Эрте никеге туруунун эртеңи күмөн

2016-жылдын ноябрынан баштап өлкөдө жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Ал жашы жете электердин эртелеп турмуш куруусуна жол бербөө максатында кабыл алынган.

Ушундан улам тиешелүү мыйзамдарга,  КРнын  Үй-бүлө кодексине, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр да киргизилген. Аны менен жашы жете электерге нике кыюуга катышкан адамдарга – ата-энелерге, диний кызматкерлерге кылмыш жоопкерчилиги каралган. Алар 3төн 5 жылга чейин мөөнөткө эркинен ажыратылууга жазаланышат.

Мыйзамдын  аткарылышына жетишүү үчүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин токтому менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ал өз кезегинде мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча планды иштеп чыккан. Ага бир катар мамлекеттик органдардын  –  аталган  министрликтин,  ИИМдин,  Билим  жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Акыйкатчы институтунун, Дин иштери боюнча мамкомиссиянын, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттиктин жетекчилери кол коюшкан.

Планга ылайык, ченемдик укуктук актыларды, жоболорду, изилдөө методикаларын,  нускамаларды, маалыматтык  материалдарды, ыйгарымдуу түзүмдөрдүн потенциалын жогорулатуу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу каралган. Министрликтер менен ведомстволор, милиция органдары, билим берүү мекемелери, диний уюмдар, ошондой эле бүтүндөй өлкө боюнча өкмөттүк эмес уюмдар эрте жана балдар арасында никеге турууну болтурбоо боюнча түшүндүрүүчү жана алдын-алуучу иш чараларды өткөрүштү.

Эрте никеге турууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан бери дээрлик эки жыл өттү. Бул боюнча кырдаалга таасир этүү үчүн мамлекеттик органдар менен коомдук институттар тарабынан эмнелер жасалды, пландын тапшырмалары аткарылдыбы жана өлкөдө жалпысынан кырдаал өзгөрдүбү?

Мына  ушул  суроолорго  жооп берүү “Өлкөлүк милдеттенмелерди аткаруу аркылуу Кыргызстанда аялдар жана кыздар арасында маргиналдашууга  туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында БУУӨПтүн Кыргызстандагы офисинин, Улуу Британиянын элчилигинин колдоосу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун

жана “Алга” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнөн турган мониторинг тобуна жүктөлгөн. Анын максаты – пландын аткарылышынын учурдагы абалын мониторингдөө эле эмес,

эрте никелерди болтурбоо боюнча андан-аркы кадамдарды пландоо үчүн рекомендацияларды да даярдоо болгон.

Мониторинг өлкөнүн жети облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында  планда көрсөтүлгөн аткаруучулардын – Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, раймамадминистрациялардын, шаар мэрияларынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана башкалардын активдүү катышуусу менен жүргүзүлгөн.

Март айында мониторинг тобунун мүчөлөрү сурамжылоолор, фокус топтор, анкеттөө аркылуу маа -лымат жыйнашты. Регионалдык мамлекеттик  структуралардын, коомдук уюмдардын, диний уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү калк бул ишке активдүү тартылуу менен планды жана жашы жете электер менен никеге тыюу салуу боюнча мыйзамдын аткарылышы боюнча кырдаалды иликтеп чыгышты. Ошентип, эрте никеге туруу боюнча өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүүгө жетишилди, алардын санынын азаюу тенденциясы пайда болду жана калк негизинен мыйзам жана аны бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө билип калды деп айтууга болот.

Мамлекеттик, коомдук структуралардын, диний уюмдардын биргелешкен ишинин натыйжасында эрте никеге туруу же балдардын никеге туруусун кыскартууга түшүрүүгө жетишилди. Буга болгону эки жылдай эле керектелгени да маанилүү, ошол эле учурда бул багыттагы иш улантылууда.

Алдыда дагы көп нерсени жасоо турат, ушул өңүттөн алганда бул ишке өлкөбүздүн ар бир жаранынын катышуусу өтө маанилүү!

Асел ДУНГАНАЕВА