«Манас» англисче «туура сүйлөдү»

Аида НАДЫРБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”


АКШдагы мекендешибиз, мугалим Акылай БАЙМАТОВА менен маек.

– Саламатсызбы, Акылай? Сиз азыр АКШда жашайт экенсиз, ал жакка кандайча барып калгансыз жана эмне менен алектенесиз. Окуйсузбу же иштейсизби?

– Мен АКШга студент болуп келгем, азыр Америкадагы мыкты мектептердин биринде 9-12-класстардын окуучуларына химия, биологиядан мугалиммин.

– Сиздин “Манас” эпосун англис тилине которгондугуңуз тууралуу маалымдарбыз, кыскача маек курсак. Эпосту которууңузга эмне себеп болду?

– “Манасты” которууга эң биринчи түрткү болгону — өзүмдүн балдарыма эпосту окуп берип жүрүп, качан гана балдарым “англис тилинде дагы ушул эпос болсо сонун болмок” дегенде, Уолтер Мэйдин котормосу эске келди. Анан котормого белсенип кириштим. Уолтер Мэй “Манасты” эпостун 1000 жылдык мааракесине карата которгон. Ал убакытта англис тилинде сүйлөгөн кыргыздар аз эле. Мен биринчи курстун студенти болуп, англис тилин дурус билчүмүн. Университетке ошол Уолтер Мэй жубайы менен өзүнүн котормосу жөнүндө айтып бергени келди. Менин эң биринчи байкоом – ал адам кыргыз тилинде бир дагы сөз билбейт экен, жада калса орус тилин деле жакшы билбейт экен. Мен ага англис тилинде бир нече суроо бергеним эсимде. Жубайы студенттердин суроолорун ага кайра англисче которуп берип жатты. Эң алгачкы булакты окуй албаса, кантип которду экен деген суроо мени ошол 1998-жылдан бери тынчсыздандырып келген.

Анан, ал китепти окугандан кийин гана “Манас” эпосубузга биздин ошол убакыттагы башчыбыз жоопкерчиликсиз мамиле жасаганын түшүндүм. Бул котормо эпостун кыргыз элинин башынан өткөргөн тарыхый, маданий, руханий байлыгы, баалуулугу, улуттун көөнөрбөс, ар бир кыргыздын жүрөгүндө сакталчу улуу, теңдешсиз керемети экенин туюндурбайт. Адабий тили да көркөмдүк жагынан жарды. “Манасты” кыргыз гана айтат, кыргыз гана которот, кыргыз гана тасмага жеткиликтүү тарта алат. Убакыт эң кыйын сынчы эмеспи. Ал котормо жарыкка чыккандан бери 20 жылдан ашты, окуган бирин-сериндер өтө төмөн баа берип, сын пикирлерин www.goodreads.com, www.amazon.com деген сайттарда жазышат, аны сиздер дагы окуп көрсөңүздөр болот. Профессионалдуу котормочу эки тилди тең эне тилиндей билиши зарыл – бул эң биринчи талап.

Менин котормом жарыкка чыккандан соң бир “кыйын” сынчы соц.тармактарда: »Англис тилинде Уолтер Мэйдин котормосу бар эле го, эмнеге бул эч ким тааныбаган, “профессионал эмес” кыз которо салды?» – деп жазганын жакында окуп калдым. Андай сынчылар ал котормону жана менин котормомду колуна алып салыштырып окуп көрбөгөндөр. Эгерде Уолтер Мэйдин котормосун окушса, “Манас” эпосубуз үчүн чын дили менен күйсө, мендей болуп каны кайнап, бул китепте Манас, жалпы кыргыз тууралуу таптакыр айтылбаган деген ойдо болот эле. Ал эми жакында “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун котормолору жарыкка чыгат.

– “Манаста” эски сөздөр арбын эмеспи…

– Эпос ыр түрүндө которулду. Которууда дагы кыйынчылыктар көп болду жана эки жылдан көбүрөөк убакыт кетти. Англис тили жана адабияты мугалимдеринин, тил жаатында эмгектенген кызматкерлердин котормо тууралуу сын-пикирлерин билгим келип, алар менен бөлүшкөндө, aлар жогору баа берип, сөзсүз китеп кылып чыгарышың керек деп колдогону кубандырды. Кээ бир жерлерин эки-үч вариант кылып котордум, көп тарыхый китептерди англис тилинде окуп, курал, аскер кийимдерге колдонулган терминдерге көңүл бурдум, салыштырдым. Накта, бир гана кыргызга таандык терминдерди ошол боюнча калтырып, түшүндүрмө жаздым. Редакторум бир нече котормо варианттарымдан үзүндү алып, кээ бир жерлерин бириктирүүнү сунуш кылды.

– “Манасты” англис тилинде окуган окурмандардын басымдуу бөлүгү кимдер?

– Англис тилинде »Манасты» окугандардын арасынан ар кайсы жаштагы, ар тармакта эмгектенген окурмандар бар. Мектепте иштеген мугалимдер, окуучулар, Орто Азиянын тарыхын, адабиятын изилдеген илимпоздор. Жалаң эле америкалыктар эмес, мунун ичинде англис тилин чет тил катары сүйлөгөн окурмандар дагы, дүйнө жүзүнөн ар кайсы кызыккан адамдар бар болгону мени абдан сүйүнттү.

– “Манастын” бир канча варианттары бар эмеспи, кимдин вариантын котордуңуз?

– Эки тилди тең эң жогорку деңгээлде бирдей алып жүрүп, эки тилде чыгармаларын жазган, белгилүү жазуучу, сценарист, котормочу Мар Байжиев агайдын кыргыз-орус тилиндеги «Манас» эпосунун иштелип чыккан вариантын котордум. Мар Байжиев агай С.Орозбаков жана С.Каралаевдин варианттарын бирдей алып, кыргызча дагы, орусча дагы жогорку окуу жайдын студенттери үчүн китеп кылып чыгарган экен. Мен кыргыз жана орус тилдериндеги нускаларын салыштырып окудум.

– Эпостон өзүңүзгө кандай табылга таба алдыңыз?

– “Манас” эпосубузду окуган сайын (кайсы гана манасчынын варианты болбосун) ар бир сөзгө кунт коюп, көңүл буруп ойлонсок, көп табылга табабыз. Мен өзүм үчүн эпостон тапкан табылгаларым – кыргыздын каада-салтында, кыргыз даамында, адам төрөлүп, балага, энеге кам көрүүдө, 40 деген сандын турмуштун ар бир тармактарында өзгөчө мааниси, кыргыздын улуттук оюндары тууралуу көп маалымат алдым. Кыргыз болуп туруп тарыхыбызды, тарыхый байлыктарыбызды билип, кыргыз деген элдин бар экендигин дүйнөгө таанытуу, кыргыз деген улуттун жок болуп кетпөөсүнө, кылымдан кылымга таанылуусуна ар бирибиз милдеттүү экенибизди түшүндүм.