Рейдерлик менчик ээлерине эле эмес, мамлекетке да зыян келтирчүдөй

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


«Кыргыз Туусунун» 5-апрелдеги санында жарыяланган «Укук коргоочулар өздөрү укук бузушса, кайда баруу керек?» аттуу макалада рейдерлик фактысы жана андан кийинки териштирүүлөр убагында укук коргоо жана сот органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан бул чыр-чатактуу ишти мыйзамдуу, калыс териштирүүнүн ордуна, бир тараптуу мамилелер жасалып жатканы айтылган. Макаланын аягында тема улантыла турганы билдирилген. Ошол убадага туруу менен бул талашты тыкан териштирип карап чыккан адамда жаралбай койбоочу айрым нерселерди окурмандар менен бөлүшүп коелу.

Айласы кетти. Эми ачкачылык жардам береби?

Азыркы учурда баш коргоо чарасы 21-апрелге чейин камакта кармоого узартылган Сергей Фищенко аргасы кеткенден улам ачкачылык жарыялоону чечти. Адатта, адам мындай кадамга оңойлук менен барбайт эмеспи. А бул кылмыш ишин тергеп жаткан Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) тергөөчүсү Артур Сабиров азыркыдай мыйзамсыз аракеттерин уланта берсе, жана мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүүчү башкы орган – КРнын Башкы прокуратурасындагы айрым кызматкерлер ага мындай “мүмкүнчүлүктү түзүүнү” уланта беришсе, аны менен С.Фищенкону ачкачылык жарыялоого эмес, суицидге да жеткирчүдөй болуп турушат.

Сөз  башында  окуянын  фабуласын бир аз кайталай кетели. Буга чейин С.Фищенконун аракеттери боюнча анын оппоненттери тарабынан жазылган арыздын  негизинде  финансы  полициясы (ЭККМК) тарабынан 04.04.2016-ж. козголгон №288-16-0029 кылмыш иши туура бир жылдык тыкан иликтөөдөн кийин тергөөчү З.Оморбеков тарабынан 2017-жылы апрелде С.Фищенконун аракеттеринде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу токтотулган.

Финансы  полициясынын  дагы  бир тергөөчүсү А.Мамбетов да 2018-жылдын июлунда ушул эле жүйөө менен кылмыш ишин токтоткон токтом чыгарган.

Бул  иш  сотто  да  каралып,  Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөөчүлөрдүн кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугу тастыкталган.

Албетте, Башкы прокуратура бул соттук чечим менен макул болбосо, аны жогору турган соттук инстанцияда даттанса болмок. Анын ордуна ал экинчи жолу финансы полициясынын тергөөчүсүнүн токтомун жокко чыгаруу менен, кайтадан тергөөнү жаңыртып жатат.

Ушуга жарыш эле С.Фищенконун мурдагы компаньону, АКИФтин мурдагы башкы директору Исмар Майсызовго жана дагы бир мурдагы директору Муктарбек Аманкуловго карата кылмыш иштери козголуп, Биринчи май райондук сотунун 05.11.2018-ж. өкүмү менен М.Аманкулов өзгөчө ири өлчөмдө салыктарды төлөөдөн качуу үчүн соттолгон. И.Майсызовго карата кылмыш иши боюнча ошол эле сот 22.11.2018-ж. чечими менен ишти тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн прокуратурага жөнөтүү чечимин чыгарган. Анда сот И.Майсызовго мурда тагылган айыптардан тышкары дагы төрт кылмышты: өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу, коммерциялык уюмда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча эки эпизодду жана С.Фищенко өзүнө АКИФтин 2,5 млн. долларын ыйгарып алгандыгы жөнүндө билип туруп жалган айгак болууну жасагандык айыптарын коюу жөнүндө көрсөтмө берген. Бул соттук чечим азырга чейин күчүндө жана ал алынып салынган эмес.

Мына ушундан соң финполиция бул жолу С.Фищенкого карата анын адвокаттары талап кылышкандай, кылмыш окуясы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотууга тийиш болчу. Бирок…

АКИФ боюнча жалгыз “адис” Артур Сабировбу?

Бирок, финансы полициясынын мыйзамдуулукту сактаган жана уяты бар мурдагы тергөөчүлөрү (З.Оморбеков менен А.Мамбетов ж.б.) чыгарган токтомдорго карабастан, иш бул жолу колуна тийген ЭККМКнын тергөөчүсү А.Сабировдун аракети менен бул фирмага байланыштуу кылмыш иштеринде адамдын акылына сыйгыс таң калычтуу метаморфозалар башталды. Башкача айтканда, ал жогоруда аталган сот чечимине “чокоюм” деп коюп, С.Фищенкого карата Росинбанктын 3 млн. доллар каражатына кол салгандыкка шектелүү жөнүндө маалымдоо чыгарат да, анын баш коргоо чарасын тергөө изоляторунда кармоого өзгөрттүрөт.

