Мухтаржан Халматов Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланды

17-апрелде Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинде 31 депутатынын көпчүлүк, тактап айтканда 16 добушун «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан Халматов Мухтаржан Маматжанович алган.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, Өзгөн шаарынын мэр башчылыгына 2 талапкер аттанган болчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *