Шашылыш билдирүү: сел жүрүшү мүмкүн

Тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 20-22-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.