Кыргызстандык Семетей Төлөгөнтегин 1-орунга чыгып, алтын медаль тагынды

Кыргызстандык Семетей Төлөгөнтегин Россиянын Челябинск шаарында өткөн шахмат боюнча фестивалда 1-орунду багындырды. Челябинск шахмат мектебинен билдиргендей, С.Төлөгөнтегин А турниринде 10 эл аралык чеберлердин жана гроссмейстерлердин арасында беттешке чыкты. Турнир айланма системасында өктөн. Кыргызстандык спортчу 9 беттеш өткөрүп, төртөөсүндө жеңип, беш жолу тең чыкты. Мелдештин жыйынтыгында 6,5 упай алган С.Төлөгөнтегин 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Анын атаандашы сербиялык Мирослав Тошич кошумча көрсөткүчтөр боюнча жеңишти кыргызстандык спортчуга алдырып, 2-орунду ээледи. Коло медалды россиялык Артем Фролов утуп алды.