Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

 Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Жыландарды Жан жанагы жерге токтотуп коюп, өзү үйгө чабармандыкка келген. Абылай болуп төрт-беш киши  үйгө кирген кезде, Жан да үйдөгүлөрдү  издей баштаган.

Көз байланып, күүгүм маалы болгондуктан, үйдү жарык кылыш үчүн Абылай  таяктын башын күйгүзүп алган. Ошол бир тутам жалын үйдүн ичине ары жарык, ары сүр берип, дене бойлор дүркүрөп турган маалда, адамдар жылан менен кайра да карпа-курпа кездешип, турган-турган жерлеринде үн жок, сөз жок селейип туруп калышты!

Капортосуна чейин тикчийип тура калган ак жыландын көздөрү кызыл жарыкта ого бетер кыпкызыл болуп күйүп, от чачып турду! Ушул тапта ал мурда болуп көрбөгөндөй каардуу, заардуу болчу! «Эр эле болсоңор буларга тийип көргүлө!» – деген жазуу бар эле анын көздөрүндө. Абылай:

– Кызмончок?.. – деди эриндери да кыймылдабай, көмөкөйүнөн ак жыланга карай акырын шыбырап, – Уулумду эле бер?! Башка эч нерсе сурабайм?! Энесин ая? Башка эчтеке…

Жылан саал жибий түштү. Денеси акырындап жумшарып барып, «эшикке чыккыла» дегендей башы менен эшик жакты көрсөтүп, белги жасады. Аны оңой эле түшүнгөн Абылай да, башкалар да арты менен жылып, эшикке чыга качышты. Айрымдары атүгүл, артын карабай качып да баратты.

– Жылан! Ажыдаар!!! – дешти эшиктегилерге. Элдин үрөйү учуп, ого бетер сестене удургуп, үйдөн кетенчиктеп, арылай  түшүштү.

Артын карабай качып келип, бирок жер чапчып, ботодой боздогон аялын жоошута албай жаткан Абылай чачырай түшкөн элди карап, жан-жанына кайсалактай калды да:

– О, эл-журт?! Ушинтет белеңер?! – деп жансоогалай бир бакырып алды. Өрт өчүп, эл кичине тынчый түшкөнүнө каниет кылып, шалдая түшкөн Акбай ата үйдүн түбүндө колу-бутун сунуп ийип, шалдайып отурган. Абылайдын үнү аны «селт» эттирди. Теңселе басып келип, сыңар тизелей отуруп Сайранын тамырын кармап:

– Бир аз чыда, кагылайын! Мен азыр… – деп кайра үйдү көздөй кетти. Баятан бери ар кай-ар кай жерде соксоктоп качып турган адамдар эми Абылай менен Сайрага келип кошула башташты. Баарынын эси-дарты, эки көзү анткен менен Акбай аксакал кеткен – үй тарапта эле.

* * *

Үйдү кыдырып, Асылбектин үй-бүлөсүн издеген Жан алардын ушул эле жерде экенин билип, Кызмончоктун жүрөгүнүн «дик-дик» кагып, энтиге дем алганы жакын эле жерден сезип жатты.

– Жан?! –Кызмончок да жыландын шыбыртын туюп, шыбырай айтты эле, Бектемир бу сөздү өзүнө алып, кызга күлүмсүрөй, бактылуу боло карады.

* * *

Бая өрт чыга баштаганда эле Асылбек үй-бүлөсүн жер алдындагы «үйүнө» алып түшүп кеткен. Аны эч ким билчү эмес. Билмек турсун бул эч кимдин оюна да келчү эмес. Ушундай күн болорун болжогонбу, же башка дагы бир нерсени ойлогонбу, айтор жайлата төркү үйүнүн бурчунан ылдый кирип кете тургандай эшик жасап, бир үй-бүлө баткыдай казып, ичин жылмалап, саман төшөп, бир бөлмө жасап койгон. Аны Жан билчү. Канча ирээт  ушул «үйдө» түнөп да жүргөн. Имерилип эми да так ошол бурчту көздөй бет алганда эшик «шарак!» ачылып, Акбай ата кирип келди. Жылан демин ичине катып, абышкадан көз албай карап калды. Акбай ата аны көргөн жок.

– Асылбек! – деди үйдү айландыра кулагын төшөп. – Уулум, кайдасың каралдым?!

Башынан эле бул үй-бүлө Акбай атаны жакшы көрчү. Анткени, Акбай ата Асылбектин ата-энеси менен тээ бармактайынан курбу, дос болгон. Өз атасын Асылбек эс-мас гана билет. Анткени, ал Асылбек кичирээк кезинде эле дүйнөдөн өтүп кетип, уулду энеси жалгыз чоңойткон. Ыраматылык Сабыркан апа да ушул кишини өтө сыйлайт эле. Аны Асылбек да билчү. Ошо кичинекейинен эле Акбай атасы ага абдан жакын адамындай сезилип, эмне үчүндүр эле ага боор тарта берчү. Койнуна жатып, атына учкашып, жытын жыттап, эркелеп, эки-үч курдай эрчип да кетип, апасынан тил уккан.

