Марс ИБРАЕВ: «Диний окуу жайларды реформалоо концепциясыбеш-алты жыл менен чектелбеши керек»

2014-жылы кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы диний билимдин сапатын жогорулатуу максатын койгон. Ошонун негизинде “Диний окуу жайларды реформалоо” тууралуу концепция иштелип чыккан. Ушул концепция учурда кандай иштеп жатканы туурасында Ислам университетинин проректору Марс Ибраев маек берди.

– «Диний окуу жайларды реформалоо» тууралуу концепциянын негизги максаты, милдеттери ишке кириштиби жана концепциянын алкагында кандай иштер аткарылды?

– Негизи буга чейин 2008-жылы дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзам кабыл алынган. Ал эми 2014-жылдагы концепция ошол убактагы президенттин колдоосу менен диний чөйрөдөгү, өзгөчө бир ирээттешүү, окуу жайлардын сапатынын жогорулашына, диний ишенимдерге Кыргызстандагы бир эле ислам жаатындагы эмес, башка конфессиялардын көбөйүп кеткенине байланыштуу баарынын башын бириктирип, аларды жоопкерчиликке ала турган бир мыйзам керек болгон. Ал мыйзамдар топтому 2014-жылы кабыл алынган концепциянын ичинде болгон. Ал жерде диний уюмдар менен иштешүү маселеси, диний кызматкерлердин өзүн алып жүрүү, диний билим берүү маселеси да бар эле. Максаты диний чөйрөнү жакшы, сапаттуу жана үлгүлүү калыпка келтирүү болчу.

Менин пикиримде бул документ диний окуу жайларды реформалоого багытталган эң жакшы кадам болду. Концепция кабыл алынган жылдары абдан катуу көзөмөл жана талаптар менен башталды. Ар бир пунктуна коюп, ар бир имамды аттестациядан өткөрүү, алардын билимин жогорулатуу, адеп-ахлагын, формаларын жана илимин кароо менен башталды. Ошол эле диний объектилердин, мечиттердин, медреселердин сапатын жогорулатуу маселесинде, андан кийин эң негизгиси калктын диний сабатсыздыгын жоюу маселеси, туура багытка салып Ханафий жана Альматуриди ишеними боюнча, ошол жолду жолдогон идеологиялык жол менен иретке, жолго салуу болду.

– Жакшы максаттар коюлган экен. Учурда бул концепциянын аягына чыгуусуна саналуу убакыт калды. Диний окуу жайлардын реформалоо концепциясы ишке ашып жатканы байкалуудабы?

– Концепция 2020-жылга чейин деп кабыл алынган. Албетте бул жылдар менен концепция бүтүп калат деген сөз болбош керек. Менин оюмча андан кийин дагы бир башка этап башталат. Диний окуу жайлар сапатын жогорулатып, дагы бийиктейт. Концепциянын негизинде бир топ иштер аткарылды. Мындайча айтканда кээ бирлери таасирлүү, мөмөлүү болсо, кээ бирлери анчалык жыйынтык бере алган жок. Анткени бул нерселердин баары 5-6 жыл менен чектелип калбашы керек. Себеби, 70 жылдык идеологияны бузуу бар, 70 жылдан кийин 1991-жылдардан баштап, бул жагына кайра калыбына келүү процесси бар, андан кийин дин тутуу эркиндигин кысымдан кийин бош коюп, ирээтке салбоо бар. Эгерде күчтүү бир көзөмөлдөө менен шарттарды материалдык, техникалык базасын бекемдеп, мамлекеттик деңгээлде кыла турган болсок, балким бир канча жылдын ичинде тартипке келет болчу. Бирок азыр акырындык менен баары тартипке келип жатат Кудайга шүгүр. Алсак, ажылык тартипке келип жатат, мечиттердин сапатын карай баштадык, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча ар кандай иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз, стипендия берүү маселеси жолго салынды ж.б. Ошол эле муфтияттагы диний кызматкерлердин юридикалык жана теологиялык билимдүү экенин далилдеген дипломдору бар. Күчтүү фундамент түптөөгө толук шарттар түзүлдү буйруса. Бирок толук бүттү дегенге кошула албайм. Мындан дагы жогорку чекке чыгыш үчүн дагы да болсо мамлекеттин көзөмөлү, колдоосу керек.

– Медреселердин окуу программасы Аалымдар  кеңеши  бекитип  берген стандарт боюнча окутулуп жатабы? Бул боюнча текшерүүлөр болуп турабы, эгер андай болбосо кандай чаралар көрүлөт?

– Медреселерде таптакыр эле биздин акыйдабызга туура келбеген деструктивдүү, радикалдуу, экстремисттик маанайдагы күчтөрдүн идеяларын таратуу учурлары билинген болсо, ал окуу жай муфтият тарабынан жабылышы керек болот. Андан кийин ошол медреседеги мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Андан кийин ал окуучулар кайра башынан, жөнөкөй муфтияттын көзөмөлүндөгү, муфтияттын идеологиясындагы медреселерге кирип кайра окуусун улантыш керек болот. Албетте камаш керек, антиш керек, минтиш керек деген туура эмес пикир. Күч менен эч нерсе чечилбейт. Аны камап, чектеп коюу менен жыйынтык көрсөтө албайбыз. Тескерисинче, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Макул болбосо мурун берилген мүмкүнчүлүк берилбеши керек. Бул көрүнүшкө мыйзам чегинде буйрук чыгарып койсо, анын мүмкүнчүлүгү чектелип эч нерсе кыла албай калат.

