КҮНКЕСЕЛ (Үчөө)


Буга чейинкисин бул жерден окусаңыз болот

Ит анын чын дилинен айтып жатканына ишенгендей шыйпаңдап,  акырын басып келип, быйтыйган колдор сунуп турган куурчакты аяр тиштеди. Так ошо маалда иттин көздөрү тумандап, башы айлана түштү. Кыздардан Аруузаттын, үйдүн жыты келип, качанкы бир куттуу бүлөдө өткөн жашоосуна кусалыгы ырбап кетти.  Кыздардын кучагына бой таштап, кумардан кана жыттагылап, бар арманын айтып кыңшылап, улуп-уңшуп ыйлагысы келип жатты.  Бирок, антүүгө болбойт эле. Бу жерден тез арада кетпесе, кыздардын энелери көрсө ызы-чуу салып ийишет.  Ошону ойлой койгондой чыйралды да, куурчакты тиштеген калыбында кыздарды бир “жалт” карап коюп, келген жолуна түштү!

Анын артынан аңкая карап кала берген эки кыз же күлөөрүн, же ыйлаарын билбей жаткандай, нес болуп эле туруп калышты.

Ошол убакта колуна нан көтөрүп, жанагы бала чуркап келди да, бир чекитти тиктеп, тунжурап турган экөөнү алмак-салмак карады:

—       Эмне болду? – деди акырын. – Ит кана?

—       Ал Аруузаттын куурчагын алып кетти, — деди берки кыз. Бала Жибектин  колун карады. Чындап эле анын колундагы куурчак жок болуп чыкты. Болгону эле анын колдору куурчакты берип, сунган боюнча селейип катып, каректериндеги жаш мына-мына азыр төгүлүп кетчүдөй мөлтүлдөп турган.

— Омо-ой, кантип алып кетти?! – таң калганын жашыра албай кыйкырып жиберди бала.

— Ушинтип эле… Биз өзүбүз берип койдук, — деди берки кыз. Карегине жаш кылгырып турган Жибек ошондо гана кыймылга келип, “тыпылдап” кулап кеткен жашын арчыды.

— Куурчагыңа ыйлап жатасыңбы? – дешти достору ага үңүлө карашып.

— Жок. Жөн эле… Аруузатты сагынып кеттим, — деди сары кыз. – Анан… Кумайык байкушка боорум ооруп жатат…

Ошо учурда чыдамы жетпей кеттиби, бала аялдар менен аңгемелешип, жайма-жай отурган апасына карап, болгон күчү менен кыйкырып жиберди:

—       Апа, апа-а дейм?! Тээтиги ит Жибектин куурчагын алып кетти! Э-эй, апа-аа?!

—       Эмне дейт?! — энелер “селт” этип кетишти. Кетип бараткан итти карап, көзүнөн жашын агызып, селейип катып турган Жибекти көрүп, энесинин эси чыгып кетти. Чуркап келип кызынын жүзүнө үңүлө карады:

— Жибек, Жибешка?! Эмне болду, кызым?!

— Эчтеке! – кыз ансайын эреркеп, энесин кучактап алып, эки ийнин солуктатып ыйлап жиберди. Ошол жердегилердин үрөйүн ого бетер учуруп, аңгыча  аялдардын бири чаңырып жиберди:

—       Коку-уй, кутурган ит го?! Тээтигинде баратат ит! Куурчак тиштеп алыптыр!

—       Баланы тиштеп алган жокпу, ыя?!

—       Доктур чакырыш керек!!!

Ызы-чуудан улам бери жактагылар куурчак тиштеп кетип бараткан итти карап, айрымдары телефондору менен видеого тартышып, айрымдары артынан кубалап калышты:

—       Селсаяк ит экен! Балдарга кол сала баштаган тура!

—       Милицияга билдириш керек!

***

Бирок, алар кандай деген күндө да куурчак тиштеген ит бактылуу эле!  Канчалык токтолуп, оор басырык тартып калганына карабай, күчүк кезиндегидей койколоктоп,  жаман кепесине тим эле кубанычы кучагына батпай келген ошондо… Ошол күнү тээ далайга чейин жулмалашып ойноп, баласы куурчакты колуна кармаган сайын терисине батпай кудуңдап атты эле!

Ошондон бери, беттери ботала болуп кирдеп, алар менен чогуу жашап келаткан куурчакты баласы уктагандан кийин деле муңайым тиктеп жата берет. Аны менен сырдашкысы, муңдашкысы келгенсийт…  Бирок, куурчак дале баягысындай үн катпай, асманга окшош көгүлтүр, сүйкүм көздөрүн мөлтүрөтүп, күлүмсүрөөсүнөн жазбайт.

(Уландысы бар)