Кендир кескен акча. «Көмүлгөн» миллиондор. Салт жана нарк. Кибуц. Шабдан менен Калмырза. Ат-Башы. Картөшкө

Адатта, “байлык колдун кири, акчанын кулу болбойлу” деп, акчанын кулуна айлангыбыз, бир келген өмүрдө өлүү дүйнө үчүн гана жашагыбыз келбейт. Антсе да, акчанын адамдын турмушундагы ордун жана ролун танууга эч мүмкүн эмес. Асыресе, адамдын таттуу кыялдарынын турмушка ашышында акчанын ролу чоң, акча баарын чечет, акча кендирди кесет.

Америкадагы  (АКШ)  жүз  отуз миңден ашык миллионердин 20%ы гана жогорку билимге ээ болсо, калган 80%ы орто жана атайын орто билимдүү экен. Ошол жүз отуз миңдин баары эле миллионер болом деп жанталашып, кара жанын карч урду дейсизби, Кудай ыроолосо байлык өзү эле асмандан агылып түшөт, анын баарын чогултуп үлгүрө албайсың. Кудай бербесе, пешенеңе жазбаса, кара жаныңды карч урганың бекер. Түбү жок челекке суу толтурган сыңары, тапкан-ташыганың кандай келсе, ошондой жок болот. Миллионерлер Америкада эле бар бекен, андайлар бизде деле бар. Билимдүүсү да, билимсизи да бар дегендей. Менин эсебимде, бери дегенде кыргыздарда эки миң миллионер бар, аларга кайрылмандарды кошкондо 4000 миллионер бар, тили бурууларды кошкондо 10 миңден ашат. Булар үн чыгарбай эле миллиондорду “көмчү” жерге “көөмп” жатат. Байлык алардыкы, алардын “көмгөнүнө” да, башкасына да каршылык жок. Бирок, “курсагы ток бала, курсагы ач бала менен ойнобойт” болбой, колунда барлар ошол акчасын жаратмандык иштерге жумшаса деген ой. Бул ата-бабалардан келаткан салт жана нарк. Ушул өңүттөн алганда, Президент Сооронбай Шариповичтин “бай ишкерлер өзүнүн кичи мекенин көтөрүшү керек” деп Нарында сүйлөгөн керемет сөздөрүнө кошулам.

60-70-жылдарда Америкада тооктун эти батпай калганда, бирөө “кийин балдарыбыз сатып байысын” деп, муздаткычка жүз миңдеген тонна тооктун буттарын тоңдуруп коюп, СССР жоюлуп, ачарчылык болгондо, ошол тоңгон тоокторун сатып, урпактары эбегейсиз байыганы айтылып жүрбөйбү. Анын сыңарындай, биздин байлар да өндүрүшкө, энергетикага, ТЭЦке каражаттарын салышса. Байларыбыз башын бириктирип, акционердик коом түзүп, чычканга кебек алдырбай, ТВЕА сыяктууларды жолотпой, ТЭЦ, кичи ГЭСтерди дүңүнөн сатып алып өнүктүрсө, буга эл да, мамлекет да каршы болмок эмес. Айыл өкмөттөрүн да акционердик коомго айландырган системаны ойлоп тапсак. Еврейлер акылдуу калк экен, кибуц деген коммунизм курду. Кыргыз да еврейге окшош ишенчээк, ак көңүл, ошол эле учурда өтө мобилдүү калк экенбиз, кибуцка бат эле көнмөкпүз. Кибуц дегени коммуна — колхоз, андагылар акча албайт, баары бекер, кийим, тамак, тамакты да үйүнө көтөрө качпай, ашканада сүйлөшүп, көңүл ачканча ичишет экен. Курортко, туристке барса, кредиттик картасында каалагандай акча бар. Ошону менен бирге тапшырылган, иштей турган жумушун так аткарат элек. Тракторист тракторун айдап, саанчы саанын саап дегендей, мунун баары колубуздан келет.

***

Эми эки сунуш. Айыл чарба күнү ноябрдын биринчи жекшембисинде белгиленип жүрөт, бул күн 7-ноябрга которулса, дем алыш күн болуп, бүт Кыргызстанда түшүм майрамы болор эле, “бир ок менен эки коен атып”. 10-ноябрь студенттердин дүйнөлүк күнү, окуу жылы жылдын башталыш күнү болсо, жогорку окуу жайларга кирүү экзамендери ушуга туураланып түзүлсө, болгону мурда каникул 90 күн болсо, өзгөргөндө 100 болуп калат экен. Ал окуу сезонуна эч деле таасир этпесе керек. Мурда Москванын айтканын жасап жүрсөк, эми өз алдынча мамлекетболгондон кийин өзүбүздүн депутаттар эле чече турган маселе да.

***

Мен Сооронбай Шариповичти Беларус президенти Александр Лукашенкого окшоштурам. Ал эмгек жолун башкармалыктан баштап, элге алынып депутат болду. Союз тараганда бүт депутаттар Россия менен байланышка каршы кол көтөрүшсө, жалгыз ал гана: “жок, байланышты үзбөш керек” деп кол көтөргөн. Кийин президент болгондо, эч ким аны

теңине албай “бир-эки жылда түшөт” дешкен. Европалык саясатчылардын оозун ачырып, эки эмес, 25 жылдан ашуун президент болуп келатат. Башында аны орустар көп барктабай жатса, эми орустар “ракета жайгаштыралы” десе, ага каршы болуп, ошол эле учурда “нефтини, газды арзандат” десе жок дебей, айтканын жасап жатат. АКШ мурда тоталитардык жолдо деп санкция киргизип келсе, азыр бардык санкцияларын алып, достук мамилеге өттү, Кытай Беларуска эбегейсиз чоң өлчөмдө инвестиция алып кирип жатат.

Сооронбай Шарипович да башкарма болгон, кийин депутат болуп, ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынынын төрага орун басары болду. А.Атамбаевдин жанында бир да жакын адамы калбай, баары качып кеткен кыйын кезде жанында болуп, ал эми чечүүчү мезгилде эч коркпой, эл менен болууну тандаганы жүрөк жылытат. Ал эми “эл толкуйт”, “61 жаш” дегендерге айтарым, “не дождётесь”. Мен мурда эле жазгамын, Сооронбай Шариповичтин жолу ачык жана жакшы деп, азыр ага кошумчаларым, Сооронбай Шариповичтин кыргызды колдоп жүргөндөй жеке колдоочусу бар. Медеткан Шеримкулович айткандай, АКШ президенттериндей экинчи мөөнөткө кала берүүнү ойлой берсе болот.

Сооронбай Шариповичтин жолу ачык дегеним, башкарма, депутат, ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынынын төрага орун басары, министр, губернатор, премьер-министр, президент  болду,  жолунун  жакшылыгы бул – ал келээри менен жибигис болуп тоңгон Назарбаев менен Эрдоган да, аларга кошулуп, Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри, Араб принцин кошуп, көчмөндөр оюнун дүңгүрөтө өткөрүп, кыргызды дүйнөгө таанытты.

Эми Назарбаев казак байларына Астананы, Рахмон тажик байларына Рогун ГЭСин курдургандай, Сооронбай Шарипович кыргыздын сасык, чириген байларына ТЭЦ-2ни курдуртуп, айылды өнүктүртсө тарыхый из калтыртат.

***

Кыргыздын тарыхында биринчи жолу мамлекет башына агроном келди. Агрардык өлкө болгонубуз менен, агроном деген сөздүн чечмеленишин көпчүлүк агрономдор деле билбейт экен. Агро – талаа, номос – мыйзам. Агроном – агрардык өлкөнү жөнгө салуучу.

