Ислам банк иши жана каржылоо принциптерин кеңири жайылтуу жана анын өнүгүү багыттары

Маектешкен Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ислам финансылык продукттар бөлүмүнүн башкы инспектору МАЙТАШОВА Самара Назарбековна менен маек.

–  Ислам  банк  ишин  жана каржылоо  принциптерин өнүктүрүү жагында Улуттук банк кандай иштерди аткарып жаткандыгын кыскача баяндап берсеңиз?

– Улуттук банк Кыргыз Республикасында ислам банк иши жана каржылоо принциптерин жайылтууну банк операцияларынын чөйрөсүн жана   калайык-калкка  сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр топтомун  кеңейтүү,  мурдатан жөнгө  салынып  келген  кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана албаган же ага мүмкүнчүлүгү жок жарандарыбызды ушул аркылуу банктык кызмат көрсөтүүлөргө камтуунун оңтойлуу мүмкүнчүлүгү катары карайт.

Бүгүнкү  күндө  ислам  банк ишин өнүктүрүү үчүн мамлекеттик деңгээлде көп иш-чаралар аткарылды деп ишенимдүү айтууга болот. Анткени тиешелүү мыйзам жана ага ылайык ченемдик укуктук актылар кабыл алынып, стратегиялар жана программалар иштелип чыгуу менен жаңы банктык продукттар финансы-кредит уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылып, мезгил сыноосунан өткөрүлүп, бул багытта иш алып барып, аны жайылтып жаткан эл аралык уюмдар менен байланыштар түптөлдү.

Албетте, кыйла иштер аткарылып жаткандыгына карабастан, алдыда чечилүүчү маселелер көп. Ошондуктан, Улуттук банк кыска мөөнөт аралыгында аткарылууга тийиш болгон жана аткарылышы узак убакытты талап кылган төмөнкүдөй негизги иш багыттарын аныктаган.

Биринчи кезекте, инвестицияларды тартуу жана ислам банк ишин жайылтуу жагында тажрыйба топтоо үчүн эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу зарыл. Мында Ислам Өнүктүрүү банкы менен биргелешип Кыргыз Республикасында толук кандуу ислам банкын түзүү долбоорун белгилеп кетүү зарыл. Аталган долбоорду инвестиция менен гана камсыз кылбастан, аны өздөштүрүүдө техникалык жана уюштуруу ишин жөнгө салуу тажрыйбасын сунуштаган, ислам банк ишинде олуттуу тажрыйбага ээ стратегиялык  өнөктөштү  тартуу  аркылуу долбоорду өздөштүрүү пландаштырылган. Учурда потенциалдуу инвесторлорду тартуу жагында тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Мындан  тышкары,  Ислам Өнүктүрүү банкынын колдоосу  алдында  ислам  банк  ишин өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаны андан-ары өркүндөтүү жана ал үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жагында тиешелүү иш-чаралар каралууда. Ислам Өнүктүрүү банкынын тобу менен өз ара иш алып баруу тажрыйбасы жөнгө алынып, анын алкагында Кыргыз Республикасы менен Ислам эл аралык соода-финансы корпорациясы (ITFC – Ислам Өнүктүрүү банкынын тобунун курамында иш алып барган уюм) ортосунда 150 млн. АКШ доллары суммасында алкактык макулдашууга кол коюлган. Бул каражатты жергиликтүү финансы-кредит уюмдарынын күч-аракети менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери аркылуу өздөштүрүү каралгандыгын да баса белгилеп кетүү зарыл. Бүгүнкү күндө ITFC тарабынан республиканын финансы-кредиттик уюмдарын жалпы суммасы 4 млн. АКШ долларында каржылоого алуу шарты жактырылган. Улуттук банктын колдоосу алдында финансы-кредит уюмдары жана ITFC алдында каржылоонун калган бөлүгүн өздөштүрүү милдети турууда. Бул финансы-кредит уюмдарынын Ислам Өнүктүрүү банкынын тобу менен ислам каржылоо принциптери боюнча каражат тартуу жагында алгачкы эле иш тажрыйбасы эмес. Улуттук банк мындан ары да ислам банк ишин өнүктүрүү максатында эл аралык деңгээлде кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенүүдө.

– Белгилүү болгондой, ар бир жаңы ишти алдыга жылдырууда күчтүү кадрлардын болушу маанилүү. Ислам банк иши жана каржылоо тармагында кадрларды даярдоо кандай болууда?

