан бир жыл мурун Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жоон топ тургундары түйүндүк соода менен алектенген “Сатылык” компаниясына каражаттарын алдатып жиберишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Албетте, соода-сатык кылгандын эч жаман жагы жок, бирок белгиленген бир суммага товар сатып алып, андан кийин артынан бир канча адамды жаздырып, ошондо гана пайда табууга багытталганы адамдардын каражатынан кол жууп калуусуна жол ачат. Анткени, канча адам чакырсаң, ошончо адамдан тиешелүү деңгээлде пайызынан дагы пайда табуу каралган. Булардын товар сатуу, жаңы адамдарды чакырууга багытталган системасы бир аз айырмаланганы менен негизинен алганда баарыныкы эле окшошуп кетет.

Айрым  тармактык  маркетинг  менен алектенген  компаниялар  учурда  эстрада жылдыздарын өздөрүнө жаздырып алып, алардын жарнамасы менен кеңири журтка жеткирүүдө. Эстрада жылдыздарынын күйөрмандары артынан жазылып, алар эч кандай чыгымга учурабайт. Ал эми андан бир канча баскычтан кийин жазылгандар аркасынан эч кимди жаздыра албай, акчасынан кол жууп калышат.

Албетте, товар алып жатпайбы деген актануу болушу ыктымал. Ушул жерден тактап кете турчу жагдай, компаниянын товары чынында эле абдан сапаттуу болушу ыктымал, бирок жарандар ал товарларды кийин пайда табуу максатында гана сатып алып, компанияга жазыла турганын эске алып коюшубуз керек.

“Сейф бизнестен” тажаган жана аны таанымал кылган эстарада жылдыздары

Маселен, учурда кыргызстандыктарга таанымал болуп калган «Сейф бизнес» компаниясы аябай кулачын жайды. Аталган компания 1992-жылы туулган Бакыт Аалиев деген жигит тарабынан эки жыл мурун ачылган. Бул компаниянын иштөө системасына назар салып көрсөк, кимде-ким «Сейф бизнес» компаниясына мүчө болуп иштегиси келсе, 15 миң сом төлөп, бул каражатка компаниянын товарын сатып алат. Эгерде пайда табууну каалагандар болсо, алар өзү менен кошо 5 кишини жаздырышы керек. Ошондо 6 киши 15 миңден 90 миң сом компанияга төлөөсү абзел. Албетте, эч кимди эч ким мажбурлап 15 миң төлөп, ушул компанияга кир дебейт.

Бул компаниянын тез эле кулач жайып кетишинин себеби, бир топ эстрада жылдыздары жазылып, жарнамалап жатканында. Алардын күйөрмандары кошо жазылып отуруп, учурда бул компания менен байланыштуулардын жалпы саны 40 миңге чукул адам. Макала даярдалып жаткан учурда “Сейф бизнес” компаниясынын жетекчиси качып кетиптир деген маалымат угуп, өзүнө байланышууга кылган аракетибизден майнап чыкпады. Компанияга бул суроо менен кайрылганыбызда Бакыт Алиев Түркияга продукция алып келгени кеткенин билдиришти. Алардын айтымында жакында Урмат менен Нелянын концертине карата компания атайын продукция чыгарган экен. Баса, аталган кош жылдыздын концертин да ушул компания каржылай турганы белгилүү болду.

Ошондой эле бир канча ырчыларга байланышып, тармактык компания тууралуу пикирлерин билүүгө аракет жасадык. Добр деген лакап ат менен чыгып жүргөн репер Адилет “айланадагылар тажатып сунуштай бергендеринен эле аталган компанияда иштейм деп айтып коем” деп билдирди. Ал эми алып баруучу Назира Жетигенова менен байланышканыбызда, компанияга жазылып койгонун, бирок иштегенге убактысы жок экенин маалымдады. Ал эми аталган компанияда активдүү иштеп жатат делинген эстрада жылдыздары Гүлжайна Атаканова менен Самара Каримовага байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эбин тапса, эмгектин жаманы жок

Өткөн кылымдын орто ченинде Ли С. Митингер и Уильям С. Касселберри аттуу эки киши тарабынан алгачкы жолу тармактык маркетингдин усулдары колдонулган. Жалпы эл ичинде кеңири тарап, 50-жылдары American Way Corporation(Amway) атында ири компания ачылат. Учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө мындай соода кылуу жолу кеңири жайылтылган. Ал өлкөлөрдө тармактык маркетинг жолу менен соода кылуунун негизги максаты – товарды сатуудан пайда көрүү эмес, көбүнчө ортомчу сатуучулардын санын көбөйтүү аркылуу пайда көрүү.

