96 жаштагы ардагердин максаты – 2 млн. сом жардам көрсөтүү

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


11-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №2 мектеп-гимназиясында облустун аймагындагы 27 мектептин окуучуларынын катышуусунда «Биз келечекти кантип курабыз?» — аттуу жолугушуу өттү. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 96 жаштагы ардагер Асек Урманбетов катышып, гимназиядагы эң алдыңкы окуучуларга 200 сомдон акчалай сыйлык тапшырды.

“Бул  жолугушуунун  максаты – балдарды мекенин, ата-энесин, бири-бирин жана окууну, эмгекти сүйүүгө тарбиялоо, — дейт ардагер А.Урманбетов, — Антпесек, балдардын дээрлик бардыгы азыр телефондо “жашап” калышты, улуттук улуу наркка, айлана-тегерекке, билимге дил төшөбөй калышты. Эгерде так ушул жол менен жүрүп отурсак, өлкөнүн келечеги эмне болот?

Жолугушуунун алдында гимназиянын окуучулары Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” повестинен инсценировка коюшту. Белгилей кетчү нерсе, окуучулардын чыгарманын мазмунун, каармандардын образын дасыккан актерлордой чебер ачып бергени – алардын чыгарманын айтайын деген оюн толук аңдап-билип, Мекенди коргоодон качуу – коркоктуктун жеткен чеги экенин түшүнө алышкандарынан кабар берет. Ошол эле убакта окуучулардын Жеңиш тууралуу хор аткаруусу, кан майдан тууралуу даректүү тасма дагы ар бир эле өспүрүмдүн мекенчилдик сезимин ойготпой койбойт. Ал эми согуштун тирүү жоокери менен жолугушуу окуучулар үчүн канчалык деңгээлде таасирдүү болгонун эки тараптуу суроо-жооптор аркылуу баамдоого болот.

Балдардын суроолоруна  жооп кылып, ардагер 18 жашында кан майданга  аттанганын,  немистер менен кармашта бардык улуттун өкүлдөрү Жеңиш үчүн тикелеринен тик турганын жана согуштан келгенден кийин да ар бир жоокер өлкөнүн экономикасын, айыл чарбасын, маданиятын калыбына келтирүүгө жан үрөп иштешкендерин, канчалаган жоокер кайтпай, канчасы жарадар, жарым жан кайтканы тууралуу маек куруп берди.

— Мен ардагер катары эс алууга чыккандан кийин, 75 жашымда калем кармадым. Бир жолу уулумдун концертинде отурсам, кимдир бирөө менден: “Бул өнөр балаңызга кайдан келген? Укум-тукумуңуздарда чыгармачыл адам болгонбу?” – дегенсуроо берип калды. Ошондо кандайча болуп: “Өнөрлүү деле эч ким болгон эмес, бирок мен жакында бир маанилүү поэма жазышым керек!” – деп айтып жиберсем болобу. Бул сөз оозума кайдан келгенине өзүм да таң калып калдым. Акыры, айткан поэма да жазылды. Ошондон бери ыр жазуу менен алектенем. Жарык көргөн китептеримди сатып, балдар жана кары-картаңдар үйүнө, ошондой эле жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берем. Мына бүгүн мыкты окуучуларга берген сыйлык да ошол эмгектин үзүрүнөн”, — дейт А.Урманбетов.

Ардагер быйыл Улуу Жеңиштин 74  жылдыгына  карата  жардамга  муктаж  мекемелер  менен  үй-бүлөлөргө, саламаттыкты сактоо жана спорт тармагына жалпысынан эки миллион сомго жакын жардам көрсөтүүнү алдына максат койгон.

Бул акчаны “95имдеги отчётум” деген китебимден түшкөн каражат аркылуу ишке ашыруум керек”, — дейт ал. Айтымында, аталган китеп 4000 нуска менен жарыкка чыккан жана китепти чыгарууга КРнын Президенти 50 миң сом, ЖКнын төрагасы 100 миң сом берген.

Ардагер балдардан түшкөн дагы бир суроого жооп кылып, үй-бүлө кандай учурда бекем жана бактылуу боло турганына токтолду.

— Ар бир кыз бала башка үйгө бүлө болуп барат. Ал буга бала кезден даяр болуш керек. Ал үчүн өз апасы менен жакын болуп, андан сабак алуусу керек. Кайын эне, кайын атаны өз ата-энесиндей сыйлоосу керек. Жигит дагы үйүнө алып келген жубайына кам көрүүгө тийиш. Ал эми ажырашуунун эң чоң себептеринин бири, жаштар телефон аркылуу тааныша коюп эле , бири-биринин сырын билбей баш кошо коюшканында. Үй-бүлө мамлекеттин кичинекей бир бөлүгү. Мамлекет ошол үй-бүлөлөрдөн турат. Ошондуктан ар бир үй-бүлө бекем, бактылуу болууга тийиш, — дейт ардагер.