Аскат ЭРБАЕВ, актер: «Жакында министрдин кызынын 10 жылдан кийинки махабатына күбө болосуздар»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Коомчулукка “Министрдин кызынын махабаты” киносу аркылуу белгилүү болгон Аскат Эрбаев өзүн ырчы катары сынап көрүүнү чечти. Бек Борбиевдин “Эки така” аттуу тамашалуу ырын аткарып, ага клип тартуунун аракетин көрүп жаткан учуру.

– Жаз жарышын айлана-чөйрөнү тырмап, тазалап, бак отургузуу менен баштайт эмеспизби. Сиз дагы бак тигип, арык тазалаган чыгарсыз?

– Көп кабаттуу үйдө жашагандыгыма байланыштуу, арык тазалап, бак тиккен жокмун. Бирок, мектепте окуп жүргөн кезде мындай иштердин сазайын берчүбүз.

– Багбанчылыкка кандайсыз?

– Өтө жакшымын (күлүп). Мен Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу деген айылда төрөлүп, өскөм. Өзүңүздөр билгендей, Алай-Куу Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте турат. Тоолуу район болгондуктан, кара жумушка жаштайыбыздан бышканбыз. Жазында соко менен жер айдап, күзүндө буудайды орок менен орчубуз. Айылга барганда бул жумуштарды жасоодон тажабайм. Тескерисинче, ырахат алам. Мен тоолук болуп чоңоюп кал-ганыма кубанам.

– Бир кезде соко тартып, орок оруп жүргөн тоолук жигит азыр таанымал актер, бир үй-бүлөнүн башчысы болду дегендей, үйдө кандай кожоюнсуз?

– Өзүмдү жакшы кожоюнмун деп билем. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Бир кызыбыз бар, буюрса экинчисин күтүп жатабыз. Жакшы ата болгонго колумдан келишинче аракет кылам.

– Кызыңызга жомок окуп бересизби?

– Ооба. Мен кызыма жомок окуп берүүнү курсакта жаткан маалында эле баштагам. Төрт айлык боюнда бар кезинде келинчегимди отургузуп алып, “Кыргыз эл жомокторун” көркөмдөп, образга кирип окуп берчүмүн. Канткен менен актерлук кесипти окуп бүткөм да. Жубайым күлө берип, боору эзилип калчу. Менимче, бала тарбиялоону курсактагы кезинен башташ керек. Фундаментти жакшы куйсак, кийин арыз-муңубуз азыраак болот. Кичинесинен татыктуу тарбия бербесек, чоңойгондо какшаган менен бекер. Ошондуктан, кызым менен көбүрөк ойноп, көбүрөк сүйлөшүп, ага туура тарбия берүү боюнча изденип, китептерди, журналдарды окуп турам. Үйдө келинчегим экөөбүз урушпайбыз, катуу сүйлөбөйбүз. Себеби, ичтеги бала сыртта эмне болуп жатканын сезип туят. Позитивдүү болууга аракет кылабыз. Келинчегимдин көңүлүн көтөрүү үчүн, күлкүлүү окуяларды көп айтып берем.

–  Бойдокчулук  кезде:  “Мен  кыздардын баарын сүйөм, анткени сүйүү ошондой болуш керек”, – деп айтыптырсыз. Азыр кандай ойлойсуз, сүйүү кандай болуш керек?

– Менин айтайын деген оюм башка болчу. Биз бардык адамдарды сүйө билишибиз керек деген мааниде айткам. Мисалы, бул жакшы, тигил жаман, мунун колунда бар, анын колунда жок деп бөлбөй бардык адамдарды бирдей сүйүш керек деген кенен ойду айткым келген.

Мисалы, эртең менен күн уясынан чыкканда, тандап тийбейт да. Жандуу-жансызга кумурскага деле, жолборско деле, жаманга деле, жакшыга деле бирдей тиет эмеспи. Ошол сыңары, адамдын жүрөгүндөгү сүйүү күндүн нурундай мээримдүү болуш керек. Мен бардыгын сүйөм деген сөзүмдүн төркүнү ушул жакта болчу. Чыгыштын философиясын окуп, чыгыштын искусствосу менен машыга баштагандан бери ушул нерсени түшүндүм.

– Чыгыш искусствосу тууралуу сөз баштап калдыңыз, тай цзи цюань менен машыгып жүргөнүңүзгө 20 жылдай убакыт болуп калыптыр. Ушул аралыкта эмнеге жетиштиңиз, утушуңуз эмнеде болду?

– Менин эң чоң утушум – өзүмдүн ден соолугум. Бул жашоодо ден соолук болбосо, калган нерселердин кызыгы жок. Тай цзи цюань – адамды ар тараптуу тарбиялап, өзгөртөт. Мисалы,  мен  ден  соолугумду  чыңдоодон сырткары, жан дүйнөмө азык алдым. Ата-энемдин,  тууган-уруктун  кадыр-баркын билип баалаганды үйрөндүм. Токтоолукту, чечкиндүүлүктү, сабырдуулукту үйрөндүм. Жакшы адамдарды таптым, өзүмдүн артыман өсүп келаткан муундарды жакшы жолго багыттай алганымды чоң утуш деп эсептейм.

Айтор, зыян тарткан жокмун.

– Буга чейинки сиз жөнүндө жазылган материалдарды окуп отуруп, сизди спортко бир тууган байкеңиз алып келген экен деген ойго келдим.

–  Туура  айтасыз.  Спортко  келишиме түрткү болгон адам – байкем. Биз бала кезде, бирөөдөн таяк жеп ыйлап калыштан аябай намыстанчубуз. Анын үстүнө үй-бүлөбүздүн кадыр-баркына шек келтиргибиз келчү эмес. Баягынын иниси баланчадан токмок жеп калыптыр деген сөзгө калуудан намыстанган агам, мени атка мингенди, чапканды үйрөттү. Атайын атты токуп, колума камчыны карматып: “2 км. жерге чейин чаап барасың, кайра чаап келесиң”, – деп карап турчу. Менин чапканыма алымсынбаган байкем, атка өзү минип, мени учкаштырып ушундай катуу чабар эле. Коркконуман агамды кучактап алсам, камчы менен колго чапчу. Ошол кезде аны жаман көрчүмүн. Эмне эле мени мынча кыйнай берет дечүмүн. Азыр, агама башымды ийип таазим кылам. Мендеги жигитке таандык мүнөздөрдү ошол байкем калыптандырган. Аты – Салмоорбек. Айылда турат. Эр эңиш боюнча балбан.

–  Сизди  негизи  актер  катары тааныйбыз да, кино жаатында кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Буюрса, жакынкы убактарда жаңы кино тарталы деп камынып, даярдыктарды көрүп жатабыз. Сценарийдин үстүндө иштеп жаткан учурубуз. Фильм “Министрдин кызынын махабаты 10 жылдан кийин” деп аталат.

– Жакындан бери ырчылык өнөрдүн жолуна түшүп, ыр жаатына багыт алып жатканыңызды угуп жатабыз.

– Актер – универсалдуу адам болуш керек. Ал ырдаганды, бийлегенди билиш керек. Мен актерлук кесипти окуп жүргөндө 4 жыл вокалдан сабак алгам. Музыкалык билимим болгон соң, эмне үчүн мага ырдаганга болбойт.

– А эмнеге “Эки така”? Эмне үчүн жаңы ыр эмес?

– Биринчиден, Бек Борбиевдин бул ырын кичинекей кезимен бери жакшы көрчүмүн. Экинчиден, мага тамашалуу ырлар жагат. Ошондуктан, дал ушул ырды ырдагым келди.