Балыкчы шаарында жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорго таманташ төшөлүп, жаңыртылат.

Бул үчүн шаардык мэрия таман таштарды чыгарууну колго алды. Тагыраак айтканда, брусчатка чыгара турган муниципалдык ишкана түзүлдү. Ишканада сегиз адам эмгектенип, бөлүнгөн каражатка толугу менен керектелүүчү материалдар алынган.

Мекеменин түзүлүшү менен жергиликтүү бюджеттен жылына эки миллион сомго жакын акчаны үнөмдөөгө мүмкүн болууда. Шаар ичиндеги тротуарларды жаңылоо иштери былтыркы жылдан бери активдүү жүрүп жатат.

Балыкчы шаары боюнча жалпы он жети чакырым тротуар бар. Өткөн жылы жалпы эсеп менен жети миң чарчы метрдеги тротуарларга таманташ төшөлгөн. Мындан сырткары бир катар көчөгө жакын жайгашкан  социалдык мекемелердин алды жаңыланган.