Айжан дүйнөдөгү эң жаш гроссмейстер болууну самайт

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Шри-Ланка Республикасынын Калутара шаарында өспүрүмдөр арасында (8-18 жашка чейин) шахмат боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Ага дүйнөнүн 32 мамлекетинен келген шахматчылар катышты. Кыргызстандан 16 спортчу барып, жыйынтыгында 3 медаль утуп келишти. Заирбек кызы Бегимай 18 жашка чейинки категория боюнча 7 беттеш өткөрүп, 6 упай топтоду. Бир жолкусунда тең чыгып, коло медалды камсыздады. Эржан Жакшылыков 12 жаштагы балдар менен таймашып, күмүш медалды утуп алды. Ал эми 8 жаштагы Айжан Съездбекова 8 турдан 8 упай топтоп алдын ала алтынды багындырып, Азиянын чемпиону аталды.

Айжан буга чейин да Таиландда, Ташкентте, Монголияда өткөн чемпионаттарга катышып, 5 жашынан бери (шахматтын рафид, бриз түрлөрү боюнча) алтын, күмүш медалдарды утуп келет. Бул сапар аталган спорттун эң кыйын, эң татаал, негизги түрү катары саналган классикалык шахмат боюнча чемпиондукту багындырды. Эсеп боюнча Айжандын үчүнчү алтын медалы болсо, Кыргызстандын шахмат тарыхында биринчи алтын (классика түрүнөн) болду.

Кичинекей кыздын ийгилигине анын үй-бүлөсү, жакын туугандары, сабак берген мугалимдери ж.б. сүйүнүчтөн терисине батпай турган чактары. Айжан өзү да жеңишке жеткенине  кубанычта.  Анткени, шахматчы бул чемпионатты көптөн күткөн.  Кызуу  даярдык  көргөн. Чемпионатта 10 жашка чейинки категория боюнча өзүнөн 2 жаш улуу атаандаштар менен ойноп эң жогорку упайды топтой алды. “Мен үчүн Афруза Хамдамова менен болгон беттеш оор болду. Бирок, жакшы даярданганым үчүн мен аны утуп алдым”, – дейт Айжан. Эске салсак, өзбекстандык оюнчу Афруза Хамдамова өткөн жылы Дүйнө чемпиону  титутулуна  ээ  болгон. Айжандын Дүйнө чемпионун утуп алышы – анын Азия чөлкөмүндөгү өзү теңдүүлөрдөн алда канча күчтүү экенин, бийик деңгээлде турарын далилдеп койду.

Айжан Съездбекованын эмки максаты – Дүйнө чемпионатына катышуу. Өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча Дүйнө биринчилиги быйыл 20-августтан 2-сентябрга чейин Кытайда өтөт. Бирок, ага каражат табылса гана барат. Атасы ушул тапта демөөрчү издеп, кызын Кытайга жиберүүгө болгон күч-аракетин жумшап жатат. “Буюрса, тамак-ашы менен жатаканасы чечилди. Эми жол киресине акча табышым керек. Кудай колдоп, жакшы мүмкүнчүлүк жаралып калса, Айжан Дүйнө биринчилигине катышып, утуп келсе деген тилекте колумдан келгенин жасап, даярдыктарды көрүп жатабыз”, – дейт чемпион кыздын атасы Съездбек Таштекеев. Ал эми Айжандын дагы бир келечекке койгон максаты – ал дүйнөдөгү эң жаш гроссмейстер болгусу келет.

