Динибизди туура түшүндүрүү эң зарыл!

Мекенибиздин алгалашы, экономикабыздын өсүшү үчүн мамлекет башчыбыздын 2019-жылды “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялаган жарлыгы менен кошо жаштарыбыздын илимдүү болууларына, мекенчилдикке, динибизге шайкеш каада-салт санаабызды билүүлөрүнө оң тараптуу колдоосу элибизди сүйүнтөт.

Демек, дүйнөлүк аренада өлкөбүздүн өнүгүшү, экономикабыздын алгалашы – улуттук маданият, руханий тазалык жана илимий цивилизацияда, ал эми өлкөбүздүн өркүндөп-өсүшүнө дин кызматкерлеринин салымы – адамдарды туура эмес радикалдык агымдарга кошулуп кетүүдөн токтотуп, туура жолго, исламдын орто, туура жолуна багыттоодо.

Анткени Алла тарабынан адамдарга жиберилген жакшы иштерди жеткирүүчү, ислам дининин эки дүйнө сарбазы Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: “Силер диниңерде абдан терең кирип кетпегиле, себеби силерден мурунку коомдор абдан терең кирип кетип, ойрон болушкан”.

Ошондуктан динди туура, терең түшүнүп, Пайгамбарыбыз (с.а.в) тыйгандай, терең кирип кетүүдөн тыйылып, такыр эле ылдый түшүп “тафрит” болуп калуудан сактанып, орто динди кармашыбыз туура. Элибиздин азыркы ар кандай туура эмес азгырыктуу агымдарды ээрчип, адашып кетпөөсү үчүн, исламды туура түшүндүрүүдө “амир маьруф, нахий мункар” (“жакшылыкка үндөө, жамандыктан кайтаруу”) милдет. Ал үчүн заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Адам үчүн эң кыйыны – күн

сайын адам болуу” – дегенин ураан кылып, адашкандарга жол көрсөтүп, адамдык сапаттын ыйык нуру “ыймандын” ар бир инсанда болушуна жол көрсөтүү жана такфиристтик террорчулуктан, экстремистик ашынган радикалдуу агымдардын ташкынына жол бербей, коомубузду ар кандай башаламандыктан жана жат өлкөлөрдүн идеологиясы каптап, элибизге, улутубузга залалы тийбеши үчүн (анын ичинде: жашоо мүнөзү, маданияты, кийим-кебетелери, жүрүм-турумдары) орто  динибизди  туура  түшүндүрүү  эң зарыл!

Анткени такфиристтик түшүнүүдөн келип чыккан тетири агымдардын бир эле өлкө эмес, дүйнө элине өтө коркунучтуусу – мусулмандарды күнөөлөрү үчүн каапырга чыгаруусу. Бул аша чапкандык, ислам табиятына өтө жат көрүнүш. Мына ушул аша чапкан радикалдык агымдар жараткан экстремизмдик, терроризмдик агымды жактоочулардын, таратуучулардын мекени да, дини да, улуту да жок. Булар аша чапкан адам келбетиндеги айбанаттар.

Ал эми мазхабыбыздын башчысы имам Абу Ханифанын трактатынын формуласынын негизинде, туура эмес бузуку агымдар (так-фиристик харижиттер) идеологиялык жак-тан талкаланышкан. Харижиттер, чоң күнөө кылган ар бир мусулман каапыр деп тастык-ташканда Абу Ханифа трактатынын формуласы боюнча, мусулман “ыйманын четке какпай туруп диний милдетин таштап койсо, ал күнөөлүү деп аталат” деген. Пайгамбарыбыз (с.а.в) булар жөнүндө: “Алар ар бир кылымда пайда болуп турат жана талкаланышат” деп айткан.

Ошондуктан  Абу  Ханифа  мазхабына таянуу менен гана шериктеш мейкиндигинде элибиздин гүлдөп-өсүүсү ынтымак аркылуу ишке ашат. Мына ушул коомдук системабыз биримдик менен ынтымак аркылуу калыптанаары бышык. Демек, элибизде айтылгандай “Биримдиги жок эл тозот, биримдиги бекем эл озот”.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) хадис шарифинде “Коомдогу биримдик менен ынтымакта мээрим бар, ал эми бөлүнүүдө, илахи азап бар” деген. Ошол себептен бир бүтүн денедей биримдик менен ынтымакта, таттуу өмүр сүрүү – азыркы замандын өзөктүү жана эң маанилүү маселеси.

Анткени, радикализмдик экстремизм-дин ишмердик кызыгуусу светтик мамлекеттерге, анын ичинен биздин мекенибизге, коомдук түзүлүшүбүзгө жана өлкөбүздүн мыйзамына каршы формадагы диндик (халифаттык) башкаруудагы багытта. Мындай тетири агымдардын чеңгелине канчалаган адамдар алданып, кабылган мамлекеттер ушул убакка чейин тынчыбай, дүрбөлөңдөн арылбай келет. Мына ушунун баары биз үчүн чоң сабак болушу керек. Ошондуктан, ынтымак менен биримдиктин, көз карандысыздык менен тынчтыктын кадырын билишибиз абзел.

Улутунун, элинин, мамлекетинин келечегин, тынчтыгын, азаттыктын түбөлүгүн ойлогон ар бир көкүрөгү көсөм адам арбаган тетири агымдардын иш-аракеттерине алданбай, арбалбай адамдык касиети менен каршы турушу керек.

Алтымыш КОЗУКЕЕВ, Кара-Буура районундагы Балыкчы мечитинин имам хабиби