«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Казакстан күнү өттү

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


Борбор шаарыбыздагы Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук сүрөт өнөр музейинде 5-апрелден баштап «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтүп жатат. Кыргыз Республикасынын экс-президенти «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган көргөзмө 28-апрелде аяктайт.

Негизинен, балдар менен ата-энелерге арналган көргөзмөнүн максаты балдардын көз карашын кеңейтүү, Улуу Жибек жолундагы өлкөлөр жөнүндө кеңири маалымат берүү. Көргөзмөнүн иш-чараларына чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтери активдүү катышып, өз мамлекеттеринин күндөрүн өткөрүшүүдө. Көргөзмөнүн алкагында 13-апрелде Казакстандын элчилиги жана Кыргызстандагы казактардын ассоциациясы музейде Казакстан күнүн өткөрдү. Анын ачылыш аземинде элчиликтин кеңешчи-өкүлү Р:Карибжанов: «Бул көргөзмөнүн маанилүүлүгү өзгөчө. Ал ар түрдүү мамлекеттерди бириктирип турган байыркы жана жаңы Жибек жолунун ролун жана келечегин чагылдырууда. Көргөзмө элдердин ортосундагы өз ара сыйлашууну күчөтүүгө, достукту бекемдөөгө, маданият жаатындагы алаканы арттырууга өбөлгө түзөт», — деп баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүм сүрөтчүлөргө арнап кыргыздын белгилүү сүрөтчүсү С.Осмоналиев сүрөткө тартуу боюнча мастер-класс өткөрдү. Сахнада казактын ыр-күүлөрү жаңырып, улуттук бийлери аткарылды, казактын улуу акыны Абай Кунанбаевдин жана Мукагали Макатаевдин ырлары окулду. Кино залда казак жана кыргыз элине орток «Ертөстик» (Эр-Төштүк») мультфильми көрсөтүлдү. Ошондой эле, таяк тартыш боюнча балдар арасында чакан мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөрүнө күмүш монеталар белекке берилди. Көрөрмандар казактын улуттук тамак-аштарынан даам татышты. Асыресе, Тараз шаарынан атайын келген Жамбыл облустук «Алатау» фольклордук ансамблинин концерти келүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *