Түркияга жылына 40 миллион турист келет

2018-жылы Түркияга 39 миллион 488 миң 401 турист келди. Алардын көбү орустар, немистер жана англиялыктар. Муну менен эле чектелбеген Түркия 2019-жылы 50 миллион турист тосууну көздөөдө. Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги туристтерди тартуу максатында таанытуу жана жарнама менен алектенген чет элдик агенттиктерге да материалдык жардам көрсөтөт…

Дүйнөлүк  туризм  уюмунун (UNWTO) маалыматы боюнча, Түркия Европа өлкөлөрүнүн арасында эң көп турист барган 3 өлкөнүн  катарына  кирет.  Дүйнө жүзүндө болсо эң көп турист келген 10 өлкөнүн ичинде.

Түркияга 2018-жылы 5 миллион 964 миң 613 Орусиядан, 4 миллион 512 миң 360 Германиядан турист келди. Дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнүн туристтерин кызыктырган Түркияга Орусия жана Германиядан кийин Англия, Болгария, Грузия, Иран, Украина өлкөлөрүнүн жарандары келишет. 2017-жылы бардыгы болуп 33 миллион турист тоскон. 2018-жылы бул көрсөткүч 22% пайызга өсүп, туристтердин саны 40 миллионго жетти. Бул жылы 50 миллион турист тосууну пландаган Түркия 2019-жылдын 3 айында  келген  туристтердин  саны боюнча пландалган чекти ашары күтүлүүдө. Деңиз туризминен башка кышка туризми, маданият, тоо, жайлоо, спорт, гастрономия, соода-сатык, саламаттыкты сактоо, илимий конгресстер,  той-салтанаттар  сыяктуу  бардык  тармакты  камтыган Түркияда бир жыл бою туристтик сезон токтобой айланып турат.

Түркиянын  Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат түтүнсүз өнөр жай катары каралган туризмдин өлкөнүн экономикалык пайдасына көп салымы болуп жатканын жана бүгүнкү күндөгү жетишкен бул ийгилик көп жылдар мурун салынган инвестициялар менен кесиптик адистешүүлөрдүн жыйынтыгы экенин баса белгилеп: “Туризм тармагына салынган инвестициялар чукул арада кайтарылган инвестиция болуп эсептелбейт. Өлкөбүз көп жыл мурун баштап, муктаждыктарга жана заман талабына жараша жаңылап турган туризм саясаты бул ийгиликтин негизги факторлорунун бири. Өзгөчө жалгыз гана жай айларындагы деңиз туризми гана эмес, жыл бою тынбаган ар түрдүү туризм тармактары менен 12 ай бою турист тоскон өлкө болуп эсептелебиз. Белгилей кетсек, маданият очогу катары бүгүнкү күнгө чейин казылып алынган жерлердин бири 12 миң жылдык өтмүшкө эгедер эң байыркы отуруктуу борбору жан цивилизация очогу болгон Шанлыурфа шаарындагы Гобеклитепе аймагы, Конья шаарындагы 9 миң жыл мурунку дыйканчылык жана отурукташуу аймагы миңдеген жылдык тарыхты, ар түрдүү маданиятты өз кучагына алган”, – деди. Муну менен бирге элчи Жеңгиз Камил Фырат 15-22-апрель күндөрү белгиленген Дүйнөлүк туризм аптасына байланыштуу түркиялык жана кыргызстандык туризм секторунда иш алып баргандарга өз куттуктоосун билдирди.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана туризм боюнча кеңешчиси Нури Шимшеклер да өз ойлору менен бөлүшүп, Түркия мамлекетине 110дон ашык өлкөдөн  турист  келгенин,  алардын катарында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн президенттери, министрлери, атактуу маданият инсандары,  дүйнөгө  атагы  чыккан спорт клубдары келгенин белгилеп, “Түркияда ар кайсы тармактан келген, ар кандай экономикалык шарттагы конокторубуз үчүн өздөрү каалагандай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Туризм, өлкөбүзгө материалдык жактан пайда табуу менен биргеликте  меймандостугубузду,  бай маданиятыбызды даңазалоо үчүн курал катары да пайдаланылат”, – деди.

Кыргызстан  да  туристик  бай мүмкүнчүлүккө ээ экенин айткан Шимшеклер, бул жагынан Түркия, маалымат жана тажрыйбасын дос жана бир тууган кыргыз өлкөсү менен бөлүшүүгө дайым даяр экенин, бул боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен дайыма акылдашып иш кылышарын белгилеп өттү. Шимшеклер: “Кыргызстандан жыл сайын 120 миңге чейин турист келет. Өзгөчө акыркы жылдары 30 миңден ашуун Кыргызстан жаранынын Түркиянын ресторан жана башка тармактарында иштөө үчүн барып жатат. Мейманкана жетекчилери Кыргызстандык жаштардын иштөө тартибине абдан ыраазы болгондуктан аларга болгон талап жыл санап өсүүдө. Биз, ал жакта тажрыйба топтогон жаштарыбыздын Кыргызстан  туризм  секторунда  да  өз  иштерин  өздөштүрөөрүнө ишенебиз.  Ошондук-тан алардын Түркияда иштөөсү, бир жагынан алганда тажрыйба топ-тоо болуп саналат”, – деди.

Түркиянын  туризм  саясаты  жана жаңы  долбоорлорду  иштеп  чыккан  туристтик  агенттиктер менен иш алып барышарын белгилеген Шимшеклер, жыл сайын тур агенттиктерине материалдык жардам көрсөтүшөрүн да белгилеп  өттү.  “Бул  жылга  тиешелүү колдоо программаларыбыз тууралуу министрлик билдирүү жасады. Түркияга саякат турларын саткан агенттиктер жана достинация уюштурган тармактык өкүлдөргө таанытуу жана жарнамалык иштери  үчүн  материалдык  колдоо көрсөтөт. Телевизор, гезит, афиша жана электрондук тармактарда Түркияда саякат тууралуу таанытуу кылган жана Түркияны тааныткан фирмалардын жарнамага кетирген чыгымынын 50%ына чейин төлөп бере алабыз. Бул боюнча иш алып барууну көздөгөн же иш алып барган фирмаларды Түркиянын Кыргызстандагы  элчилигинде  жайгашкан Маданият жана таанытуу кеңешчилигинде  күтөбүз”,  – деди.

Тиленбек АЗЫК

0 Поделились