Европадагы өнөктөш мамлекетке сапар

Кечээ Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга эки күндүк расмий иш сапары башталды.

Кечээ С.Жээнбеков Германиянын Мюнхен шаарында Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча Мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушту.

Сооронбай  Жээнбеков  жолугушууда кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү деңгээлине канааттануу билдирди, эки тараптуу соода-экономикалык өз ара мамилелерди активдештирүү жөнүндө айта келип, айыл чарбасы, туризм, гидроэнергетика тармактарында, энергиянын жаңыланма булактары жана тоо-кен чөйрөлөрүндө Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи.

Ал Германия экономикасынын кезектеги Үчүнчү күндөрүн 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды. Ал германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестициялоого чакырып, бүгүн бизнес-форумдун жыйынтыктары боюнча ишкер чөйрөлөрдүн өз ара алакаларын кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюларын кошумчалады.

Президент Кыргызстан менен Конрад Аденауэр жана Фридрих Эберт атындагы фонддор жана Ханс Зайдель атындагы фонддун ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыкты белгиледи. Ханс Зайдель атындагы фонд Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу жана

өз алдынча башкаруу чөйрөлөрүндө карларды даярдоо маселелери боюнча долбоорду ишке ашырып жатканын, 2002-жылдан тартып, Фонд аркылуу Кыргызстанда 2 миңден ашык стипендианттар билим алышканын айтты.

Мамлекет башчы демократиялуу жана укуктук мамлекет катары Кыргызстан алга карай ишенимдүү кадам менен баратканын баса белгиледи. Өз өлкөсүндө жүрүп жаткан кайра өзгөртүүлөр, реформалар, 2020-жылы боло турган кезектеги парламенттик шайлоолор жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор жөнүндө кыскача айтып берди.

Ал бүгүн Евробиримдик менен кызматташуунун жаңы стратегиясы даярдалып жатканын, ага 2019-жылдын июль айында ЕБ дипломатиясынын башчысы Федерико Могерини менен бирге кол коюу күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой  эле  саясий  байланыштарды активдештирүү, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ВСП+ алкагында Кыргызстанга көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды. Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүүгө, кооперативдерди жана туризмди өнүктүрүүгө, ЕБ алкагында кызматташууга, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөдө жашыл технологияларды өнүктүрүү боюнча Биргелешкен фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн кароого өзгөчө көңүл бурулду.

Маектешүүнүн аягында Президент Флориан Херманнды жана Бавария жетекчилигин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келүүгө чакырды.

Андан кийин Германияда иштеп, жашап жатышкан кыргызстандыктар менен да жолугушту.

Бүгүн Берлинде Президент С.Жээнбековдун ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары пландаштырылган. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель билдирүү жасашмакчы.

С.Жээнбековдун Германияга расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *