Чет элдик түз инвестициялардын агымы 2018-жылы 569,8 млн долларды түздү

Чет элдик түз инвестициялардын негизги көлөм (88 % ашууну) кайра иштетүү, пайдалуу кен казуу, өндүрүш ишканаларына, геологиялык иликтөөгө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, ошондой эле маалымат жана байланыш тармагына багытталган. Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Мыламатка ылайык, мында маалымат жана байланыш тармагына багытталган инвестициялардын көлөмү – 2,5 эсеге, ал эми кайра иштетүү өндүрүш ишканаларына – 1,4 эсеге жогорулаган, ошол эле учурда геологиялык иликтөөгө келген инвестициялар – 1,9 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагына – 1,5 эсеге, пайдалауу кен казуу ишканаларына 4,9 %га кыскарган.

Келип түшкөн чет элдик түз инвестициялардын жалпы көлөмүндөсалыштырмалуу көбүрөөк бөлүгү Кытайга (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 43,1%) туш келсе, Нидерландыга (7,3 %), Великобританияга (4,9 %), Түркияга (3,6 %) жана Швейцарияга (3,4 %) тийиштүү.

Инвестициялар төмөнкүчө кыскарган: Кытайдан – 19,0 %га, Казакстандан 37,2 %га кыскарса, тескерисинче, Россиядан келген инвестициялар – 24,9 %га, Нидерландыдан – 64,5 %га, Түркиядан – 19,9 %га, Швейцариядан – 3,5 эсеге жогорулаган.

Чет элдик түз инвестициялардын агылып чыгышы 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу 27,7 %га кыскарып, 523,2 млн АКШ долларын түзгөн.

2018-жылы инвестициялардын агылып чыгышы пайдалуу кен казуу ишканаларында – 44,0 %, геологиялык иликтөөдө- 41,4 %, кайра иштетүү өндүрүшүндө – 15,7 % жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында 4,0 % көрсөткүчтөбайкалган.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги тарабынан жалпы суммасы 28,2 млн АКШ долларына барабар 9 долбоор ишке ашырылган.

Ишке ашырылган долбоорлордун катарында:

‐ жарандык жардыргыч заттарды өндүрүү боюнча заводдун курулушу (10 млн АКШ доллары)

‐ «Fresenius Medical Care Kyrgyzstan» гемодиализ борборунун ачылышы (10 млн АКШ доллары)

‐ «Artel» бренди алдында кир жуучу машиналарды чогултуу боюнча заводдун курулушу (1 млн АКШ доллары)

‐ «ЗИЛ» тоо лыжа баззасында зиплайнды куруу (1 млн АКШ доллары)

‐ травертин өндүрүү боюнча заводдун курулушу (1,2 млн АКШ доллары)

‐ «Жаңы гемодиализ борбору» долбоору (1 млн АКШ доллары)

‐ «IMZO» бренди алдында пластикалык терезелерди жана эшиктерди чыгаруу боюнча заводдун курулушу(1 млн АКШ доллары) орун алган.