Баткен токой чарбасынын башчысы пара алып жатып кармалды

Баткен облусу боюнча токой чарбанын башчысы 32 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кармалган К.А. атту жетекчи кол алдындагы иштеген адамдардан текшерүүчүлөгө берем деп акча талап кылган.

Текшерүү учурунда анын 2017-2018-жылдары 14 миң 700 сомдук ийне жалбырактуу көчөттөр сатылып кеткен жана токой чарбанын жайытынын ижарасынан келип түшкөн акчаларды жеке жактар кымырып алганы белгилүү болгон.

Учурда кармлаган адамдын баш коргоо чарасы аныкталып, ал үй камагына алынган. Тергөө ишетри жүрүп жатат.