Жусуп Мамайдын ысымы С.Орозбаков, С.Каралаевдин ысымдары менен бир катарда турат

2014-жылы Кыргызстанда кирилл тамгасында “Манас” эпосунун сегиз томдугу жарык көргөн. “Манас”, “Семетей”, “Сейтектен” тартып, баатырдын беш урпагы жөнүндө: “Кененим”, “Сейит” “Асылбача-Бекбача” “Сомбилек” “Чигитей” деген томдуктары басылган.

Бул жыйнак бизге манасчы Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча жетти. Ал баатырдык эпосту мындай көлөмдө – Манастын жарык дүйнөгө келишинен, анын жетинчи урпагы Чигитейге чейинки эрдиктерин айткан бирден-бир манасчы. Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономиялык районунда жашап, оозеки салттуу чыгармаларды аткаруучу катары таанымал. Анын ысымы улуу манасчылар Сагымбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдин ысымдары менен бир катарда турат.

Манасчы өзгөчө инсан болгон, ал манасчылыкты жана агартуучулук кызматты алып жүргөн. Бала чагынан арабча жазганды жана окуганды билген, бир топ жашка барып калганда башка жазуу булактарын окуу үчүн кирилл жазуусун үйрөнгөн. Залкар манасчы манасчылардын ичинен биринчи Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган. Чыңгыз Айтматов: “Жусуп Мамай – кыргыздын рухун сактаган адам”, — деп айткан. Ч.Айтматовдун чакыруусу боюнча Жусуп Мамай 1989-жылы биринчи жолу Кыргызстанга келген.

Анын чыгармачылыгы боюнча белгилүү россиялык окумуштуу Б.Путилов, белгилүү немец  окумуштуусу  Карл  Райхл  ж.б. изилдөөлөрдү жазышкан, бул ишке кытай окумуштуусу Лаң Йиң олуттуу салым кошкон. Кийинчерээк анын окуучусу Адыл Жуматурду “Манас” эпосун изилдеп, анын вариантын кытай тилине которгон. Токон Ысак кызы Адыл Жуматурду менен бирдикте Жусуп Мамайдын өмүрү жана манасчылыгы жөнүндө бир катар иштерди аткарышты.

Кай бир учурларда таланттууларга, манасчыларга, өнөрлүүлөргө, төкмө, куйма кулак чечендерге ырайымсыз мамиле жасалып келген. “Кытай Эл Республикасында жашап өткөн залкар манасчы Жусуп Мамайга да бир убакта ошондой мамиле жасалган. Анын башына “унсур” деген калпак кийгизилип, “эскини тирилткен бузук унсур” деп айыпталган. Балбайдан калган материалдарды жыйнап, окуп жүргөн китептерин өзүнө өрттөтүшкөн. Карандай дооматтан, беш жыл оорунун азабын тартып, эки жыл ордунан тура албай калган. Мындай мамиле улуттук маданиятты өркүндөтүүдө, элдик асыл мурастарды сактоодо, чоң зыян алып келген” — деп жазышат окумуштуулар Токон Ысак кызы жана Адыл Жуматурду уулу.

1966-жылы  “Маданият  зор  төңкөрүшү”болгон. Бул шамалдын эпкини Шинжаң аймагына да жеткен. Бул кезде “Манас” эпосун жазып алуу, кол жазмаларды чогултуу, негизги варианттарды которуу иштери абдан кызуу жүрүп жаткан. Төңкөрүш “Манас” изилдөөчүлөрдүн кызматын да баш-аламанчылыкка дуушар кылган. Изилдөөчү топтун жетекчиси Тау Яңдын мындай деп жазганы бар: “1966-жылдын июну эле. Биздин “Манас” эпосун которуу соңуна чыгайын деген кезде “Маданият зор көңтөрүшү” башталды. Анда “Манастын” бир бөлүк мазмуну которулуп, бүтө элек.

Радио жана макалаларда “Төрт кишилик топтун” солчул идеясы боюнча, өз кезинде Ленин сындап өткөн совет пролетариат маданият тобунун ураанын караандай көчүрүп келип, кандык, падышалык мүнөзүнө окшоп кеткен китептердин баарын уулуу чөп деп атап, аябай камчылай баштаган, жүрөк ачышып, көңүл түркүн ойлорго бөлүнүп турган. Мен жолдош Лю Фажүн менен кеңешип, кандай гана болбосун которуу кызматын бүтүрүп анан кайтууну жолдошторго айттык. Антпегенде кайрадан мындай бир уюмду уюштуруп, башталган ишти улантуу кыйын эле.

“Манасты” которуп бүткөндөн кийин гана кетүү керектигин укканда бардыгы чымырканып, күн-түн дебей иштешкен. Ток өчүп калса да, шам жагып “Манастын” алты бөлүгүн которуп бүттүк. Жолдоштордун ошол чактагы кайраткерлиги эсимен дегеле кетпейт. Которулуп бүткөн “Манастын” өз нускасын, кол жазмага түшүрүлгөн түрдүү варианттары жана башка топтолгон материалдар болуп үч сандыкка салдык. “Манастын” котормосу эле бир жыгач сандыкка салынды. Үрүмчүгө келип,  “Маданият  зор  көңтөрүлүшүнүн” чөйрөсү барган сайын жайылып баратты. Борбор Бейжин коопсуздай сезилди, мен Лю Фажүнгө: “Жыйналган материалдар эгерде Үрүмчүдө турса көңтөрүлүшчүлөр жагынан өрттөлүп жоголбосун, ал эми Бейжин борбордук партия, өкмөт өзү турган жер болгондон кийин өрттөлбөй сакталып калаар” — дедим.

Шинжаң адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмеси менен жазуучулар коому бул оюмду туура көрүп макул болду. Жыйналган материал Бейжинге барган соң бир орундан которулуп, башка материалдар менен биригип калган. Аталган материалдарды сактаган адамдар көп ирет алмаштырылган. Жаңы жыгач сандыктарга кимдин көзү түшүп, үйүнө алып кеткенин да эч ким айтып бере албайт жана бышык салынган материал чачылып жоголбойт болчу. Кийин адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмеси материал бөлүмүндөгү бир жолдош чачылып жаткан кагаздардын арасынан “Манасты” көргөнү боюнча мен жана Лаң Йиң баштаган беш адам бир күн карап таппай калдык. Акыры адабият-көркөм өнөр материал бөлүмүндөгү кызматкерге айтып жүрүп, өзүнүн кароосунда аз гана материал табылды.

Мен ирээттүү, таза жазылган “Манастын” котормосу жана аныктама жазып өз колумду  коюп  чаптап  койгон  баракчаны көргөнүмдө көңүлүм бузулуп, көзүмөн жаш төгүлдү. Бул көптөгөн адамдардын жүрөк каны сиңген эмгек эмеспи!… Эгерде маданият зор көңтөрүшүнүн залалы “Манаска” тийбегенде небак басмадан чыгарылмак. Маданият зор көңтөрүшү бизди 20 жылдай артка чегиндирди”.

Чолпон СУБАКОЖОЕВА