– Сиздердин бүтүрүүчүлөрдүн кайда иштеп, окуп жатканы тууралуу мониторинг жүргүзүлдү беле?

– Биздин Ислам университети лицензия алганыбызга эки эле жыл болду. Мындан кийинки биринчи бүтүрүүчүлөрүбүздүн кайда иштеп жатканын тыгыз көзөмөлдөйбүз деген  ойдомун.  Бирок  буга  чейинки бүтүрүүчүлөрүбүз  менен  деле  байланышыбыз  бар.   Алардын  көпчүлүгү  диний чөйрөдө эле иштеп жатышат. Университетти бүтүрүүчүлөрдүн арасында имам болуп, казыяттарда, муфтияттын курамында иштеп жаткандары бар. Мисалы, Чубак ажы Жалилов биздин бүтүрүүчү. Бир топ аалым, устаздар биздин бүтүрүүчүлөрүбүз. Азыркы учурдагы муун деле бизден бүтүп Араб мамлекетинен кайра улантып кетүүнү өздөрүнө ыраа көрүп жатышат. Албетте, биз мониторинг жүргүзүп сурамжылоолорду жүргүзүп турабыз. Бирок жумушу жок, соодага аралашып кеткендери деле бар. Бизден кыз-келиндер дагы көп бүтүшөт. Мисалы, 800 студент болсо, алардын 400гө жакынын кыз-келиндер түзөт. Булардын негизги артыкчылыгы болбоду дегенде үй-бүлөсүнө мугалим болушат. Сыртка чыгып уюмдарда, НПОлордо иштеген кыздарыбыз бар.

– Айрым эксперттер айтып жатат. Бийлик алмашканы бул концепциялар унутулду деп. Бул пикир канчалык деңгээлде туура?

– Бийлик алмашса деле концепция бар да. Албетте мыйзам баарынан жогору турушу керек. Ал эми мыйзамды аткаруучулар — инсандар. Ошон үчүн эреже болгондо жаңы бийлик деле аткаруунун аракетинде болушу керек. Бизде жаңы бийлик келсе ал жаңы шарттар менен келет деген түшүнүк бар. Бирок мындай болбошу керек. Динде дагы мындай нерсе жок. Мисалы, куран 14 кылымдан бери турат. Ошол эле пайгамбарыбыздын Мухаммад (с.а.в.) сүннөттөрү, жолдору, айтылган насааттары, кептери ошол боюнча өзгөрбөй турат да. Өзгөртпөй эле аны биз мыйзам катары аткарып келе жатабыз. 14 кылым мурун намаз кандай болгон болсо, бүгүн деле ошондой. Мисалы, ибадаттар жагын айталы ата-энени урматтоо, сыйлоо кандай болсо, азыр деле ошондой. Эмне үчүн бүгүн өзгөрүшү керек?

Азыркы инсандар өздөрүн карашы керек. Бул жерде бийликке шылтап коюу эмес, ар бир адамдын жеке өзүндө дагы жоопкерчилик болушу абзел. Диний чөйрөдө жоопкерчиликти мойнуна алган инсандар дагы, канткенде мамлекетибиз менен биргеликте дин тутуу эркиндигин эриш-аркак пайдаланып, элибизге туура, таза динибизди жеткире алабыз дегендин үстүндө баш оорутуш керек. Ал үчүн өзүбүздүн эле казаныбызда кайнай берсек сырткы жактан үлгү албасак анда биз алдыга жыла албайбыз. Ошондуктан бир аз тажрыйба топтоп, башка жакты көрүп, билишибиз керек. Сөзсүз эле бир нерсени көчүрүп алуу керек дегенден алысмын. Эсепке алынган эле чогулуштар эмес, балким конкреттүү еманы коюп, эксперттерди араб дүйнөсүнөн, мейли башка мамлекеттерден чакырып биздин диний кызматкерлерди көбүрөөк чыгарышыбыз керек.

Кайсы бир мамлекет өзүнүн адамдарын, мамлекетин көтөрүш үчүн башка мамлекетке иштеткени жиберген, тажрыйба алгандан кийин кайра тартып алган. Ошону менен мамлекеттин, экономикасын саясатын көтөргөн. Диний чөйрөбүздө ата-бабаларыбыздан келген Ханафий, Аль-матуриди масхабын заманбап технологиялар менен окуу жайлардын дагы мыкты болуусу менен жөнгө салып, жеткире алабыз. Буларды аткарыш үчүн эрк, аракет керек. Башка жактын тажрыйбасын көрүш керек, үйрөнүш керек. Канчалык аралашкан сайын ошончолук өсүү болот. Ошондо биз койгон диний концепциянын негизиндеги бүт эрежелер, өзүнүн нугунда, акырындык менен ишке ашат. Бирок ошол эле учурда динди эч качан саясатка аралаштырбашыбыз керек. Мамлекеттик бийлик өзүнчө, дин өзүнчө бизде ушундай. Дин мамлекеттен ажыраган. Бирок эч качан малекетке диний чөйрө аралашып, мамлекеттик бир түзүмдөн орун алып, ошол статуска жетем деген аракети болбош керек. Себеби бул нерсе жаман жакка алып келиши мүмкүн.

Тиленбек АЗЫК