Абылгазиев: Сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Москва районундагы «Ак-Сүт» сүттү кайра иштетүү заводунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөң билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана жетекчиси Кайрат Абдуллаев заводдун учурдагы иши, анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана өндүрүлүп жаткан продукцияны экспорттоо көлөмүн жогорулатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, мындай сүттү кайра иштетүүчү заводдор Ош, Нарын жана Талас облустарында ачылып, ийгиликтүү иш алып барууда.

«Сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керек. Өткөн жылы айрым райондордо 1 литр сүттү сатып алуу баасы 13 сомго дейре түшкөн жана жарандар бааны тийиштүү деңгээлде кармап калууда көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Рынокто мындай абалга жол берилбеши керек. Адамдардын тийиштүү киреше алууга болгон үмүтү басаңдаган», – деди Премьер-министр.

Өз кезегинде ишкана жетекчиси Кайрат Абдуллаев сүттү сатып алуу баасын 25 сомго дейре жогорулатууга даяр экендигин билдирди.

Дыйкандардын эмгеги акталышы керек экендигин айткан Өкмөт башчы: «Калктын сатып алуу баасы ар кандай жана ортомчу түзүүмдөрдүн иш алып баруусуна жараша ар дайым эле жогору боло бербейт. Мындай ишканалар калктан сатылып алынып жатан сүттүн баасын жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изздөөсү тийиш. Бул өндүрүштү өнүктүрүүгө шарт түзүп, ишканалар үчүн тийиштүү көлөмдөгү сүттүн туруктуу тапшырылуусун камсыздайт. Өз кезегинде дыйкандар чарба жүргүзүүдөн жетиштүү түрдөгү киреше алып, малдын башын көбөйтүүгө жана анын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алат. Мунун өзү айылдардагы жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жакшыртуу үчүн абдан маанилүү саналат», – деди.