А.Сабиров чечиминде бул иш боюнча жабырлануучу катарында арыз берген И.Майсызовду эмес, эмнегедир “Росинбанк” ААКсын көрсөткөн. Кызыгы – банк тарабынан аны жабырлануучу катарында таануу же ага карата С.Фищенко тарабынан кылмыш жасалгандык жөнүндө арыз жазылган да эмес. Атүгүл, “Росинбанктын” АКИФ фирмасына анын кредиттик келишим боюнча ссудалык карызы жоктугу жөнүндө жазган каты да бар.

Бирок,  ушуларга  карабастан  А.Сабировдун  жасаган  аракеттери,  албетте, абсурд!

Артурдун андан аркы абсурддары

А.Сабировдун абсурд аракеттери муну менен токтоп калбайт. Ал рейдерлик жана алдамчылык үчүн айыпталып, алды издөөдө жүргөн Ф.Аблямитовага жана ага шериктеш Р.Кузекеевге, И.Майсызовго, Б.Абдыкаровго жана башкаларга карата териштирүү жүргүзүү ордуна, 18.02.2019-ж. фирманын кийинки жетекчиси Жаныбек Качыбековго карата алдамчылык жана коммерциялык уюмда ыйгарымдарынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүү жөнүндө маалымдама чыгарган. Ага негиз катарында АКИФ фирмасы жаңы кредитор Р.Кузекеевге кредит келишими боюнча карыздарын төлөбөй жаткандыгын келтирген.

А мыйзамдарга ылайык, бул талаш болгон күндө да жарандык мамиле катарында жарандык сот өндүрүшүндө каралууга тийиш эмеспи!

Ал эми фирманын уюштуруучуларынын дагы экөөсүнүн уулдары – Рустем Куватбековго жана Эрмек Турманбетовго карата маалымдоосунда алардын талап кылуу укугун чегинүү боюнча бүтүмдөрдү сот органдары аркылуу даттануусун кылмыштык жазалануучу жосун катарында квалификациялаган.

Качантан бери өз укугун сот аркылуу талашуу аракети кылмыш болуп калды эле!

Мындан тышкары А.Сабиров Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз козголгон №1-17-1941 кылмыш иши боюнча Р.Кузекеевди жабырлануучу катарында көрсөткөн, иш жүзүндө Р.Кузекеев азыркы учурда доогер болуп саналат жана АКИФ фирмасынан анын күрөөгө коюлган мүлктөрүнүн эсебинен 3,453 млн. доллар карызды соттук тартипте өндүрүүнү талап кылып жүрөт.

Иштин ИИМге берилбеген себеби эмнеде?

Негизи  быйылкы  жылдан  баштап күчүнө кирген жаңы мыйзамдарга ылайык, финансы полициясынын тергөөчүсү А.Сабиров тергеп жаткан иштер ИИМдин тергөө кызматына берилүүгө тийиш болчу. Бирок, тилекке каршы, бул жерде дал ушул мыйзамдуулуктун сакталышына, мыйзамдардын аткарылышынын бирдейлигине көзөмөл жүргүзө турган башкы орган – Башкы прокуратура өзү мыйзам бузуп отурат.

Бул боюнча күчүнө кирген соттук чечимдер да бар. Октябрь райондук сотунун 01.03.2019-ж. токтому менен Башкы прокуратуранын №288-16-0029 кылмыш ишин тергөө караштуулугу боюнча ИИМге берүүдөн баш тартуу жөнүндө аракеттери мыйзамсыз деп табылып, мыйзам бузуу четтетилүүсү көрсөтүлгөн.

Муну менен тергөөчү А.Сабировдун буга чейинки бардык тергөө аракеттери да мыйзамсыз деп табылган!

Бирок, Башкы прокуратуранын айрым кызматкерлери мыйзамды аткарууну каалашпайбы же жеке кызыкчылыктары барбы (ушундай да ой кетет экен), айтор ал азырга чейин аткарылбай келет. Аны аткарбоосун мыйзамдаштыруу аракети менен Октябрь районунун прокуратурасы райсоттун бул чечими боюнча даттануусу Бишкек шаардык сотунун 26.03.2019-ж. чечими менен четке кагылып, райсоттун чечими күчүндө калтырылды.

