Германия сапары: 1 миллиард евролук келишимдер жана 21 миллион евро грант

Президент Сооронбай Жээнбеков 2 күндүк расмий иш сапары менен Германияга барып келди. Бул сапар дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүнүн бири болгон Германия менен болгон алака — катышыбызды жаңы баскычтарга көтөрдү. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков бул күндөр ичинде Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель, Федералдык президенти Франк – Вальтер Штайнмайер, Бундестагдын төрагасы Вольфганг Штойбле өңдүү өлкө жетекчилери менен жолугуп, Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу, маңыздуу, маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Расмий иш сапардын алкагында дипломатиялык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык мамилелер чөйрөлөрүндөгү, финансы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлду. Ошондой эле Германия тарабынан Кыргызстанга 21 миллион евро грант берилип, 1 млрд. евродон ашык суммага кыргыз-немис ишкерлеринин ортосунда ар кандай келишимдерге кол коюлду.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду Германиянын Федералдык президенти Франк–Вальтер Штайнмайердин тосуп алуу учуру

Немис ишкерлерине эшигибиз ачык!

Кыргыз делегациясы Германияга конкреттүү сунуштары, такталып, таразаланган даяр келишимдери менен барган. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков Мюнхен шаарында өткөн «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» деп аталган кыргыз-герман бизнес-форумунда немис ишкерлери үчүн сөз сүйлөп, аларды Кыргызстанда биз-нес жүргүзүүгө чакырды:

Кыргыз-герман бизнес-форуму учурунда

— Өлкөбүздүн географиялык жактан жагымдуу жайгашуусу, бай жаратылыш ресурстары жана тажрыйбалуу, арзан жумушчу күчү — биздин табигый артыкчылыктарыбыз болуп саналат. Өлкөдөгү ийкемдүү билим  берүү  системасы  кыска  мөөнөттүн ичинде керектүү персоналды даярдай алат. Биз жагымдуу инвестициялык климатты, саясий жана макроэкономикалык туруктуулукту түзө алдык. Биз Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү Стратегиясын кабыл алдык. Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын аныктадык. Алар — энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр-жайлары, айыл чарба жана кайра иштетүү, транспорт жана туризм. Стратегияда аймактарды өнүктүрүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу маселелерине өзгөчө орун берилген. Бизде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдонулбай келген чоң мүмкүнчүлүк бар. Биздин кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири — өлкөдө биргелешкен кыргыз-герман ишканаларын түзүү. Регион боюнча бизде башкаларга караганда либералдуу салыктык режимдер иштейт. Пайда салыгы жана киреше салыгы болгону 10%дан болсо, ал эми кошумча нарк салыгы — 12%ды түзөт. Арзан баадагы ресурс тарга мүмкүндүк алуу, аныничинде арзан эмгек күчү жана электр энергиясы биргелешкен ишканалар үчүн салыштырмалуу  артыкчылык  берет.  Бизде электр энергиясынын баасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң арзан болуп саналат. Кыргызстан дүйнөнүн 52 өлкөсүнө, анын ичинде Германияга бир тараптуу виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкөлөрдүн бири. Эл аралык туристтик уюмдардын маалыматтары боюнча 2012-жылы Германиядан Кыргызстанга барган туристтердин саны 7 миңдей болсо, 2018-жылы 22 миңге жа-кын адам болгон. Азыркы убакта Кыргызстан ВСП+ макамын алган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө болуп саналат. Биз бул үчүн европалык тарапка ыраазыбыз. Ошого карабастан аталган  инструментти толук кандуу колдонуу үчүн мында ары да бизге колдоо керек. Бүгүнү күндө кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү европалык жана дүйнөлүк рынокко продукцияларын чыгаруу үчүн товарлардын сапаты тууралуу сертификатты кымбат баада алууга мажбур болууда. Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүгө чакырам. Кыргызстан жаңы типтеги жогорку технологиялуу, ыңгайлуу жана экологиялык таза өнөр-жайга муктаж. Биз жашыл экономикада, энергияны үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуу булактарын табууда, биоинженердик жана нанотехнология тармактарында жаңы технологияларды жана инновацияларды түзүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө даярбыз. Кыргызстан — экологиялык таза агрардык азык-түлүктөр өлкөсү. Биздин максатыбыз — ушул жакшы атыбызды сактап калуу жана сапаттуу азык-түлүктөрдү Европанын, анын ичинде Германиянын да базарларына жеткирүү.

Хуберт Айвангер: «Силерде экологиялык таза азык-түлүк көп, аны Европага сатуу ийгиликтүү болмок»

Бизнес  форумдан  кийин  Сооронбай Жээнбеков Бавария экономика, өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министри, Хуберт Айвангер менен жолугуп:

— Германия ишкерлери үчүн биздин өлкөнү иш жүзүндө чындап ачып берүүнү жана түрдүү тармактарда биргелешкен ири жана орто долбоорлорду алдыга жылдырууну каалайбыз. Биздин германиялык өнөктөштөрүбүзгө өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн сунуштарыбыз бар. Биздин өлкөдө германиялык компаниялардын өкүлдөрүн көргүбүз келет,- деген сунуштарын айтты.