***

Эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин огородуна жөнү жок эле таш ыргыткандарга айтаарым, Мукан Соцфондду кандай деңгээлде көтөргөнүнө көңүлүңөрдү бургула. Ал Соцфондду башкарып турганда, орус тилинде чыгуучу, акылдуу элдин өкүлдөрү министрлердин ичинен жалгыз гана Мукандан байма-бай интервью алып турганын эстегиле, акылдуу элдин өкүлдөрү орустарды деле теңине албай турганы белгилүү. Муканды “юмор понимает” деп жазганы аны урматтаганынын белгиси деп түшүнөм. Анан премьер-министрдин ант берүү аземине көз чаптырып койгула. Кагазын карабай, өзүнө өзү жана келечекке ишенимдүүлүк менен карап, бардык кыйынчылыктарды жеңип, көптөгөн ийгиликтерди жаратарын далилдеп койду. Ийгиликтерди ушул жылдан баштап көрө баштайсыздар.

***

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жашым улуу болгондуктан Алмазбек Шаршеновичке кайрыла кетким келет. Шабдан атабыз 20 адам менен ажылыкка жөнөп жатканда, көп адам узатып, кадимки кара жаак Калмырза атабыз көпкө ырдап: “ак боз бээни жүз сойсо, атын Шабдан жүз койсо, экинчи туулбас сендей эр, аман барып, эсен кел” деген жерине келгенде, бугунун ханы Чыныбай атабыз “Ушул жерден токтот Калмырза, улантсаң бузасың” деп токтоткон эмеспи. Эки жолу кенен-кесир “көк бууңузду” чыгардыңыз, түшүнчүлөр түшүнүшүнчө түшүнүштү, эми токто, ошондуктан “өч алуу” маселесин четтетип, “кекти капырга берген” деген акылдуу сөздү туу тутуп, мусулман өлкөлөрүндө биринчи жолу бийликти мыйзам негизинде, тынчтык жол менен тапшырган адам катары тарыхта татыктуу калуу үчүн өз жолуңузду таап,  айыл  чарбасына  жана  ипотекага

көңүлүңүздү бурсаңыз эле, 5-6 жылда Кыргызстан “кыргыз кибуцу” менен даңкы чыгып, миңдеген жетишсиз жашагандар үйлүү болушуп, алардын баталары жаап калар эле. Ал эми күнөөсү үчүн ар ким тиешелүү жазасын алса, тазаланып, күнөөсү укум-тукумуна  өтүп  кетпей  калары  эзелтен белгилүү.

***

Эмне үчүн бүт дүйнө жүзү жеңиш күнүн 8-майда майрамдайт, ал эми СССР  9-майда  майрамдарын  түшүнчү эмесмин. Көрсө, Германия жеңилгенин мойнуна алган капитуляцияга 12ден 17 мүнөт өткөндө кол койгондуктан, Москва убактысы менен биз 9-майда майрамдап калган турбайбызбы. Эми СССР жок. Биз эркин өлкөбүз, капитуляцияга

биздин убактыбыз боюнча 9дан 17 мүнөт өткөндө кол койду. Өзбектер деле, казактар деле 8-майда майрамдайт, депутаттарыбыз 8-майды жеңиш күн деп тааныса, биз Бишкектен өлбөс полктон өтүп, түнү менен Москвага учуп, ал жерден 9-майда Президентибиз Сооронбай Жээнбекович кызыл аянтта Путиндин жанында турса, биз аталарыбыз аралаган шаарда өлбөс полктон аталарыбыздын сүрөтүн көтөрүп өтүп, шаарды да көрүп келсек, жакшы болоор эле, жашоо жакшырып баратпайбы.

