Медицинаны «кыргызча сүйлөтүү» аракети колдоо табабы?

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


“Заара жолундагы андрология дарттарынын түшүндүрмөсү”, “Заара жолундагы залалдуу шишиктер” аттуу эки китептин автору, Медицина илимдеринин доктору, профессор Асанбек ТОКТОМУШЕВ менен маек.

– Онкология менен урология тармактарын китепке түшүрүү кыйынчылык жараттыбы? Башкасын айтпаганда эле, терминдик жактан?

– Ушул эки көлөмдүү монографияны жазууда бир топ бушайман болдум. Бир жагынан, бул китеп клиникалык онкологиянын көп жылдык илимий-практикалык иштерин эне тилде алгач жазган саамалык китеп экени дем берсе, экинчи жагынан, жазууга күчүм жетеби деген маселе мени кетенчиктетти. Ага кошул-ташыл болуп кээ бир коллегаларым тамашасы жок эле: «Кыргыз тилинде илимий эмгек жазуу али эрте, буга биздин тилдин дымагы жетпейт», – дешти. Бирок ушундай түшүнүк менин намысыма тийди.

Чынын айтканда, буга дейре клиникалык медицинада, өзгөчө, урология тармагында, атайын булактарда айтылчу кептер кыргызча өп-чап жазылып келинсе, мындан ары бул маселе такталып, дайындалып, окулуп кетишине ишенем. Бул китепти жазууда кыйлаэле кыйынчылыктар болду. Урология жана андрология тармактарында жазылган эмгегимдеги кээ бир киргизилген терминдердин айтылышы, угулушу одоно, копол болгону менен алар орундуу, туюнтуу логикасы жөндүү деп ойлойм. Түшүнүктөр жөнөкөй эле сөздөр менен жеңил-желпи алмаштырыла коюлган жок.

Ар сөздүн мааниси сары эсеп, толгонуу, изденүү менен келди. Кандай болсо да, муну азырынча жериштин кажети жок. Көнүмүш болуп, кыргыздын салттуу жашоосунда колдонулуп жүргөн сөздөрдү чамам келишинче илимий тилге буруп, аларга жаңыча ой-тутум киргизүүгө далалат кылдым. Буларга адистер эле эмес, жөнөкөй окурмандардын да кызыгуусу артышы мүмкүн. Ошондуктан алардын да көңүлүн алганга тырыштым. Ар бир түшүнүктүн маанисин чечмелөөдө түпкү ойду жоготпой, анын эквивалентин так берүү татаал болот экен. Жогоруда коллегаларым бекер айтышпаптыр. Сөз таба албай кыйналып кеткенде көнүмүш жалпак тилге салганга дейре бардым.

Китеп жөнүндө да айта кетчү сырым бар. Аны адистер түшүнсө ыраазымын. Бул эмгекте операциянын, анын топографиялык анатомиясынын сүрөттөрүн салууда өзүмдүн жеке профессионалдык адистик оюмду камтыдым. Менин илимий жетекчим, илимдин доктору, профессор Б.П.Матвеевдин «Клиническая онкоурология. 2003» деген фундаменталдык эмгеги ушул китептин ыкма таануусу болду. Дагы бир рахматымды айта кетчү кесиптешим, бул профессор мырза Али Риза Курал – Стамбул шаарындагы Ажибадем клиникасынын урология бөлүмүнүн башчысы, робот-хирург технологиясынын жетекчиси, профессору. Коллегам мага жогорку хирургиялык технологиядагы робот-хирург жасаган эмгектерин тартуулады.

– Балким, бейтаптардын же башкалардын да кызыгуусу болгондур?

– Туура. Китепти жазууга түрткү – ошол бейтаптардын өтүнүчтөрү, каалоолору болду. Бул чыныгы эле социалдык талап болду. Менин эмгек чыйырым кырк жылдан ашып баратат, анын ичинде не деген гана дарттарды көрдүм, жүрөктү майыштырган тагдырларга күбө болдум. Өзгөчө бир оорулуу аксакалдын чын-тамашасы аралаш кеби катуу ойлонтуп койгон: “Бу, доктурлар, кызыксыңар. Борбор калаада толгон-токой илимпоз бар экенсиңер,биздей элет жериндегилерге бул оорунун сырын чечмелеген китептерди таратпайсыздарбы. Билимсиз киши кайдан билсин. Кандай дарт, кандай шартта жаралат, аны менен кантип күрөшсө болот. Алдын алуунун жолдору барбы жана ушулардын баарын чагылдырган эмне, бул китеп да. Муну менен сабатсыздык жоюлат. Ушуларды сиздерге биз түшүндүрүп беришибиз керекпи, же болбосо, күнөөнү өзүбүзгө жүктөп чыга бересиздерби: “Эрте келбей, ооруну күчөтүп келесиздер”, – деп. А биз болсо ийнибизди куушуруп тим болобуз. Билимдүүсүңөр, жалкоолонбой жазгыла, силерди бекер мамлекет окуткан эмес. Муну менен сиздер мамлекеттин коопсуздугуна да кол кабыш кыласыздар”, – дегени алиге эсимде. Айтылган сөздөрдүн калети жок. Оюмда жазылган китептерим чындап эле элибизге кереги тиет деп ойлойм.

– Китеп канча нускада чыкты жана жайылтууда жардам берчүлөр чыктыбы?

– Азыркы мезгилде мындай илимий-популярдуу чыгарма эмес, менменсинген залкар жазуучулардын эмгектери, өткөн-кеткен кишилерди үмүт эте карап, насвай саткан күркөлөрдүн текчелеринде турат. Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып калдым: «Оо, керек экен да», — деген сөздөн башка нерсе уга албай койдум. Нускасы, болгону 100 китеп болду. Азырынча жакындарыма белек болуп жатат, кийинки тагдырын билбейм. Мамлекеттин колдоосу болбосо, мындай иштер өнүкпөйт.