Биздин басып өткөн жолубузду, тарыхыбызды терең сыйларын айткан Хуберт Айвангер мырза:

— Сиздер парламенттик демократиялуу өлкө болгон мамлекетке жетиштиңиздер. Албетте, бул жол жеңил болгон жок. Коомчулук жаңы шартта жашоого үйрөнүшү зарыл. Келечекте сиздердин өлкө тандаган жол жакшы жана байсалдуу болооруна толук ишенем. Кызматташтык үчүн туризм эң ири тармактардын бири болуп саналат. Туристтердин дүйнөдө гү табийгаты өзгөрүүсүз сакталып калган жерлерге саякаттоосу барган сайын популярдуу жана заманбап болууда. Сиздерде агрардык тармак жана айыл чарбасы абдан күчтүү, албетте, муну андан ары өнүктүрүү зарыл. Сиздерде экологиялык таза азык-түлүктөрдүн абдан көп көлөмү бар жана аны европалык рынокко сатуу абдан ийгиликтүү болушу мүмкүн, – деди.

Ошол эле күнү өлкө башчы Мюнхен шаарынын чет жакасындагы «Pellmeyer» айыл-чарба ишканасында болду. 200дөй уй багылган бул фермада сүттөн тышкары, уй кыгынан биогаз өндүрүлөт. Ишкананы кызыгуу менен көрүп чыккан Президент энергиянын мындай булагын бавариялык фермердин тажрыйбасында бизде да колдонууга мүмкүнчүлүктөр көп экенин айтты.

Немис президенти Кыргызстандагы кайра курууларга суктанаарын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-апрель күнү Берлин шаарында Германиянын Федералдык президенти Франк- Вальтер Штайнмайер менен жолукту.Өлкө башчыбызды жылуу кабыл алган немис президенти:

—  Сиз  Германияга  биринчи  жолу  келген жоксуз жана биздин өлкөнү жакшы билесиз. Мен дагы Бишкекте болгонмун жана сиздердин өлкө, эли жана жаратылышы мага абдан жаккан. Кыргызстан парламенттик демократия жолунда ишенимдүү бара жатат. Сиздин жетекчилигиңиздин алдында ишке ашып жаткан кайра куруулар чоң суктанууну жана урматтоону пайда кылып жатканын баса белгилейм, — деди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Германиянын Федералдык президенти Франк–Вальтер Штайнмайер

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын өнүгүү жолу жана өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар, парламенттик демократияны бекемдөө, сот-укук коргоо системасындагы реформа, шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу тууралуу кыскача айтып, кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүшүнүн канааттандырарлык деңгээлин жана кызматташтыктын азыркы темпин улантуу маанилүү экенин белгиледи.

— Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтыгынын жаңы Келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөр процессинин алкагында активдүү иштеп жатабыз. Келишимге кол коюу КР менен ЕБ ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат. Бул сиздердин да жетишкендик,— деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой  эле  Президент  Сооронбай Жээнбеков Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен дагы жолугуп, дүйнөдөгү саясий кырдаал, кыргыз-немис кызматташтыгы тууралуу пикир алышты.

Ангела Меркель кыргыз экономикасына оң баасын берди

Эл аралык саясатта чоң орду бар дүйнөлүк лидерлердин бири, Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде жолугушту. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ангела Меркель Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолу жөнүндө Германия жана Евробиримдик биле турганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель

— Биз бул тандоону урматтайбыз. Элдин бакубатчылыгы өнүккөнү маанилүү жана биз бул жагынан сиздерге жардам бергенге даярбыз. Азыр сиздердин экономикалык көрсөткүчүңүздөр жаман эмес. Дүйнөлүк тенденцияны эске алганда 5 пайыздык өсүш жаман эмес. Кыргызстандын демократия жолунда бара жатканына канааттануумду билдирем жана бул багытта жана башка чөйрөлөрдө кызматташтык улана бермекчи.

 Мен  сиздердин  агрардык  сектордогу коопе ративдерди өнүктүрүүнү колдоо боюнча өтүнүчүңүздөр тууралуу маалыматым бар. Биз бул чөйрөдө кызматташа алабыз, фито-санитария, азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн сапатын камсыз кылуу жана жашыл технологиялар багыты боюнча консультацияларды берүүгө даярбыз. Кыргыз-герман форуму экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болооруна ишенем. Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланыштары бар, бирок, аларды тереңдетүү зарыл. Силер өз көйгөйлөрүңөрдү чечип жатасыңар — парламенттик демократиянын орношу, табигый жаратылыш ресурстарына болгон мамиле, геостратегиялык кыйынчылыктарды жеңүү жана көп тараптуу кызматташуу. Булардын баары бизди бириктирип турат. Мюнхенде өткөн экономикалык форум эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу үчүн жакшы старт болуп калды. Сиздер Кыргызстанды жана өлкөнүн өнүгүү чөйрөлөрүн жакшы көрсөттүңүздөр. Өлкөнү регионалдык бекемдөө боюнча милдеттерге чоң урматтоо менен караймын,- деди ал.

Президентибиз Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий визит менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия Кыргызстандын Европадагы негизги өнөктөшү экенин белгиледи.

Ал  расмий  визиттин  алкагында  эки күндүн ичинде болгон жолугушуулар жана иш-чаралар, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.

— Өлкөдө парламенттик демократияны орнотуу процесси жигердүү уланууда. Сот жана укук коргоо системаларын реформалоо жүрүп жатат, бул органдардын ишине ачык-айкындуулук принциптери киргизилүүдө. Кыргызстан демократиялуу жана укуктук мамлекет катары ишенимдүү алга кадам таштоодо,- деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Тиленбек АЗЫК