Мына ошондон кийин Башкы прокуратура С.Фищенкого карата кылмыш ишин ИИМдин тергөө кызматына жөнөткөнү менен ойдон чыгарылган шылтоо менен үч күндөн кийин кайра талап кылып алып, баягы эле А.Сабировго тапшырды.

Башкы прокуратуранын бул “фокум-мокуска” окшогон аракети С.Фищенконун адвокаты тарабынан даттанылып, Октябрь райсотунун тергөө судьясынын 08.04.2019-ж. чечими менен кайрадан мыйзамсыз деп табылды. ЖПКнын 255-бер. 5-бөл. ылайык, тергөө судьясынын чечими токтоосуз күчүнө кирет жана милдеттүү аткарылууга жатат. Жада калса ал чечимдин аппеляциялык даттанылуусу да анын аткарылышын токтото албайт.

Ушундай эле Ж.Качыбековго, Р.Куватбековго, Э.Турманбетовго карата козголгон №1-17-1941, И.Майсызовго карата козголгон №50-17-21, Ф.Аблямитовага жана Б.Абдыкадыровго карата козголгон №301-17-0086,  атайын  администратор М.Тороковдун арызы боюнча КЖКнын 166-бер. 4-бөл. 2-п. 2-бөл. 2-п. боюнча козголгон №1-17-2239 кылмыш иштери да ИИМге берилүүгө тийиш. Анткени, алардын баары финполициянын тергөөчүсү А.Сабировдо мыйзамсыз жатат жана ал тарабынан эч кандай тергөө аракеттери жүргүзүлгөн жок.

Мына ушундан улам жабырлануучулардын тергөөчү А.Сабировго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча жүйөөлүү талаптары финансы полициясынын да, Башкы прокуратуранын да жетекчилери тарабынан белгисиз себептер менен канааттандырылбай жаткан көп суроо жаратат.

Башкы прокуратура менен финполиция бул ишке эмне ушунчалык кызыкдарлык көрсөтүп жатышат? Бул суроого Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жооп берет чыгар?

Атүгүл, АКИФтин уюштуруучуларынын  адвокаттары  №082-16-1034  кылмыш иши боюнча издөөдө жүрөт делинген Б.Абдыкаровдун 2-апрель күнү саат төрттөр чамасында тергөөчү А.Сабиров менен жүргөнүн көрүшүп, бул боюнча ЭККМКнын төрагасына арыз жазышкан. Ага жооп да берилген жок…

С.Фищенко жана анын жактоочулары кылмыш ишин тергөө мыйзамга ылайык ИИМге берилсе, ал мыйзамдуу жана калыс тергелерине үмүттөнүп турушат. Тилекке каршы, Башкы прокуратура алардын бул үмүттөрүнө муздак суу сепкендей болуп жатат.

Ал ортодо…

Камакта  жаткан  С.Фищенкого 15-апрель күнү тергөөчү А.Сабиров өзүн “Николай” деп тааныштырган адамды ээрчитип келген. Ал анын жаңы адвокаты болорун билдирген. Кийин аныкталгандай, “Николайдын” өзүнүн аты-жөнү Курманбек Абдраимов экен. Ал дежур адвокат “Коля” менен бир аз сүйлөшкөн С.Фищенко анын иш менен таанышпагандыгын билип, өз адвокаттарынан баш тартпай тургандыгын билдирген.

Аны эптеп эле айып тагып, жазалоону көздөгөн тергөөчү А.Сабировдун жана прокуратура кызматкерлеринин мына ушундай аракеттеринен улам, сөз башында айтылгандай, С.Фищенко эми ачкачылык жарыялоого аргасыз болуп отурат.

Азыркы учурда С.Фищенко мамлекет башчысына, парламент жетекчилигине жана парламенттин депутаттарына кайрылуу жасап, анда өзүнө карата мыйзамсыздыкты токтотууну өтүнүүдө. Буга эми ал тараптардан кандай көңүл буруу болорун да күтө туралы.

Баса,  С.Фищенко  өз  кайрылуусунда көрсөткөндөй, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 01.04.2019-ж. чечими менен “Росинбанк” ААКсынан “Альфа Бест” ЖЧКсынын пайдасына 94 млн. сомдон ашуун өндүрүү чечими чыгарылган. Бул да абдан кызык нерсе. Анткени, азыркы учурда “Росинбанктын” акцияларынын 95%ы мамлекетке (85%ы – КРнын Улуттук банкына, 10%ы – Маммүлк фондусуна) таандык.

Бул, демек, мамлекетке ушунча сум-мада  зыян  келтирилип  жатат  дегендик эмеспи!