Экс-депутат Равшан САБИРОВ: “Эки эл достукта, биримдикте, бир туугандай жашашына биз ынтызарбыз”

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


– Равшан Азатович, жакында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда жаңжал чыкты. Чырга айланган чек ара маселесин чечүүнүн жолдору барбы?

– Кыргыз менен тажиктердин ортосундагы чек ара маселелери союз убагынан бери келатат. Мен мектеп жашыман бери эле тажик туугандар менен байланышып турам. Мындай жагдайдын келип чыгышына эки элдин ортосундагы суу менен жер талаш түрткү болду. Эки өлкөнүн ортосундагы чекти белгилеген 1924-жылдагы жана 1958-жылдагы картография бар. Бул эки картографиянын чекти белгилөөсүндө айырмачылык бар. Андагы айырмачылык боюнча эки мамлекеттин чек арачылары менен өкмөттөрү иш алып баруусу талапка ылайык.

Тилекке каршы, болуп өткөн жаңжал тараптардын ортосундагы делимитация, демаркация маселелерине көңүл буруу керектигин айгинеледи. Эки элдин ортосунда 600 км жерге жакын чектешкен жер бар. Биз, Кыргызстанда жашаган тажиктер, бул окуяны абдан тынчсыздануу менен кабыл алдык. Туулган жердин топурагы алтын деп айтылат. Биздин киндик каныбыз тамган жер Кыргызстан. Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулуп, мектепти кыргыз тилинде окуп бүтүргөм. Кылымдарды карыткан бул эки эл достукта, биримдикте, ынтымакта, бир туугандай жашашына биз ынтызарбыз. Коңшу Кудайдан деп айтылат. Биз кошуна, ошол эле учурда бир тууган элдербиз. Тарыхыбызга да кайрылсак Каныкей деген ат менен кыргыз элинин энеси деген титулга ээ болгон Санрабига биздин эжебиз. Мындайча айтканда, биз тага-жээн болобуз. Андыктан эки элдин ортосундагы талаш жараткан делимитация жана демаркация маселелери боюнча эки тараптан тең комиссия түзүлүп, буга чекит коюлушу керек. Анүчүн саясий эрк керек. Менимче бул маселелерди жеринде терең иликтеп үйрөнүп чыгуу зарылчылыгы бар. Эки тараптын тең тиешелүү мекемелери кабинетте отуруп алып эле карта менен бул жери мындай деп чечим чыгарган болбойт. Ал жерде жашап жаткан жергиликтүү тургундар, тараптардын аксакалдары менен сүйлөшүп, эки мамлекеттин кызыкчылыгы бирдей каралып, картографиянын негизинде бул маселени чечиш керек.

– Кыргызстандын аймагындагы жолдун курулушуна тоскоолдуктарды жараткандыгы үчүн күнөө экинчи тараптан кетти десек болобу?

-Мен чыр чыкканда жеринде болгон жокмун. Азыр бул тарап же экинчи тарап күнөөлү дегенде туура эмес болуп калат. Ички иштер органдары кылдаттык менен иликтеп чыккандан кийин окуяга укуктук баа берилиши керек. Чыр чатактын чыгышына жол бербөө үчүн элдик дипломатияны күчөтсөк да ашыкча болбойт. Кыргызстандагы жашаган тажиктердин коомдук бирикмесинин атынан биз көп жылдардан бери кошуна, бир тууган, ортобузда туугандык байланышыбыз бар элдерден экендигибизди, бүгүнкү күндө саясий-экономикалык, энергетикалык жана коммуникация жагынан да карым-катнашыбыз жакшы экендигин баса белгилеп, ошол эле мезгилде эки тарапты тең сабырдуулукка, толеранттуулукка чакырып, эки өлкөнүн элине, Президенттерине кайрылуу жасаганбыз.

– Эки элдин ортосундагы биримдикти бекемдөө үчүн эмнелерге басым жасашыбыз керек?

– Биз элдердин ортосундагы достукту, биримдикти, ынтымак-ырашкерликти элдердин жүрөгүнө жеткире тургандай идеологияны алып барышыбыз керек. Анүчүн эки элдин ортосундагы достукту бекемдей турган иш-чараларды өткөрүү менен чек арачылардын арасында кызыктыруучу ар кандай волейбол, футбол ж. б. спорттук оюндарды уюштурсак болот. Мындан сырткары эки элдин ортосундагы байланыштарды, биримдикти чагылдырган көркөм жана документалдуу тасмаларды тартууга басым жасашыбыз керек. АКШнын тажрыйбасында болгон нерсени мисал катары айтайын. 1980-жылы бул өлкөдө кара өңдөгү кишини расага бөлүшүп, 2-сорт деп эсептеп, адамардын ортосунда конфликттер жаралып турган. Булар кара түстөгү кишини кино тасмага тартып, аны Америка үчүн жанын аябай турган каарман кылып жаратып, акырында аны башка улуттагы кызга үйлөндүрүп коет. Мына бул тасмадан ошол өлкөнүн жүргүзгөн идеологиясын байкоого болот. Андыктан келечек муундарды тарбиялоодо кино тасмалардын таасири күчтүү экенин эсибизден чыгарбасак. Кыргыз-тажик кинолорун тартып, аны жергиликтүү тургундар көрө тургандай шарт түзүү зарылдыгы бар.

– Учурда өлкөнүн коопсуздугун сактайбыз деп чек араларды зым-торлор менен тосуп жатабыз. Мындай тосмолор улуттардын улутчулдук сезимине бөгөт боло алабы?

– Биздин ортобузда 2 миң жылдан бери эч кандай чек ара болгон эмес. Ырас, өз алдыбызча эгемен болгондон кийин эки өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен чек белгилениш керек. Эми зым-торлор менен чек ара тосулбай деле жашаган элдер бар. Азыр дүйнө элдеринде ааламдашуу процесси жүрүп жаткан чак. Эгер Европаны алып карай турган болсок, Голландиядан Германияга өтүп жатканда болгону бир шлагбаум бар, башка эч нерсе жок. Шенген визасы менен барган жарандар кайсы өлкөгө баратса да жолдогу бул өлкөгө “кош келиңиз” деген табличканы көрөт, андан ары башка мамлекет башталып кете берет. Туугандык мамилебиз бар элдерден болгондон кийин мүмкүн бул маселеде Европанын тажрыйбасын алсак деле жакшы болмок.

Менин  тарыхый  мекеним  Тажикстан. Бирок мен Кыргызстанда төрөлүп, өстүм. Бүгүнкү күндө мен өзүмдү кыргызстандыкмын деп эсептейм. Мындай учурда эки элдин ортосунда биримдик, ынтымак болуп, жаңжал тутанып кетпей, Кудай сактаса экен деген сезимдер болду. Дегинкиси эле дүйнө элдеринде тынччылык, бакубатчылык болсо,  азып-тозгондор,  качкындар  болбойт. Тынчтыктын туруктуулугу ар бир адам үчүн аба-суудай зарыл. Андыктан мекендештеримди, ошондой эле тарыхый мекенимде жашаган мен таанып билгендерди сабырдуулукка жана эки эл бири-бирин түшүнүшө билүүгө чакырат элем. Өмүр деген кыска, көз ачып жумганча эле өтүп кетет. Талаша турган эч нерсебиз деле жок. Бир туугандыгыбыз күчөй берүүсүн тилек кылат элем. Жер дагы, суу дагы Кудайдан адам баласына берилген, ошондуктан чек ара аймагында жашаган жергиликтүү эл дагы ой жүгүртүп, акыл калчап жашаса, мунун баардыгы чечиле турган нерселер…