Талас: Карабаса… кетет, сугарбаса бак куурайт

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Эгер алар гүлдөп-өсүп кетсе, анда кыргыз кыргыз болбой калбайбы! Өткөн жылы Жер үй өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 5 млн. сом каражатка Талас шаарынын Ч.Айтматов жана Бердике баатыр көчөлөрүнө туялар отургузулуп, алардын тегерегин таш менен тизмектеп, актап иретке келтирүү иштери облустук мекеме уюмдарга бөлүштүрүлүп берилген.

Аларды сугарып куюп, кароого алуу шаар мэриясына жүктөлгөн. Тараз-Талас-Суусамыр жолунун курулушу, асфальтталышы менен олтургузулган туялар шайкеш келип, республикадан иш сапар менен келишкен жогорку чиновниктерден тартып, коноктор да Талас өрөөнүнүн эли да кубанып калышкан.

“Талас шаары шаар келбетине окшошуп баратат, эми Ч.Айтматов көчөсүнүн экинчи тарабына электр шамдары орнотулса сонун болот» деген пикирлер көп айтылды. Ал тургай жаштар да чөнтөк телефондоруна сүрөткө тартып, досторуна, тааныштарына жөнөтүп, Талас шаарынын келбети жакшырып баратат деп калышкан.

Өнүктүрүү фондунун каражатына жарыяланган сынакты кайсы бир фирма утуп алган. Учурда жергиликтүү бийликтеги чиновниктерден тартып, шаар тургундарына чейин «аттиң, 5 млн. сомду ал фирмага которуудан мурда ал өсүмдүктөр Таластын климатына ылайыкталып, өсүп-өнүп кете аларын адистер менен кеңешип иш кылбайт беле! Чиновниктер чөнтөгүн акчага ысытыш үчүн эле далбастап, акчаны которуп жиберишкен окшойт” — дешип бир даары кейишсе, бир дары өсүмдүктөр сууну кана ичпей эле куурап калганын айтышат.

Айтор 5 млн. сом бюджеттик акча эч нерсеге жарабай калабы, деп кейиген эле жан. Колхоздогулар болсо «куураган өсүмдүктөрдү сынакта утуп алган фирма калыбына келтирет. Биз болсо колдон келгенин жасадык» дешип жатышат.

Ушундан улам айрым жергиликтүү чиновниктер Талас шаарынын экс-мэри Анарбек Кушубаковдон жакшы кеңеш алышса болмок. Себеби ал мэр болуп иштеп турганда отургузулган Ч.Айтматовдун айкелинин тегерегиндеги, И.Сарыгулов көчөсүндөгү, борбордук аянттын тегерегиндеги, борбордук парктын сквериндеги туялар жапжашыл болуп, бой тиреп, бирөөсү да куураган жок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *