Түркиялык жолчуларда жаз келгени байкалбайт

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Жаз келип, апрель айы ортолоп калды. Бирок Тараз-Талас-Суусамыр жолунун курулушун жүргүзүп жаткан «Чакир Япи» фирмасынын жандуу иштери көзгө көрүнбөйт.

Өткөн жылы да чеке жылыткан иш жасалбады, жумуш илең-салаң жүрүп, алардын ишине дээрлик көзөмөл жасалган жок. Жумушчулардын эмгек акылары бир нече айлап берилбей, иш начар жүргүзүлгөндөн токтоп турган күндөр көп болду. Ал тургай подрядчик ишканалар бир нече миллиондогон каражаттарды мыйзамсыз пайдалангандыгы боюнча кылмыш иш козголуп, Жогорку Кеңеште да каралды. А түркиялык ишкерлер эмнени күтүүдө?