Карыпбек АЛЫМКУЛОВ, академик: Тышкы саясат туруктуу жакшырып калды

С.Жээнбеков  Президент болуп  шайланып  келээр  замат мурда мамилебиз татаалдашып кеткен кошуна республикалар менен алака-катышты оң жолго салды. Түркия, Россия, Кытай ж.б. мамлекеттерге иш сапар менен барды жана кызматташтыкты тереңдетти.

Анын мындай ыкчам кадамы келечекке  оптимизмди  пайда кылды. РФнын Президенти В.Путин менен кыска убакыттын ичиндеги үч жолку жолугушуусу Кыргызстандын эл аралык байланыштарда тең ата сая сат жүргүзүп жатканынын бир мисалы деп айта алам. Россия – биздин эң башкы өнөктөшүбүз. Башкасын айтпаганда да, ал жакта жарандык алган жана жарандык албаган 1 млн. жакын мекендешибиз иштеп, бул жактагы үй-бүлөсүнө каражат жиберип жатканын эске алышыбыз керек. С.Жээнбеков быйылкы жылдын ичинде бир нече мамлекетке расмий иш сапар менен барууга чакыруу алды. Чынында тышкы саясатыбыз бир кылка ирээтке салынып баратканына кубанасың.

Эми энергетика тармагы боюнча адис катары төмөндөгү лөргө токтолоюн. Токтогул ГЭСинде кырк жылга жакын мезгилден бери дээрлик чоң реконструкция болгон эмес. Ал эми азыркы күндө ал жакта реконструкциялоо жүргүзүлүп жатат. Үч-Коргон ГЭСи оңдолуп, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо эки жылдын аралыгында аяктап калса, энергетикалык кубаттуулук өсөт. Мындай иштердин баары аймактарды өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт. Жер-жерлерде энергетикалык кубаттуулук өссө, жалпы элге да, жаңы ишканаларды ачууга да жол ачылат.

Президентибиздин Кытай Эл Республикасына иш сапар менен баруусу күтүлүүдө. Камбар-Ата–1 ГЭСинин курулушуна Кытайдан инвестиция тартса жакшы болот эле. Алардын бул долбоорду үч жылдын ичинде бүтүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Камбар-Ата–2 ГЭСин болсо мамлекеттин өзүнүн каражатына бүткөрүүгө күч жетет. Ага 100 млн. доллардын тегерегиндеги каражат керек. Ал эми Жогорку Нарын ГЭСтер каскады долбоорун россиялык инвесторлорго эле берсе иш жылат деп ойлойм. Жакынкы жылдары ушул иштер бүткөрүлсө, ондогон жылдар бою энергетикасы эң кубаттуу өлкөгө айланабыз жана анын аймактарды өнүктүрүүгө зор таасирин тийгизет. Тышка мигрант болуп кеткен элибиз кайта баштайт.