Биметаллдык алюминий радиоторлорду чыгаруучу ишкананы тез арада ишке киргизүү тапшырылды

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек ЭЭА аймагындагы «Тан Дем» ЖЧКсынын биметаллдык алюминий радиоторлорду чыгаруучу заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Ишкананын директору ишке ашырылып жаткан долбоорлор, иштин жүрүшү жана жалпы технологиялык процесс тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, курулуп жаткан ишкана 60,000 чарчы метр аянтты ээлейт, анда биметаллдык
алюминий радиоторлорду чыгаруучу завод жана кошумча имараттар жайгаштырылат. Учурда куюучу, ээритүүчү, механикалык жана боёочу цехтердин, ошондой эле административдик имараттын курулуштары аяктаган жана техникалык ишке берүү жүргүзүлгөн.

Биринчи баскычта кубаттуулугу 7 млн даана болгон линияны ишке киргизүү пландалууда. Заводдун долбоордук кубаттуулугу 22 млн даана алюминий радиотору болсо, ал эми иш менен камсыз кылуу 400-500 адамды түзөт.

Боронов белгилегендей, Өкмөт чет элдик инвесторлордун ишмердигин жогору баалайт жана өлкөгө инвестициялардын келиши үчүн жагымдуу жана болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле  бул долбоор биметаллдык алюминий радиоторлорду чыгаруу боюнча өлкөдө алгачкы болуп саналат, ал келечекте жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рыногун продукция менен камсыздай алат.

Мындан улам биринчи вице-премьер-министр тармактык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине аталган ишкананы тез арада ишке киргизүүгө байланыштуу маселелерди чечүүгө ар тараптуу аракеттешүүнү тапшырды.