Борборазиялык бешилтиктин саммитине карата: Аккан суу – жер, ааламды баккан суу

 Назарбек БАЙЖИГИТОВ, “Кыргыз Туусу”


Быйыл Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу болот. Бул саммитте коңшулаш беш өлкөнүн лидерлери башкы темалардын бири катары чек аралык дайраларды пайдалануу боюнча маселени кароосу күтүлүүдө.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери региондогу ички көйгөйлөр туу­ралуу жогорку деңгээлдеги трибунадан алгач ирет Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын ар кандай окуялары менен эсте калган 73-сессиясында көтөргөн. Бул Борбор Азия үчүн тарыхый сессия болду. Бир нече баяндама удаа-удаа эле регион үчүн өтө маңыздуу тема – суу-энергетика көйгөйлөрүнө арналды.

«Кыргыз Республикасы үчүн сууну пайдалануу маселелери өтө маанилүү. Акыркы он жылдагы Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу практикасы жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгын көрсөтүп жатат. Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу региондогу бардык мамлекеттерди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган чаралардын системасы менен аныкталышы керек деп ишенебиз. Ошондуктан Кыргызстан Борбор Азияда бул чөйрөдө экономикалык жактан өз ара пайдалуу механизмдерди иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү жактайт», — деди ушул сессияда сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков.

Ал эми Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов өз өлкөсүнүн көз карашын мындайча билдирди: «Суу – дүйнөдөгү бардык калктардын жалпы ийгилиги, таза ичүүчү сууга бирдей жана адилеттүү жетиштүү болуу адамдын негиздүү укугу болуп эсептелет».

Албетте, ушундай олуттуу маселелердин жогорку деңгээлде козголуусу алкоого арзыйт. Бул сөздөр, бардыгынан мурда, өлкөлөрдүн маселени туура чечүүгө даяр болуп калгандыгын айгинелейт.

Борбор Азияда бардык дайралар чек араларды кесип өтөт. Ал эми Кыргызстандын өзгөчөлүгү – ал дайраларынын башаты өз аймагында болгондугунда. Башка өлкөлөрдө дайранын чектеш мамлекеттен башталганына байланыштуу сууга муктаждык бар. Асыресе, Өзбекстан менен Түрк­мөнстанга суунун 90%ы тыштан агып келет. Ал эми Казакстанда агын суунун 40%ы коңшу өлкөлөрдөн камсыздалат.

Жөн гана айтканда, Борбор Азиядагы талаш-тартыш эки чоң дайра Амударыя менен Сырдарыянын тегерегинен чыгат. Булар аймактын керектөөсүн жетиштүү камсыз кыла албай жатышат. Анын үстүнө, сууну башындагылар менен төмөнкү жактагылардын кызыкчылыктары ар кандай болууда. Кыргызстан менен Тажикстан суудан электр кубатын өндүрүүдө, ошондуктан жай айларында сууну топтоп алууга кызыкдар. Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан айыл чарба жерлерин суугаруу үчүн сууну жай айларында керек кылат.

Совет доору кезинде маселе бартер аркылуу чечилген. Кыргызстан менен Тажикстан жай айларында сууну жиберчү, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан бул эки өлкөнү кыш айларында отун менен камсыз кылчу.

СССР ураган соң борборлоштурулган пландуу экономика жашоосун токтотту. Мурдагы шериктеш республикалар күндөрүн көрүшү үчүн өздөрүнө ылайык келген чечимдерди кабыл алышты, Борбор Азияда суу ресурстарын башкаруу маселеси курчуп, ал күн тартибине коюлду. Ошентип, мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясы (МКСК), түзүлдү. Анын аткаруучу органдары болуп Амударыя жана Сырдарыя бассейндик суу чарба бирикмеси (БСБ) да­йындалды. Өлкө лидерлери 1991-жылы макулдашууну бекитүү тууралуу ниеттерин билдиргенден кол коюлганга чейинки мөөнөт өтө кыска убакыт болгонун эске алсак, саясий демилгенин олуттуу болгонун байкайбыз.

Эл аралык суу мамилелери укуктарынын тарыхында мындай макулдашуулар узак убакытты алган. Мисалы, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын катышуусу аркылуу Индия менен Пакистандын ортосунда Инд дарыясы боюнча макулдашууну түзүүгө 10 жыл убакыт кеткен. Индия менен Бангладештин ортосунда Ганг дайрасы боюнча макулдашуу 30 жылга, Израиль менен Иорданиянын ортосунда Иордан дайрасы боюнча макулдашуу 40 жылга созулган.

Борбор Азиялык макулдашуу позитивдүү мүнөздө болсо да, документте тараптардын ар биринин кызыкчылыгы эске алынбаган эле.

