Коррупциянын тамыры качан кыркылат?

Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөш жарыялаганына бир жылдан ашык убакыт болду. Албетте, бир топ иликтөө иштери жүргүзүлүп, майда чабактар менен кошо ири кит кылмышкерлерге каршы кылмыш иштери козголуп, айрымдарынын жегендери кустурулуп, аракет бар. Биз, алыскы аймактардагы карапайым адамдар, мамлекет башчынын бул демилгесин колдоп кубаттайбыз. Ага ийгиликтерди каалайбыз. Бирок, коррупция бийлик бутактарында ушунчалык терең тамырлап кеткен экен, аны менен күрөшүү аябай оор болуп жатат.

С.Жээнбеков иш сапары менен Кадамжай районуна келип, элеттиктер менен жолугушканда биз аймактагы жемкорлук, бюрократия, паракорлук боюнча бетке айтып, каттарыбызды өз колуна тапшырдык. Натыйжада жерлерди сатып, эч кимди тоготпой калган Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан алынып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштады. Башка чаралар да көрүлүүдө. Жердештерим жер участогуна беленделген кызыл китепти 100 миң сомго накталай сатышканын айтышып, ал телевидение, газеталар аркалуу жалпы республикага маалым болду. Менимче мындай көрүнүш бир гана аталган айыл өкмөтүндө гана эмес, башка бардык аймак-тарда да бар десек жаңылышпайбыз!

Буга дейре районубуздун Майдан, Үч-Коргон, А.Масалиев, Марказ, Халмион, Ал га, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак, Көтөрмө, Бирлик айыл өкмөттөрүндөгү жемкорлуктар боюнча облустук, республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында бир нече ирет маселе көтөрүлгөн, бирок жазаланган жетекчини көрбөдүк. Ошондуктан Президент алыскы райондор менен айылдарда, шаарчаларда да жеп-ичкичтерге, паракорлорго, жердешчилдерге каршы күрөштү күчөтүүгө көңүл бурса, оң болор эле.

Жетекчилердин кандай иштеп жатышканын карапайым калктын жашоо деңгээлинен, пенсиялар менен жөлөк пулдардын, айлык маяналардын көлөмүнөн, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнөн аңдайт эмеспизби! Бүгүн ачыгын айтсак, биз Россиядагы уул-кыздарыбыз жөнөтүп жатышкан жеке инвестицияларынын эсебинен күн кечирип жатабыз. Жумушсуздук аябай жогорулап, уурулук жана каракчылык күч алды. Союз мезгилиндей болбосо да, кыбырап иштеп жаткан ишкана жок. Баарын кыйындар, арамтамактар эбак менчиктеп алышкан. Айылдарда китепкана, клуб, мончо иштебейт. Бекерпоздор толтура.

Анан ушундай оор мезгилде бири экинчиси  менен  атаандашып  дүңгүрөтө  той өткөргөндөрүн кантесиң? Ал эми кишини акыркы сапарга узатуу трагедияга эмес, тойго айланып калды. Айрым сезимтал замандаштарымдын сарамжалдуулукка, камбылдык-ка чакырганына кулак салган киши, башчы жок. Минтип отурсак республикабыз кайдан өнүксүн?

Районубуздан Жогорку Кеңеште үч депутат  бар:  И.Масалиев,  З.Шарапов  жана М.Мадеминов деген. Алар неге президенттин коррупцияга каршы күрөшүн, алыскы аймактарды  өнүктүрүү  демилгесин  колдошпойт?  Аларды  эл  шайлаган  соң  бизден  кабар  алышып,  көйгөйлөрүбүздү  келип өз көзү менен көрүшүп, жакырчылык, жол, таза суу, чек ара, коррупция боюнча маселелерди чечүүгө көмөктөшүшү керек эле  го!  Бишкекте  парламенттин  жумшак креслосунда уйкусурап отурушканынан не пайда?!

Же  мен  адашып  жатамынбы,  замандаш?

Токторбай МАДАМИНОВ, Кыргызстан демократиялык укук коргоо кыймылынын Кадамжай району боюнча координатору