Баткен: Өкүлдөн эмнелерди күтүшүүдө?

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА «Кыргыз Туусу»


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Лейлек районунун табигый кырсыктан жабыркаган аймактарынан жана курулуп жаткан объекттерден кабар алып, жергиликтүү калк менен жолукту.

Ал Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы 5-апрелде келген селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Белгилей кетсек Катраң жана Ак-Суу айыл аймагында сай ичинде сел келип, турак жайларга, эгин талааларга зыян келтирген эмес. Ак-Суу айыл аймагына баруучу жолдорду кум шагылга толтурган. Ошол эле күнү сел кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүп, калыбына келтирүү жумуштары аткарылган.

Өзгөрүш айылынын жашоочулары менен жолугушууда жашоочулар токой чарбасынын ишмердүүлүгү акыркы жылдары солгундап, көпчүлүгү жумушсуз калгандыгын жана убагында үлүшкө жер берилбей калгандыктан жөлөк пул жана пенсия алууда көйгөйлөр жаралып жатканын, ошондой эле турак жай салуу үчүн жерге муктаж жаштардын саны 800дөн ашканын билдиришти.

Өкүл  токой  чарбасынын  ишин  жеке  көзөмөлүнө  алаарын,  токой  аянтын кеңейтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, муктаждарга турак жай салууга жер берүү үчүн 52 гектар жердин трансформация маселесин чечүүгө жардам берээрин айтты.

А.Мадумаров Өзгөрүш айылы жаратылышы кооз, туризмди өнүктүрүүгө, топоз чарбасын, балык чарбасын түзүүгө ыңгайлуу экенин айтып, бул үчүн каржы булагын издеп отурбай, аймактагы кен байлыктарга изилдөө жүргүзүп жаткан компаниялардын лицензиясынын эсебинен жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан каражатка, жогорудагыдай иш аракеттерди баштоону сунуштады. Ошондо айыл элине жумуш орун түзүлүп, киреше булактары пайда болоорун айтып өттү. Белгилей кетсек, Катраң айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине ушул күндө кен байлыктарды изилдөө үчүн 12 млн. сом каражат түшкөн. Ыйгарым укуктуу өкүл аталган каражатты айылды өнүктүрүүгө жумшоо керектигин айтып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир ай убакыт аралыгында айылын өнүктүрүү боюнча иш план менен келүүнү тапшырды.

Өкүл  айылдагы  жеке  ишкер  Данияр Исаевдин балык чарбасына да барды. Ишкер айылда булактын таза суусуна форель балыгын өстүрүүнү колго алган. Учурда чарбасындагы балыктын саны 6000ге жеткен. Аймакта балыкка болгон суроо талап жогору болгондуктан чарбаны кеңейтүүнү максат кылып жатканын билдирди.

Ал эми айыл жаштарынын спорт менен машыгуусу үчүн заманбап футбол талаасын уруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратылып, долбоорлору даярдалган. Бирок футбол аянтчасы курулуучу жер участогу токой чарбасынын балансында экендиги курулушка жолтоо болуп турат. Ыйгарым укуктуу өкүл жер маселесин жакынкы аралыктарда чечип берүүнү убадалады. Андан ары Исфана шаарындагы жаңыдан курулуп  жаткан  төрөт  үйүнүн  курулушун көрүп чыкты. Төрөт үйү 40 орунга ылайыкташып, Кувейт мамлекетинин кайтарымсыз каржылык колдоосу менен курулууда. Курулуштун жалпы сметалык баасы 30 млн. сомду түзсө, медициналык жабдууларды сатып алууга 8 млн. сом каралган. Төрөт үйү учурда толугу менен курулушу аяктап, ачылуу алдында турат.

Андан ары облус башчысы Ак-Суу айыл аймагындагы М.Горький атындагы орто мектептин курулушун көрүп чыкты. Мектеп 475 орунга ылайыкташып, республикалык бюджеттен 56 млн. сом каражат каралып, курулушу башталган. Бирок эки жылдан бери каржылоо токтоп калып, мектептин спорт залы бүтпөй калган. Жергиликтүү жетекчилер бул үчүн 18 млн. сом керектигин жана трансформатор орнотуу зарылчылыгын белгилешти. А.Мадумаров трансформатор маселесин чечип берерин жана мектептин курулушун тездетип, жаңы окуу жылынын ачылышына карата толугу менен бүткөрүүгө аракеттер көрүлөөрүн айтты.

Ак-Суу айыл аймагы райондун эле эмес, Кыргызстандын эң алыскы, чек арада жайгашкан айыл аймагы болуп саналат. Айыл эли негизинен күрүч өстүрүү менен алектенет. Бул үчүн аймактагы Ак-Суу дарыясынын суусун эффективдүү пайдалануу өзгөчө маанилүү. Ошондуктан аталган дарыянын жээгин бекемдөө иштерин жасоонун мааниси чоң. Буга чейин бекемдөө иштери башталып, бирок ири суммадагы каражат керектелгендиктен токтоп калган. Дарыянын акыбалын көргөн А.Мадумаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү   менен  өзгөчө  кырдаалдар  министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысына тийиштүү тапшырмаларды берди. Бүгүнкү күндө дарыянын узундугунун төрттөн бир бөлүгү гана бекемделген.

Андан ары өкүл Сүлүктү шаарындагы со-циалдык көйгөйлөр менен жеринде тааныш-ты. Акыркы он жылда Сүлүктү шаарынын калкы 7500гө өскөн. Натыйжада турак жай муктаждыгы, таза суу сыяктуу бир топ социалдык маселелерди чечүү зарылчылыгы келип чыккан. Бул маселелер өкүлдүн Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын активи менен болгон жолугушууда кеңири каралды. Көп жылдар бою турак жай салуу үчүн жер берүүгө тоскоолдук жаратып келген Сүлүктү шаары менен Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын жер талашын ал катуу сынга алып, жергиликтүү деңгээлде чечилүүчү маселени жогорку сотко чейин жеткирген жетекчилерди эл менен жетиштүү деңгээлде иштешпегенден улам жаралып жаткан маселе экенин белгилеп, бул талашка чекит коюу үчүн мыйзам чегинде иш алып баруу зарылдыгын айтты.