Казак күрөшү боюнча биринчи чемпионат өттү

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


16-апрелде Бишкекте КРнын казак күрөшү федерациясынын уюштуруусу менен казак күрөшү боюнча чемпионат өттү. Ачылыш аземде Кыргызстандагы казак элчилигинин кеңешчи-өкүлү Алмат Тоекин биринчи жолу өткөрүлүп жаткан чемпионат эки өлкөнүн спорт чөйрөсүндөгү чоң окуя экенин белгилеп, балбандарга ийгилик каалады.

100дөн ашуун балбандар катышкан мелдеште жигиттер 8, айымдар 4  салмак даражалары боюнча күш сынашты. Алтын медалдарды Кубатбек Камчыбеков, Асман Акылбек уулу, Арген Бакытбек уулу, Кубанычбек Мискенбаев, Азизбек Сабиров, Айбек Акимов, Азамат Бектурсунов, Чоро Турганбек уулу, Анара Рыскулова, Ксения Белдягина, Уулкан Алимбай кызы, Нагира Сарбашова жеңип алып, Кыргызстандын чемпиондору болушту.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча Азия чемпионатына катыша турган Кыргызстандын курама командасы түзүлмөкчү.