Сууга чөгүп кеткен 5 жашар баланын сөөгү табылды

Ат-Башы суусуна чөгүп кеткен 5 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, баланын жансыз денеси 19-апрелде болжол менен саат 12:15те Чу дарыясынын Бирлик менен Гроздь айылдарынын ортосундагы бөлүгүнөн табылган. Ал бала түшүп кеткен жерден 12-13 чакырым ылдый болгон.

Белгилей кетсек, 11-апрелде 5 ажшатагы бала Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы каналга чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине 133 куткаруучу жана издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстандан 4 суучул тартылган.