Жол кырсыгын шарттаган жагдайлар

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Бишкек шаарындагы жолдорго коюлган видеобайкоо аркылуу 38 893 жол эрежесин бузуу катталып, анын ичинен айып пул салынган 13 371 жаран 18 миллион 809 миң 250 сом төлөгөн. Эгер 50 пайыздык арзандатууну эске алганда жол эрежесин бузгандардын орточо айып пулу 1400 сомду түзгөн. Жол эрежесин бузгандардын 34%ы айып пулдарын төлөгөн, калганы азыркы күнгө чейин төлөй элек.

Июль айынын экинчи декадасынан тартып айып пулдарды өз маалында төлөбөгөндөргө карата туум жазылып, автоунааларын айып жайларына коюу жана башка механизмдер менен сот ат-каруучулар айып пулдарды төлөтө баштайт.

Дагы 28 көчөнүн кесилишине жана жолдорго видеобайкоо коюлса, жол эрежесин бузгандардын саны мындан да жогору болору анык. Акыркы мезгилдердеги жол кырсыгын азайтууну көздөп, жолдорго видеобайкоону орнотуу республиканын  бардык  аймактарында жүргүзүү мерчемделүүдө. Жогорудагыдай көрсөткүч автоунаа айдоочулардын дээрлик көпчүлүгү жол эрежесин бузуу менен айдашарын айгинелейт жана буга чейин басма сөздө айдоочулук күбөлүктөрүн берген мекемелердин мыйзам бузуу  менен  жең  ичинен  берилген күбөлүктөрү  тууралуу  чыккан маа лыматтардын орундуу экенин тастыктайт. Кээ бир жол кырсыгындагы адамдык фактордон сырткары, мындай жагдайдын жаралышына, дегеле жол кырсыгынын көбөйүшүнө биринчи кезекте айдоочулук күбөлүгүн берген мекемелер себепкер.

Жол кырсыгынын кесепеттерин алдын алууда жол боюна видеобайкоо орнотуу жакшы натыйжа берерин өзгөчө Суусамыр өрөөнүндө 2 жерге коюлган камерадан улам жогорку ылдамдыкта айдаган айдоочулардын камерага түшүп калбайын деп ылдамдыгын азайтканынан жана шаардагы коомдук транспорттун айдоочулары көбүрөөк каражат табууну көздөп, жолдо ой-келди токтотпой калганынан баамдасак болот.

Төө-Ашуу тоннелинин Бишкекти карай чыга беришиндеги экинчи, үчүнчү кайрылыш айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн кар жааган учурда опурталдуу экенин кыш мезгилинде ал жолдон өткөн ар бир адам билет. Нооруздан кийинки ашууга түшкөн кардан жол тыгыны пайда болуп, бир сааттай жүргүнчүлөр жолдо кармалды. Бишкек-Ош жолу түндүк менен түштүктү бириктирген негизги авто унаа жолу болгондуктан анда оор жүк ташыган жана жеңил автоунаалардын агымы тынымсыз. Ашуудагы ошол жол тыгынында жолдо төрт катар автоунаа тизилди. Бир катарында жалаң оор жүк тарткан автоунаалар. Кар ээрип, жол тайгалак болуп, оор жүк тарткан бир автоунаа өргө тарта албай жолду тороп калыптыр. Дөңгөлөк алдына туз, кум чачып жатып, аны араң жолдун четине чыгарышты. Анысы аз келгенсип, жолго туз чачкан самосвал да жолдун тең ортосуна токтоп, ого бетер тыгынды жаратты.

Ошол жердеги тыгынды башкарган МАИ кызматкерлери оор жүк ташыган автоунааларды тоннелден чыкканда эле токтотуп, алгач жеңил автоунааларды бир беткей коё берсе, мүмкүн мындай коопсуз жагдай жаралмак эмес. Эгер, ошол жолдун жээгине чейин төрт катар тизилген машиналардын арасындагы бир эле оор жүк ташыган машина тайгаланса, жанында үч катар тизилген жеңил машиналарды тоодон ылдый шыпырып түшмөк. Тилекке жараша, жолдо кырсык катталбай, айдоочулар да, жүргүнчүлөр да андан ары жолун улады. Андан да МАИчилердин тоодогу ыркыраган шамалдан жанын ала кача машинага кире качканы көпчүлүктү таңгалдырды. Жолдогу кар түшкөн тайгак жер анчалык деле узак болбогондуктан аны тазалаган кызматтар эмнеге туз менен кумду өз убагында  чачкан  эмес  деген  суроо жаралбай койбойт. Андыктан видео-байкоочу камераларды Төө-Ашуунун дал ушул кайрылыштарына жана Ала-Бел ашуусуна коюу да ашыкча болбойт. Эгер камера орнотулса мүмкүн айдоочулар жол эрежесин сактап, мындай төрт катар тизилбей, бир-эки катар тизилип опурталдуу жагдай жаралмак эмес…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *