Дүйнө сенин кучагыңдай кең эмес

“Дүйнө сенин кучагыңдай кең эмес” аттуу ырлар жыйнагынын автору жаш акын, журналист Тагаев Шайырбектин ыр дүйнөсү менен тааныштырабыз.

Шайырбек 1991-жылы 21-мартта Баткен облусуна караштуу Лейлек районун Айбике (Маданият) айылында жарыкка келген.

2009-жылы Маданият орто мектебин бүтүрүп Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырган. Кесиби филолог окутуучу. Учурда “Будь здоров” медициналык гезитинин жооптуу катчысы болуп эмгектенет.

 

Кеткен билбейм гүлдөрүмдү ким үзүп,
Түн уйкумду бузат бир оор үшкүрүк.
Кечки күздүн суугундай шамалы,
Ичиркентип жүрөгүмө түштү үшүк.

Жабыркаган сезимдерди жок кылып,
Эми сага бара турган жол сынык.
Поезд кесип кеткен өңдүү дилимди,
Ички дүйнөм алай-дүлөй бир кызык.

Кайра баштан жарык болуп жанамбы,
Кандай күч бар баса турган санаамды?
Саалбаган уйлар мөөрөп короодо,
Үйдүн ичи мынча муздак, караңгы?

Эртеңкиден үмүт берип күн батты,
Мен жоготкон бакытымды ким тапты?
Маңдайымда менден эрте сулк өлгөн,
Терезеден түшүп кеткен гүл жатты…

 

Сокпой жашайт жүрөгүм

Кайда гана ташталбады кадамдар,
Көкүрөктө көп кыйнаган жарам бар.
Кандай ойдо жүрүштү экен билбейм,
Куса кылып мен ыйлаткан адамдар.

Калбыр болду сага берген жүрөгүм,
Качан жыргап чын жүрөктөн күлөмүн?
Каражаным, мага арнаган жашооңдо,
Көөнүң жоктой жүргөнүңдү көрөмүн.

Кантип бошоп кетти менин тирегим,
Канча болсо бир бололу тилегим.
Кара көзүм, сүйбөшүңдү жашырып,
Кесе тиштеп кээде канайт илебиң.

Көлдөй толкуп жээк сүзүп жүрөмүн,
Кубалашкан толкундарды түрөмүн.
Көргөн сайын көздөрүңдү нуру өчкөн,
Көптөн бери сокпой жашайт жүрөгүм.

 

 Жүрөк жегичиме

Тоскум келди сени апкеткен жол учун,
Кеттиң учуп сенде сезим жок үчүн.
Бейтаалайым, сени күтөт түбөлүк,
Таштап кетип шубак өскөн конушуң.

Эмне мынча бийиктесиң көк тиреп,
Жараткандан келишиңди көп тилеп.
Толкундаган, ташкындаган жашооңдон,
Араң турган жан дүйнөмө сел кирет.

Кандай жансың кең ааламга батпаган,
Караңгысың бир да жарык жакпаган.
Сен өлтүргөн сезимдерди тирилтип,
Кайра баштан жашоо куруп баштагам.

Жүрөктөгү муздун күтүп эришин,
Ыза, куса бүттү менин жеп ичим.
Кайра келип кылба мени таалайсыз,
Бактылуу бол, менин жүрөк жегичим!

 

 Бейтибиз бир болсун

Биз ушундай жолго түштүк түбөлүк,
Бизге тийген нуру жылуу Күн өлүп.
Бизди аяган эч ким болбойт жашоодо,
Бакыт издеп өзүбүзчө жүрөлүк.

Бизге жашоо калбады же түгөнүп,
Багытыбыз билене элек бүдөмүк.
Башаламан сезимдердин жолудан,
Баш айланып табышалбай жүдөдүк.

Биз турмушта калалбадык бөлүнүп,
Булак болуп каректен жаш төгүлүп.
Бизди ыйлаткан сезимдерге багынып,
Баш көтөрбөй кала бердик көмүлүп.

Биргебиз биз бөтөн сөзүн укпаган,
Башкаларды кээде карап суктанам.
Бизди өрттөгөн сезимдерди түгөтпөй,
Бейитибиз бир болсо экен уктаган.

 

 Ырдан тигилген көйнөк

Жаным энем, мээримиңден гүл өнүп,
Сен бар үчүн бүтпөйт бактым түгөнүп.
Ак калпакчан тоолор турат кулабай,
Сенин гана кайратыңа жөлөнүп.

Жаным энем, сени неге теңейин,
Жаштыгымды алчы сага берейин.
Эне сага, күн нурунан жыпжылуу,
Ырларымдан көйнөк тигип берейин.

Мээримиңе жылыйт менин жүрөгүм,
Сенсиң менин сыймыктанып жүрөрүм.
Мага тилеп жараткандан жакшылык,
Жалгыз өзүң майдайымдан сүйөрүм.

Бүтпөсө деп, бул турмуштун сапарын,
Энемди ойлоп уктай албай жатамын.
Эне сенин, жаштыгыңды уурдаган,
Мезгилге да, турмушка да капамын!

 

 Эски жара

Багыт таппай турам азыр басаарга,
Өткөндөрдү эрким жетпей жазаарга.
Тээ качанкы сүйгөнүмө жолуктум,
Капыс жерден кире калып базарга.

Дилимде өлгөн курттар кайра тирилип,
Жүрөгүмдү кемиргени билинип.
Кайра баштан азап тарта баштадым,
Жаш чырпыктай жерге жете ийилип.

Сени кайра кезиктирип – куруппмун,
Жаман иттей көкүрөктө улуп муң.
Каректерим кара жерге куюлуп,
Сени ушунча келет эле унуткум.

Канча жылдар кулу болуп азаптын,
Жаракалуу учалбаган канатмын.
Биринчи ирет кечип сени жашоомдон,
Түбөлүккө чоочун болуп бараттым…
 

Жек көрөм жүрөгүмдү

Жектеп турам мен азыр сүйүшкөндү,
Достошконду, жаңынан таанышканды.
Жалган арнап сүйүүсүн же достугун,
Көнгөн алар ошентип жашаганга…
Эми мага бардыгы чоочун болуп,
Жүрөгүмө бир нерсе жетпей турат.
Чыгып кеткем айылдан бакыт издеп,
Жалгыз гана энемден бата сурап.
Эмнегедир ичимден жаман болуп,
Араң турам карманып жыгылганы.
Жерде жаткан таштарды жумшак сезип,
Кучагыма кысканы кулайт  элем.
Жарасы эч айыкпаган, өлбөгөн,
Сүйөм десе, досум десе ишенген.
Пейли кенен жүрөгүмдү жек көрөм!..
Коркуп жүрөм мен азыр сүйүшкөндөн,
Достор менен жат менен көрүшкөндөн.
Коркчу болдум “сүйөм” же “дос” дегендерден,
Эмнеге көп туруксуз мамилелер?!
Өзүн ойлоп унутуп убадасын,
Эч нерсе болбогондой жашай берген.
Ыйлаганды, күлгөндү түк билбеген,
Жүрөгү жок жашагым келет менин!..