– Ислам банк ишин өнүктүрүүдө анын маани-маңызын так чечмелөө, рынок катышуучуларынан болгон финансы-кредит уюмдары, калайык-калк, бизнес чөйрөсү жана Улуттук банк аны туура түшүнүүсү зарыл. Демек, бул багытта адистердин билим деңгээлин жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жагында тиешелүү иштер улантылмакчы. Бул албетте  эл  аралык  уюмдар  менен  кызматташуунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мисалы, Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши (IFSB) жана Ислам эл аралык соода-финансы корпорациясы (ITFC) сыяктуу уюмдардын техникалык жардамынын алкагында Улуттук банктын колдоосу менен борбордук банктын өзүнүн, коммерциялык банктардын жана мамлекеттик органдардын адистери үчүн семинарлар жана тренингдер, Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (AAOIFI) адистери тарабынан Шарият стандарттары, ислам банктарынын эсепке алуу жана отчеттуулугу боюнча тренингдер өткөрүлгөн.

Ошондой эле, калайык-калк ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча туура жана толук маалымат алышы, банк ишинин жаңы багытына баа бериши үчүн тиешелүү маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу да жайылтылууда. Ал эми алктын кеңири катмарларына жеткиликтүү болгон ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча атайы китепчелерди чыгаруу иши – бул маселени чечүүдөгү олуттуу каражат болуп саналат. Улуттук банк адистердин ислам банк иши боюнча билим деңгээлин арттыруу, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш чараларды да андан ары улантууга ниеттенүүдө.

Бул багытта ишти өлкө аймагы боюнча жүргүзүү менен гана чектелип калбастан Улуттук банк, акыркы жылдары ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча семинарларды жана тажрыйба алмашууларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн адистери үчүн да өткөрүп келүүдө.

– Жаңы продукттар да киргизилеби?

–  Ислам  банкинги  өлкө  аймагында акыркы он жылдан бери жөнгө салынып, өнүгүүгө ишенимдүү ыктоодо. Учурда рынокто үч коммерциялык банк жана алты микрокредиттик компания иш алып барып, алар ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кызматтарды сунуштоо укугуна ээ болгон. Албетте, кыска убакыт ичинде мыйзамдык базаны гана иштеп чыкпастан, аны сыноодон өткөрүүгө да жетиштик. Ошентип, мыйзамдык базага жана ислам банк ишин жүргүзүү жагында тажрыйбага ээ болуу менен сектордун керектөөсүн, ошондой эле өлкөдө ислам банк ишин жана каржылоону андан-ары өркүндөтүүгө зарылчылыкты  аныктай  алдык. Ушундан  улам,  Улуттук  банктын иш-чаралары  мамлекеттик  органдар,  финансы-кредит  уюмдары ортосундагы өз ара тыгыз кызматташтыкта  иш  алып  барууга түрткү берүү менен мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана ислам банк ишинин инфраструктурасын кеңейтүүгө багытталмакчы.

Кабыл алынган ченемдик укуктук  актыларга  ылайык,  өлкөнүн финансы-кредит уюмдары акча каражаттарын жайгаштыруу, тартуу жагында  операциялар  топтомун жүзөгө ашырууга укуктуу. Учурда Улуттук банк айыл чарбасын каржылоону арттырууга багытталган продукттарды сунуштоо жагында сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууда. Алар ислам финансылык продукттарын колдонуу жагында түшүндүрмөлөрдү камтып, айыл чарбасынын керектөөлөрүнө жараша аларды классификациялоого жардам бермекчи. Алгылыктуу банк продукттарын иштеп чыгуу жана ыңгайлаштыруу да Улуттук банктын ислам банкингин өнүктүрүү жагында ишинин артыкчылыктуу багытынын бири.

Кыргыз Республикасынын банк системасын өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарын жана Улуттук банктын иш стратегиясын өзгөчө белгилеп кетүү зарыл, аларга ылайык, өз ишин ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырып жаткан финансы-кредит уюмдарынын финансы секторунун жалпы каржылоо портфелиндеги каржылоо үлүшүн 5% чейин жеткирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында ислам индустриясын узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн ишенимдүү базасын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү маселелерди чечүүгө өбөлгө түзгөн милдеттерди аткаруу пландаштырылууда.

0 Поделились