Элестери эстен кетпеген инсандар

Мен борборубуздагы Онкология жана гематология илимий борборунда иштейм. Иштен бошой калган кезде өткөн-кеткенге сереп салып, алда нелерди чиймелеп эс алам. Бүгүн да интернетти карап, кыргыз медицинасынын тарыхына сереп салып отуруп, өтө сейрек кездешчү ушул сүрөттү таап алып, аябай сүйүнүп, ушул саптарды толкундануу менен жазып отурам. Бул сүрөт мединституттун мыкты бүтүрүүчүсү Валентина Исабаевага ректор академик Иса Ахунбаев артыкчылык кызыл диплом тапшырып жаткан көз ирмем экен…

Ийгиликке жол төшөгөн ак жарык

…Тээ жетимишинчи жылдар. Бир мезгилде турмушумдагы кыйынчылыктардан улам институтту таштасамбы деген ой келген. Менин кыжалатымды сезген бир эжейим өзүнчө чакырып алып, акылын айтты. Мен да ага ымандай сырымды ачык айтып, шартым ушундай болуп жатканын айттым.

Эмнегедир, эже Иса Коноевич иштеп жүргөн мезгил тууралуу кеп козгоду. “Ал студенттерге аябай камкор,  түшүнбөгөндү  түшүндүрүп, кемчилигин көзүнө айтып, жалкоолуктан, жаман адаттардан арылуусун  талап  кылып,  жакшылыкка сүрөгөн инсан эле… Өзгөчө окуу жайды  таштап  кетем  деген  сен сыяктуу студенттер менен жакын кишисиндей сүйлөшүп, иштин аныгын билип, болгон акыл-насаатын айтып, окууну улантууга мажбурлачу бейиши болгур. Азыр ошол студенттердин баары ийгиликтүү иштеп жүрүшөт”, – деди.

Эженин сөзү мени чыйралтып, сергек ойго түрттү. Зачёт, экзамендеримди убагы болбосо да кийин-черээк тапшырып, курсту аяктоого өбөлгө болду. Азыркы ишим – мына ошол улуу адамдардын өрнөгү.

Кылы үзүлгөн гитара

Ошол жылдардагы дагы бир жаркын элес калтырган – мына бул сүрөттөгү Валентина Исабаева. Кийин институттун ректору болуп жүрдү. Бул кишини көрүп туруп, кыргыз болгонума сыймыктанчумун. Физиология сабагынан кээде бизге дарс окуп калчу. Аудиторияда отурган 200-300 студенттин көңүлүн 45 мүнөт толук ээлеп алчу. Эженин айтып жатканын түшүнсөң да, түшүнбөсөң да «эс талма болуп» укчу элек. Жай, жумшак үнү кишини көшүлтүп үргүлөтпөй, тескерисинче сергек кармап, кызыгууга сүрөчү. Буга жаштыкты азгырган, мемиреп көшүлткөн жаз да туруштук бере албачудай көрүнчү.

Мен институттун эстрада тобуна катышчумун. Белгилүү обончу, композитор Аксуубай Атабаев биздин өздүк көркөм чыгармачылык топту жетектегенге чакыртылып, чогуу иштеп калдык. Эртеден түндүн бир далайына дейре репетициядабыз. Май айы «Ала Тоо жазы» студенттик фестивалына кызуу даярданып калдык. Ушундай маанилүү жыйындар эженин көзөмөлүндө болгонун жалпы студенттер билчү. Студенттик жыйындарга Валентина эже өзү катышып, иш-чаранын маанисин «кулакка куюп», тартип маселесин талап кылып, адамды катуу  шыктантып  коёрун  айтып калышчу.

Фестивалдын башталыш күнү биздин топту Валентина Исабаеванын кабинетине чакыртып калды. Ал бизди жылуу кабыл алды. Мурунку замандан мисал келтирип кетти. Айрыкча кыздардын тышкы кебете-келбетине, кийген кийимдерине басым жасап, эмнени кийиш керек, эмнеден алыс болушту айтып, маданияттуулуктан да кичине баян кылып кетти. Ошентип жакшы тилектерин, оюн айтып бизди кабинетинен узатып койду. Менин оюмча, бул кездешүү ар бирибиздин сезимибизге кадимкидей козголоң салды.

Биздин  топ  политехникалык институттун эстрадалык тобу менен финалга чыкты. Зал жактоочу студенттерге толтура. Медик студенттер кичине азыраак. Мындай жыйындарга көнүп деле калганбыз, бирок бул жолу баарыбыздын өңдөрүбүздө сүрдөө, жоопкерчилик байкалып эле турду.

Ансамбль ойноп, солистерибиз ырдай баштады. Эки жак тең болгон таланттарын көрсөттү. Бир маалда жюри мүчөлөрү бир ырды кайталап беришибизди суранып калышты. Ошол ырда бир жеринде мен гитарада ойночумун. Калган аспаптардын  үнү  азайтылышы  керек болчу. Балекет басып, мына ушул жерде, гитарамын кылы тырс этип үзүлүп кетип жатпайбы! Абалымды сүрөттөп жазуу кыйын. Чекемден аккан тер көзүмдү жаап, эч нерсе көрүнбөй калды…

Концерт бүтүп, электроаспаптарды жыйнаштырып жатсак, эже баштаган эки-үч мугалим жаныма басып келип мага рахмат айтып, колумду кармап: “Сага кыйын болду го”, – деп жылмая карап, чачымдан сылап койду.

А мен эжеке ачууланып калды, эми жаман сөз угамбы деп түпөйүл болуп турдум эле да…

Асанбек ТОКТОМУШЕВ, Медицина илимдеринин доктору, профессор