ИИМ: Куралдарды мыйзамсыз сатуу аракетин жасаган жаран кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери республиканын түштүгүндө куралдарды мыйзамсыз сатуу аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жалал-Абад облусунун кармалган тургуну бир нече куралды автоунаага алташтырууга аракет кылган. КМКнын аймактар аралык башкармалыгынын атайын операциясынын жүрүшүндө куралды алмаштырууга аракет кылып жаткан Жалал-абад облусунун Токтогул районунун 1979-жылы туулган А.Н. аттуу жашоочусу кармалган.

Аталган факты КЖБРге катталып, ушул багытта ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган. 2019-жылдын март айынын аягында КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери куралдарды сатуу аракетине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Токтогул районунун аймагындагы Ош-Бишкек жолунда милиция кызматкерлери шектүүнүн башкаруусундагы “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан.

Автоунаанын ичин кароо учурунда ТОЗ-8 үлгүсүндөгү 2 даана мылтык, бирөөсү 1962-жылы чыккан, ал эми экинчиси өчүрүлгөн номуру менен табылган. Ошол эле күнү куралдарды сатууга шектелген Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну, 1979-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалган. ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралдарды, ок-дарыларды мыйсамсыз жүгүртүү) менен сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзүлүүдө.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экспертизанынын корутундусу менен алынган оку атуучу куралдар күжүрмөн ок атуучу курал катары жана андан ок атууга жарактуу деп таанылды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.