Келерки маанилүү документ – «Арал деңизи менен Арал тегерегинин көйгөйлөрүн чечүү, Арал регионунун экологиясын жакшыртуу жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракет жөнүндө» макулдашуу 1993-жылы кабыл алынды. Ошондой эле, документке ылайык МКСКынын кошумча бөлүмдөрү түзүлдү.

Сырдарыя бассейниндеги мамлекеттердин ортосундагы суу мамилелерин жөнгө салган 1992-жылдагы келишимден кийин 1998-жылдын 17-мартында дагы бир маанилүү документке – «Сырдарыя дайрасынын бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө Макулдашууга» кол коюлган.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы сууну пайдалануу жаатындагы жакшы шарт катары 2000-жылы кол коюлган «Чүй жана Талас өзөндөрүндө мамлекеттер аралык пайдалануудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча» макулдашууну айтууга болот. Деген менен, мамлекеттер аралык түзүм жана бир катар макулдашуулар ийгиликтүү кызматташууга өбөлгө боло албады. Көптөгөн маселелер боюнча аймактык деңгээлде кабыл алынган бир катар документтерге карабастан, алар саясий жана экономикалык пикир келишпестиктерде кызматта­шууну камсыз кыла алган жок.

Өзбекстандын бийлигине Шавкат Мир­зиёевдин келүүсү менен көп нерселер өзгөрдү. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында (2017-жылы), кызматына киришкенине бир жыл боло элек Өзбекстандын жаңы Президенти: «Борбор Азиянын тынччылыкта жана экономикалык өнүгүүсү – биздин башкы максатыбыз жана орчундуу милдетибиз. Биз бардык маселелер боюнча Борбор Азия өлкөлөрү менен ымалага келүүгө даярбыз», — деп билдирди.

Кийинчерээк Мирзиёев Кыргызстанга келген сапарында чек ара боюнча маанилүү макулдашууга кол койду. Бул өзбекстандык лидерлердин өлкөгө 17 жылдан кийинки сапары болчу. Келишимге улай чек арада ары-бери өтүүгө көптөгөн чектөөлөр алынып салынды, текшерүү-өткөрүү пункттарынын иштери жөнөкөйлөтүлдү.

2018-жылдын жазында Мирзиёев Астана (азыркы Нур-Султан) шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышты. Мындай жолугушуу арада 9 жыл өткөн соң болду. Басма сөз каражаттары бул окуяны «Борбор Азиянын жаңы түргө өтүүсү» деп атады. Президенттер башка маселелер менен катар, суу көйгөйлөрүн, атап айтканда, Амударыя менен Сырдарыяны пайдалануунун жолдорун талкуулашты.

«Эң башкы маселе – суу көйгөйлөрү. Биздин мамлекеттерибиз – булар эки чоң дайра – Амударыя менен Сырдарыянын тегерегиндеги 70 миллион адам. Биз келиштик – саясий соодо болбошу керек. Биз бардык мамлекеттердин кызыкчылыктары үчүн суу курулмалары, сууну пайдалануу жана электр энергиясы маселелерин биргелешип чечишибиз зарыл», — деп билдирди Казакстандын ошол учурдагы Президенти, эл башчы Нурсултан Назарбаев.

2018-жылдын августунда өткөн Аралды сактап калуунун эл аралык фондусунун жы­йынында тажик лидери Эмомали Рахмон кесиптештерин «сууну пайдалануунун экономикалык механизмин киргизүүгө» чакырды. Казакстандын эл башчысы Н.Назарбаев дайралардагы суу агымын ыраатка келтирүүчү Суу-энергетикалык консорциумду түзүүнү сунуштады. Бул демилгени ал 2000-жылы да көтөргөн болчу, бирок чөлкөм­дүк деңгээлде үн кошуу болгон эмес.

Жыйынтыктап айтарыбыз, Борбор Азиядагы бул эски көй­­гөйдү чече турган мезгилдин келгени анык. Ошондой эле, маселени акылдашып чечүүнүн мүм­күнчүлүгү жаралды. Бул бардык лидерлердин билдирүүлөрүнөн байкалууда. Иш ийгиликтүү башталса, көп жылдык мамлекеттер аралык кызматташуунун пайдубалы бекем түптөлмөкчү. Бирок, маселени чечүүнүн даяр рецепти жок. Бардык сунуштар азырынча идеялык маанайда. Бор­боразиялык республикаларга маселенин чечимин табуу үчүн изденүүсү керек.

Ташкентте өтчү алдыдагы саммит – «чоң келишимди» түзүү жолундагы дагы бир олуттуу кадам болмокчу.

«Жер жүзүнө чайпалып,

Толкуп чыккан аккан суу!..

Жети кабат жер астын,

Жарып чыккан аккан суу.

Жер, ааламдын баарысын,

Багып чыккан аккан суу», – деп ырдаган Жеңижок акын айткандай, эбин таап пайдаланса, адамзаты суусуз калбайт.