Өкмөттүн өткөн жылдагы өрүштүү кадамдары

Темирбек АЛЫМБЕКОВ “Кыргыз Туусу”


Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө Премьер-министрдин отчетун канааттандырарлык деп тапты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баяндамасында айтылгандай былтыркы жылы Кыргызстандын экономикасында бир кыйла жылыштар болгону байкалат. Айрыкча экспорттун көлөмүнүн өсүшү, өнөр-жай, айыл чарба тармактарында логистикалык борборлордун, кайра иштетүүчү ири ишканалардын киргизилиши, бажы тармагынын киргизген кирешесинин жогорулашы көңүл көтөрбөй койбойт. Төмөндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баяндамасынын урунттуу жерлерине токтолобуз.

Максат – Кумтөрдөн көз карандысыз экономиканы куруу

«Өкмөттүн милдети – Кумтөр кенинен көз карандысыз экономиканы куруу», – деп билдирди Премьер-министр.

«Биринчиден, экономикабыздын Кумтөр алтын кенинен көз карандылыгы тууралуу билдирсек, биздин пикирде, бул – өлкөнүн экономикасын башкарууда өткөн жылдардын эң чоң катачылыгы, анткени өлкө экономикасы менен бирге социалдык маселелер да Кумтөргө байланып калган. Бүгүн Кумтөрдүн ишине ар түрдүү баа берсек болот. Сөз жок, бул долбоор 20 жылдан ашык аралыкта өлкөнүн экономикасын кармап турууда тарыхый роль ойногон. Бирок экономиканын альтернативдүү башка тармактарын өнүктүрүүгө тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай калган», – деди ал. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кумтөр эртеби-кечпи өзүнүн ишин токтотот, ошондуктан Өкмөт азыртадан тартып комбинаттан калуучу экологиялык жана социалдык көйгөйлөр мамлекеттик бюджетке залакасын тийги-зип, оорчулук келтирбешинин үстүндө ойлонушу керек.

Кен казынасы, энергетика тармагы

Өкмөт башчы ошондой эле кен казынасы менен энергетика чөйрөсүндөгү системалуу көйгөйлөргө токтолуп, бул тармактар ата-мекендик экономикадагы стратегиялык багыттар катары каралаарын баса белгиледи. «Учурда, энергетикалык сектордун карызы 102 млрд. сомго чыкты – бул мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымынан көбүн түзөт.

Быйыл биз бул карыздын 4,6 млрд. сомун төлөшүбүз керек, ал эми карыз төлөөнүн чокусу 2025-жылга туура келип, 10,3 млрд. сомго чыгат. Ал эми бул өлкөнүн экономикасына эң чоң оорчулукту алып келип, казынабызга чоң жүк түшүрөт», – деди М. Абылгазиев.

Бардык иштин башатында айыл чарбасы турат

Премьер-министр айыл чарба тармагында уюштуруу системасынын жоктугу (чар-жайыттык), жүз миңдеген чарба жүргүзүүчү майда субъекттер, майда товардуулук, продукцияны өндүрүү – кайра иштетүү сатуу чынжырында инновациялык агромаркетинг инструменттеринин жоктугуна алып келип жаткандыгына токтолду. «Айыл чарбасын өнүктүрүү – Өкмөттүн башкы артыкчылы-гы, аймактардын социалдык бакубатчылыгынын негизи, элибиздин иш менен камсыз болушу жана өлкөнүн тамак-аш коопсуздугунун уңгусу экендигин белгилеп кетем. Өлкө аймактарынын социалдык-экономикалык инфраструктурасынын начардыгына, бардык мүмкүнчүлүктөрдүн жана туризм потенциалынын толугу менен пайдаланылбай жатышына басым жасоо зарыл. Бул факторлор Кыргызстандын экономикалык жана соци-алдык өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Бюджет тартыштыгы азайып, бажы кирешеси өскөн

2018-жылы  бюджеттин  тартыштыгы 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 10,7 млрд. сомго азайган. Өкмөт башчынын айтымында, 2018-жылы республикалык бюджетке салыктык кирешелер 2017-жылга салыштырмалуу 13,2 млрд. сомго көп чогулган. Мамлекеттик бюджетке салык кызматынан – 79,6 млрд. сом түшкөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 6,1 млрд. сомго көп. Бажылык түшүүлөр 41,7 млрд. сом, же 2017-жылга салыштырмалуу 7,5 млрд. сомго көп топтолгон. Башкача айтканда бажы кирешеси 22 пайызга өскөн. «Бюджеттин кирешеси – 135,4 млрд. сомду түзсө, ал эми чыгашасы – 142,7 млрд. сомду түздү. Ошентип 2017-жылга салыштырмалуу дефицит 10,7 млрд. сомго азайды”, – деди М.Абылгазиев. “Мындан тышкары ички булактардан түшкөн кирешебиз көбөйдү, алардын эсебинен бюджеттин күнүмдүк чыгымдарын толугу менен жабууга мүмкүн болду. Калган финансылык каражаттар, анын ичинде мамлекеттик тышкы инвес тициялар экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болгон долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды»,- деди ал.

ИДП өсүшү 3,5 пайызды түздү

Ошондой  эле  Өкмөт  башчысынын баяндамасында 2018-жылы ИДПнын өсүшү 3,5 пайызга жеткендиги айтылды. Ал белгилегендей, өсүш төмөнкү тармактар аркылуу камсыз кылынган: курулушта — 7,8, өнөр жайында — 5,5, айыл чарбасында — 2,7, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө — 2,1 пайызга өсүү болгон. «Тышкы карыздын үлүшү ИДПга карата 53,1 пайыздан 48 пайызга түшүрүлдү. Баса белгилей кетсек, макроэкономикалык туруктуулук биринчи жолу чет элдик жардамдардын же сырттан келген финансылык каражаттардын эсебинен эмес, өзүбүздүн колдо болгон бардык ресурстарды иштетүүнүн жана мамлекеттик ашыкча чыгымдарды кыскартуунун эсебинен жетишилген», – деди Премьер-министр.

10 ири, 250 чакан жана орто ишкана ишке киргизилди

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, тышкы соодада туруктуу тенденция сакталды. «2018-жылы республика дүйнөнүн 143 өлкөсү  менен  соода-сатык  мамилелерин жүргүздү, экспорт 93 өлкөгө чыкты. Тышкы соода жүгүртүү 6,7 млрд. долларды түзүп, 6,6%га көбөйдү. Анын ичинде экспорт 1,8 млрд. доллар, импорт 4,9 млрд. долларды түздү. 2018-жылы өлкөдө 10 ири ишкана жана 250дөн ашык ар түрдүү тармактагы чакан жана орто ишканалар ишке киргизилди. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорт 5%га өссө, импорт 4,7%га азайган.

Ошондой эле чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 млн. долларды түзүп, инвестициялардын чыгып кетиши 27,7%га азайган.