ИИОнун Басма сөз кызматкерлери окутулууда

18-19-апрель күндөрү ИИОнун Басма сөз кызматтарынын кызматкерлери үчүн “Басма сөз кызматтары менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы натыйжалуу ыкмалардын байланышы” аталышындагы семинар-тренинг өтүлүүдө.

Семинар-тренингге ИИМдин Борбордук аппаратынын, ЖКККББнын, БМЖКККнын, МАККББнын, ИИМдин Академиясынын, “Шумкар” АБПнын, “Динамо” КДДБнын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББдин, облустук ИИБдин басма сөз кызматтарынын бардык кызматкерлери катышууда.

Аталган семинар-тренингдин максаты коомчулук менен ЖМКнын ортосундагы байланышты бекемдөө, кызматкерлердин профессионалдык квалификациясын жогорулатуу болуп эсептелинет.

Аталган семинар ИИОнун Басма сөз кызматтарынын күнүнө арналган.

Белгилей кетсек, 18-апрель күнү ИИОнун Басма сөз кызматтары түзүлгөнүнө 35 жыл толгондугун белгилешүдө.