Съездбек Таштекеев 9 баланын атасы. 5 эркек 4 кызы бар. Учурда 6 баласы тең шахмат ойноп, эл аралык турнирлерге катышып жүрүшөт. Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт дегендей, бир туугандар өз ара ойноп, биринин жеңишине бири куштарланып жүрүп үйрөнүп алышкан. Бир туугандар биригип, үйүнө 500дөн ашык медаль утуп келишкен. Андан сырткары, кубоктор, мактоо баракчалар, дипломдор жүздөп саналат. С.Таштекеевдин үй-бүлөсү – Кыргызстанда эң талантуу шахматчылардын үй-бүлөсү катары таанымал. Бирок, алар шахматтан сырткары, дзюдо менен машыгышат. Алты баласына кошулуп, атасы да машыгууга барат. Ошондой эле, Айжан бир туугандары менен бирге Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасына мүчө. Алардын бул жаатта дагы жараткан ийгиликтери арбын. “Мен балдарыма, кыздарыма убактысын туура жана пайдалуу колдонгон адам өзү каалаган бийиктиктерге жета алат деп айтам. Алар ушул сөздү жүрөктөрүнө сиңирип алышкан. Өздөрү деле жөн отура алышпайт. Бош боло калса эле китеп окушат. Биз күн сайын кечки тамактан кийин чогулуп отуруп жомок окуйбуз. Биздин үйдө ким ийгиликтүү болсо, ошол жомок окуп бермей. Айжан көбүрөк ийгиликтүү болгондуктан ал бизге окуп берет, биз түшүнгөбүздү айтып беребиз”, – дейт.

Ал эми чемпион кыз – мектептеги  эң  алдыңкы  окуучулардын бири. Математика, англис тили сабактарын жакшы окуйт. Бийге кызыгат. Үйдө эрке кыз. Атасынын айтымында, Айжан кичинекейинен эле абдан кыймылдуу, кызыгуусу ар тараптуу, бардыгын билгиси келген, көп суроо берген, активдүү кыз болчу. “Көрсө кыймылдуулуктун өзү – баланын ичинде катылып жаткан таланттан кабар берет экен. Кичинекей балдардын баары кыймылдуу болот эмеспи. Демек, ар бир балада 1% талант бар. Кайсы багытта экенин ата-эне өз учурунда байкаш керек. Булактын көзүн ачкан сыяктуу эле, баланын дараметине жараша багыт берип, нукка салып, баланын талантын ачыш керек. Шахматка, сүрөткө, ырга, бийге, күрөшкө ж.б. тармактар боюнча сынап көрүш керек. Бала эмнеге жөндөмдүү болсо, ошого жуурулушуп кетет. Керек болсо, багытын тапкан бала ата-энеден: “Тигил-бул жакка катышышым керек. Чемпион болушум керек!” – деп талап кыла баштайт. Ошол кезде ата-эне баласына убакыт бөлүш керек. Ата-энелердин балдарына убакыт бөлүүсү, сүйлөшүүсү балдардын талантынын ачылышына, чоң  ийгиликтерге  жетишүүсүнө түздөн-түз көз каранды”, – деген С. Таштекеев бардык ата-энелерди балдары менен убакытты көбүрөк өткөрүүгө үндөйт.

“Айжан – Азиянын 3 жолку, Кыргызстандын 4 жолку чемпиону. Бирок, стипендияга көрсөтүлгөн эмес. Мамлекет Айжандын жеңиштерине көңүл  буруп,  колдоо  көрсөтсө, бизге аябагандай чоң стимул болмок,  мотивация  бермек.  Эгерде  шахмат  спортуна  мамлекет тарабынан  колдоо  болсо,  Кыргызстанды дүйнө элине таанытууга, кыргыз элинин акыл спортунда да күчтүү экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Шахмат жаатында Айжандан башка дагы таланттуу балдарыбыз көп”, – дейт С.Таштекеев.

Жакындан бери Бишкек шаарында  Раззаков  жана  Киев  көчөлөрүнүн кесилишинде Шахмат мектеби ачылды. Анда Айжандын эки байкеси тренер болуп иштейт. Алар атасы түзүп берген программанын негизинде, балдарга сабак өтүп, шахматты үйрөтүүдө. “Шахмат  –  бул  акыл-эсти,  логиканы өстүрүүчү оюн. Баласына шахмат үйрөтүп койгон ата-эне эч качан жаңылбайт”, – дейт чемпиондордун атасы.

P.S. Учурдан пайдаланып, “Кыргыз Туусу” гезитинин эмгек жамааты да Айжанды жеңиши менен куттуктайт. Келечекте дагы далай бийиктиктерди  багындырып,  көздөгөн  максатына жетишине чын жүрөктөн тилектешпиз!

0 Поделились