– Антчү эмес! Чоң эле жигит ар кимдин койнуна жатам деп эрчигени уят болот! – деп, кээде:

– Аа, балам! Ата мээримине, жытына канбай калып, ошонун ордун күсөп жатканың го! – деп койчу. Атүгүл комуз черткенди дагы Асылбекке Акбай атасы үйрөткөн. Элик-Жондо экөө айылды карай жанашып отуруп алышып, күндүн батканын карашчу. Комуздун сырын, күүнүн сырын чечмелеп, ата-бабалардын санжырасын  айтып отуруп, бүгүнкү күнгө жетчү.

Арийне, балага өз атасындай таалим-тарбия берүүнү, акыл-насаат айтып, оң жолго багыштоону Акбай өлөр-өлгүчөктү мойнундагы парзы катары сезчү. “Жаман уулду өзүңө абыштадым, Акбай. Колуңдан келсе көз сал…” – деп  досу өлүм алдында жатып, аманат калтырганы бар. Бул тууралуу аяш атасы көп эстеп, ансайын карегин ысык жаш каптап,  муун-жүүнү бошоп кетер эле…

Бирок бүгүн Асылбек Акбай атасына: «Чын эле Акбай атам ушинттиби?!..» – катуу таарынып турган. Ал киши элди топтоп туруп буларга коё берип, өзү адатынча Элик-Жондо карап отургандай ойлогон.

– Асыке?! Келин бала?! Кызмончок?!

Карыянын добушун так үстүлөрүнөн эшиткени менен эч кимиси унчуккан жок.

– Уулум?! Бул – мен! Кайдасың, кагылайыным?!

Үйдө эч ким жоктой, кулак-мурун кескендей тым-тырс эле! Акбай карыянын жүрөк тушу мыкчылып, көзү караңгылап кетти. Эки-үч ирээт ары-бери калдалактап, тамталаңдап барып, анан турган ордунда «дүп!» этип кулап түштү!

– Ата?! Акбай чоң ата!.. – деп сөзүнөн аягына чыкпай, көздөрү алая түшкөн Кызмончок ордунан ыргып турду. «Жылан чагып алды окшойт!» – деп айтып жибере жаздап, эмнегедир Бектемирден тартынды. Асылбектин оюна да ошол келип, жерди кыркалата кертип жасаган тепкич менен жогору чыгып, төбөсүндөгү «эшикти» ачып, өйдө чыкты. Белине чейин чыккан Асылбек жерде чалкасынан жаткан Акбай атаны, аны тегеренип, чубалып сойлоп жүргөн Жанды көрдү. Аңгыча ата оор дем алып онтоп жибергенде, жылан аркы үйгө чыгып кетти. Асылбек Акбай атанын оозуна суу тамызып, башына жаздык койду. Эсине келген абышка:

– Балам, – деди Асылбектин артынан кошо чыгып келген Бектемирге карай колун сунуп, – Ата-энеңе барчы, балам! Алар эшикте сени күтүп… Апаң байкуштун алы начар. Бара гой, а мен балдарым менен… – деп келип азга унчукпай калып, анан:

– Таң ата балдарым менен мен да элимден, жеримден кетет окшойм! – деди эл-журтуна таарынгандай.

– Мен эч кайда кетпейм, ата! – деди Асылбек көгөрүп, – Элге чындыкты түшүндүрүп, чоо-жайды айтам! Чындыгында менде дагы, элде дагы эч кандай айып жок! Кептин баары жанагы…

Жылан чыгып кеткен жакты карады:

– Жанагыда! Мен аны тирүүлөй жанчып, элдин алдына таштайм! Ошондо билет алар, менин кызымдын ким экенин!!!

Бирок ал муну ачуусу менен гана айтты. Акбай карыя менен Бектемир анын эмне жөнүндө, ким жөнүндө сүйлөп жатканын түшүнбөй калышты. Алар бу жерден дагы Асылбек Кызмончок жөнүндө айтып жаткандай түшүнүштү. Бектемир:

– Асылбек байке! – деп ийди эми элеки кызын көкүрөгүнө кысып, эркелетип, чачынан жыттап турган атанын заматта үрөйдү учурган кепти айтып жатканына таң кала да, ишенбей да.

– Бар! – деди Асылбек Бектемирге, – А сен азыр үйүңө бар!

Улам бирден үйгө – жогору чыгып келген Сырга менен Кызмончок да Асылбектин айтканын туура көрүштү.

– Бек! – деди Кызмончок, – Көрөсүң го, эртең баары жакшы болот! Ата-энең дагы, эл дагы бизди жек көрбөй калышат. Ошон үчүн сен азыр барышың керек!

Жигит эч нерсеге түшүнбөй, бирок кыздын: «Эртең бизди жек көрбөй калышат… баары жакшы болот» дегенине жетеленип, аларды бир кылчак карап, үйдөн чыгып баратты. Оозгу үйдүн бурчунда далдаланып жаткан жылан аны узата карап койду.

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.