Тармактык маркетингде иштейт деген бир нече адамга кайрылып, пикирин сураганыбызда, баары сүйлөшүп алгандай “иштеген адам – натыйжа, жалкоолор – ушак чыгарат”, “жамандагандар – иштей албай кетип калгандар, биз, Кудайга шүгүр, иштеп, жума сайын чоң акча алып жатабыз” деген сыяктуу сөздөрдү айтышты. А бирок, убакыт жок экендигине шылтап, суроолорубузга толук жооп берүүнү каалашкан жок.

Чынында, “иштеген адам тиштейт”, “кыймыл кылган адам кыр ашат” деп коет эмеспи элде. Анын сыңары, аталган компанияларда окутуу программасы абдан күч. Айрым учурда окутуу бекер, кээ бирлери акча төлөп окутушу ыктымал. А бирок, адамды ынандыруу, өзүңө ишендирүү ж.б. багыттагы мотивациялык сапаттарды, көпчүлүктүн кебине маани бербеш керектигин ж.б. мыкты үйрөтүшөт.

Жыйынтыктап айтканда, албетте, продукциясын сатып алып пайдасын көрсө, иштеп каражат тапса болот. А бирок, тез эле байып кетем деген ишеним менен кирбеш керек. Анткени, бирөөндө мындай тармакта иштөө шыгы бар, башкасында ал нерсе жок болушу ыктымал. Анын үстүнө аталган компаниялар жумушка алып жатканда эч кандай эмгек келишимин түзүшпөйт.

Айтгул Туляк кызы, Россия:

– Q-NET деген кайсы бир жылдары Кыргызстанда аябай өнүккөн тармактык бизнес болчу (2013–2015-жылдары адашпасам). Айрыкча Кыргызстандын түштүк жергесинде. Ошол компанияга “сууга салып койсоңуз сууну тазалап берет. Крем, шампунь эмне болсо дагы куюп туруп сааттын жебесине каршы айландырса таптаза кылып берет. Кайсы жериңиз ооруса ошол жерге коюп жатса оорубай калат” делинген био-диск деген буюмун 50 миң сомго сатып алып, киргем. А дегенде эле 2 жума окутушту (кычырап кийинесиң, анан коомдо өз орду бар, көзгө көрүнгөн адамдын психологиясын уурдайсың ж.б.у.с). Үйрөндүк. Ал тургай 6-7 ай иштеп артыман бир кызды алып кирдим (азыр аябай өкүнөм). Ошондо бир адам жаздырганым үчүн артымдан, 1600 сом акча алдым. 200 сом компания кармап калат экен. Интернет желесинде 99 жылга берилген офисиң болот, ошону вирустардан коргоп берет деп кармап калган.

Кызыккандар көбөйүп киребиз деп калган учурда токтоттум. Токтотушума атам себепчи болду. Кызым, бул ишиң болбойт деп көп жолу айтты. Анан ойлонуп көрсөм чындап эле болчудай эмес. Себеби, кредит алып киргендер толтура болчу. Үйдөгү малдарын сатып кир-гендер андан көп. Мен ал бизнестен эч байыган жокмун.

Кирген кишилерди карасаңыз, 80-90 пайызы таанымал кишилер. Себеби, алар бизнеске чакырса эл угат. Менин артыман кирген тайпалашым ошол бизнестин артынан окуусун таштап Россияга кете берген. Себеби, бирөөдөн 50 миң карыз алып кирген болчу. Мен өзүмдү аябай күнөөлүү сезип жүрөм.

Инаш Азим, Түркия:

– Кыргызстанда акыркы кезде ушул маркетинг аябай көбөйүп кетти. Мен Кыргызстанда бул эки нерседен улам болуп жатат деп эсептейм. Биринчиси – бул жан дүйнөнүн боштугу. Адамдардын жан дүйнөсү бош, аны маданият, адабият жана дин, адеп-ахлак сыяктуу башка рухий азыктар менен толтура албагандар ушул тармактык торго берилип кетишти. Анткени ошол тармактык маркетингде жүргөндөр кадимки секталардай эле ошол нерсенин туура экендигине ишенип калышкан, өз көз караштарын туура деп эсептешет, эч сын пикир кабыл алышпайт. Экинчи себеп – биздеги жумушсуздук. Жумушсуздуктун айынан да ушул тармактык маркетингге берилип кетип жатышат. Ошондуктан азыр бул соодага берилип кеткендер бизди социалдык желекчелерден да жазып аябай тажатышат. Анткени өздөрү ошол тармактык маркетингге өтө ишенип алышкан. Алардын негизги жашоо образы ошол болуп калган. Тармактык маркетинг же көп деңгээлдүү тармактык маркетинг – бул пирамида, башкача айтканда үстүндө тургандар эле байып, кирешенин эң чоң үлүшүн алып кете берет. Ылдыйда чуркагандар, жаңы кошулгандар эзилип жүрө берет. Ошондуктан бул нерсе дин боюнча алып караганда да туура эмес. Элимди бул алдамчы тордон алыс болууга чакырам.