***

Кавказдыктардын  “согушка  кетип жатсаң да эгин сээп кет” деген сөзүнөн башка да, баласы төрөлгөндө, чоңойгондо “там курсун” деп, теректердин көчөтүн отургузат экен. 1980-жылы “жайыт менен камсыз болгон, сугат суусу жок, карызы 2000000 (2 млн. рубль)” жаштары шаарга кетип калган “Кызыл Туу” колхозуна 28 жашымда партия башкарма кылып жиберип, 8 жылда 11 типтүү кашар, бала бакча, жер төлөсүндө 150 киши батарлык бомбадан калкалоочу жайы бар, 300 кишилик эки кабат клуб, жаштарга там куруп, 30 скважинадан суу чыгартканга жетиштим. 1985-жылы апрель айында айылга кеткен чоң жолдун боюна бак тиктирип жатсам, агрофактын деканы, жакшы жолдошум

Тажыбаев Орозалы келип көрүп, ыраазы болуп батасын берип кетти эле. Орозалынын батасы тийип, ошол талдар дүркүрөп өсүп чыкты. Менин айтайын дегеним, жер менчикке берилгенден кийин, ар бир ата үлүш жерин айланта тал-терек, керек болсо Тянь-Шань карагайын тиксе деп тилейм.

Кийинки эки жылдан бери жайкы вегетациялык мөөнөтү кыска, эл айткандай, беш айы бейиш, жети айы кейиш” атбашылыктар үчүн жеке эле Ат-Башы эмес, ылайыгына карап көрүп, бөлөк райондордо эмгекчил дыйкандар пайдалана турган, картөшкөнү өстүрүүнүн жаңыча ыкмасын апробациядан өткөрүп жатам.

Ал  ыкма  мындай,  нарындыктар  30 жылдан бери огородун соко менен айдап, картошка тигишет. Бирок, минералдык жер семирткич себе алышпайт. Экинчиден, 20 см. тереңдикте жыл сайын айдай бергенде, 20 см.дин алдында “плужный подошва” деген цементтей катуу катмар жаралат. Аны жое турган ярустуу соко жок. Ошондуктан, мен огородумду үчкө бөлүп, бир бөлүгүн 2017-жылы, экинчи бөлүгүн 2018-жылы (каналокопатель) арык тарткыч менен 80-90 см. тереңдикте тарттырдым (аралыгы 1м-1,2м). Эң түбүнө 20-30 см. уйдун жаңы жампасы жана жылкынын жаңы кыгынан салып, анын үстүнө 10 см. топурак менен жаап, кышында бош жатпай иштеп жатам, эми быйыл буюрса апрелдин башында үстүнө картошканын клубенин отургузуп, анын үстү 15-25 см калыңдыктагы эски кык менен же чөп менен жабылат.

Бул ыкманын артыкчылыгы (1) жогоруда айткандай, “плужная подошваны жойсо, (2) жылкынын жаңы кыгы менен уйдун жампасы жерди эң жакшы семиртет, (3) нарындыктар картошканы май айында отургузса, ошол кезде жалалабаддыктар жаңы түшүмдү казып алып жаткан болот. Ал эми жаңы кыктар чиригенде, жылуулук бөлүп чыгаргандыктан, майда эмес, бир ай мурда, апрелде отургузган картошка бир ай мурда өсүп, эрте түшүм берет. Ал эми үстүнө 15-25 см. кык, чөп жапканда кокус болчу үшүктөн сактайт, (4) картошка түптөлбөйт.

Муну пайдаланганда, өзүм күбө болгондой, эрте бышып, түшүмү жогору жана картошканын даамдуулугу да артат экен, ал эми мурдагы жылы картошканын ордуна сабиз, кызыл кызылча, чеснок, капуста эгилсе, орун которуштуруп айдоо да ишке ашууда. Ушуга кошумча айтарым, ар бир дыйкан үрөндү өзүнүн огородунан даярдаш керек, күзүндө казып жатканда 10 түп картошканын ар бирин караса эле, бир эки түбү башкалардан кесектиги, майдасы жоктугу, чоң картошканын көптүгү менен айырмаланып турат. Так ошол каалагандай, көңүлүңө жакканын жыл сайын үрөнгө калтырып турса, ошол дыйкандын өзүнүн сорту пайда болот демекчимин. Болбосо кандай сорт тиксең да 2-3 жылдан кийин массалык сорт болуп калат.

Иса МУСАЕВ, Ат-Башы району, Казыбек айылы