Коопсуздук маселелери талкууланды

18-апрелде КР УКМК Терроризмге каршы борборунда (ТКБ) мекемелер аралык координациялык комиссиянын терроризмге каршы иш-чараларында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча 15-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө, эл аралык террористтик уюмдардан келип чыккан коркунучтарга каршы туруудагы кызматташтыкты бекемдөө, жаз-жай убагында мамлекеттик чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын иш-чараларды иштеп чыгуу маселелери каралды.

Отурумдун катышуучулары учурдагы кырдаалга таасир эткен багыттарды жана жагдайларды, анын ичинде, Сирия-Ирак жана Афган-Пакистан аймактарында туруксуздуктун сакталышы, жашыруун террористтик ячейкалар жана ошондой эле, мамлекеттик чек аранын начар корголгон бөлүктөрүнөн согушчандардын кирип келишинин тенденциялары менен факторлорун талкулашты.

Ушул маанилүү багыттарда маалыматтарды туруктуу алмашуу зарылчылыгын, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен коопсуздук чараларын бекемдөө, терроризмге каршы машыгууларды жүргүзүү тастыкталды.

Ошондой эле, мамлекеттин кайтаруусундагы объекттерди жана жашаган жери боюнча коргоого алынган адамдардын коопсуздугуна коркунуч пайда кылган себептерди жана шарттарды жоюуга багытталган чечимдер кабыл алынды.

Отурум ишкердүү жана конструктивдүү шартта өттү.