Жанара АТАБЕКОВА, теле алып баруучу, ди-джей: «Жакшылык жасоо менен алдыны көздөй умтула билүү маанилүү»

Жанара Атабекова телевидение, радио тармагында өз кесибин артыкча баалаган инсандардын катарында. Ал бир топ жылдан бери угарман, көрөрмандарынын ыраазычылыгына ээ болуп, татыктуу кызмат аркалоодо.

– Жанара, сиз бир топ жылдан бери радио жана телевидение тармагында эмгектенип келе жатасыз. Ошол эле убакта ыр дүйнөсүнөн да сизди көрө алдык. Ишиңизде сизди өзгөчө кубандырган,  сыймыктандырган учурлар?

– Сиз айткан үч багыт мен үчүн бир казан сыяктуу сезилгени менен үчөөнүн сапары ар башка экен. Алгач кадамымды ыр менен баштагам. Бала кезде ырчы болууну самап, дүйнө таанымым да дал ушул тармакта өөрчүгөн. Жашыруунун деле кажети жок го, ырчылык жолго кез келгенде көрө албастык, бут тосуулар көп болоорун, мен ойлогондой баары тегиз эмес экендигин баамдадым. Апама ар дайым ыраазымын. “Ырчы болом” деген дегдөөмө карабастан, филология факультетинде окуума түрткү болгон. Бул кесибим менин турмуштук тандоолорума көп жакшы жактарын көрсөттү. Сахнага ырдап чыгып жүрдүм. Алкыш сөзүн айтып, мени кубандырган күйөрмандар да болду. Кийин радио тармагына келдим. Ал жакта он жылга чукул эмгектендим. Радиодогу кадамым “Кыргызстан обондорунан” башталган. Ал жылдар мен үчүн өтө кубантаарлык болгон. Алып баруучу, ди-джейлик кесип — азыркы жашоомо эң жакшы таасирин тийгизди. Андан соң, телевидение тармагында иштеп калдым. Муну кандайдыр бир чоң алдыга жылуу деп деле эсептебейм. Антсе да, бул менин кесибимде өзүнчө арыш болду окшобойбу.

Бул аралыкта мени кубандырганы – угарман, көрөрмандар менен бирге болдум жана да эл тааныган, калк баалап-кадырлаган адамдар менен иштештим, чогуу жүрдүм. Алар менен санаалаш, замандаш болгонум мага чоң сыймык. Эң башкысы, дал ушул чыгармачылык чөйрөдө эмгектенип жүрүп, өмүрлүк жолдошума жолуктум. Үй-бүлөлүк бакубат чеп курдум.

– Кесибиңиздеги, деги эле жа шооңуздагы эң негизги баалуулук деп эмнени айтаар элеңиз?

– Филология жагын окуган үчүнбү, кыргыз тилинде таза сүйлөп, эне тилибизди айрыкча аздектеп, ата-бабабыздан калган улуу нарк-нусканы, салт-санааны тереңден түшүнө алгандыгымды сыймык менен карайм. Ал эми жеке жашоомдо үй-бүлөм, ата-энем, бир туугандарымдын орду чоң. Алар жанымда болгон үчүн мен өзүмдү бактылуу сезем.

– Кесип тандоодо сизди таасирленткен күч?

– Эгерде алгачкы тандоом ыр жаатында айтсам, жөн гана ырды жакшы көргөм. Алып баруучулукка да кичинемден эле шык-дараметим боло турган. Бала кезде эле мектептеги ар кандай иш-чараларды алып барчумун. Кезинде атам да “Нарын” радиосунда диктор болуп эмгектенген. Кесип жолумда атам да кайсы бир деңгээлде өз таасирин тийгизген.

–  Устаттарыңыз  ким  болду  жана алардын кандай сөздөрү көңүлүңүздүн төрүндө?

–  Чоң сахнага чыгышыма өз салымын  тийгизген  эмгеги  чоң  инсан  катары Сыймык Бейшекеевди айта алам. Ал эми алып баруучулукта  Разия  Сырдыбаева эжени жол көрсөткөн устатым катары  айтсам  болот.  Разия эже мен  алгач  “Кыргызстан обондору”  радиосуна келгенде  көп  нерсеге  үйрөтүп,  түшүнүк берген. Ал кезде “ди-джей болом” деген жаштардын үмүтүн арттырган, куюлушкан сөзү менен, кубулжуган үнү менен суктандырган бир топ инсандар болгон. Ошол эле “Лилия  Абдубаитова,  Элмара  Турсуналиева, Арстанбек  Абдымановдой  болсок  экен” дегенбиз.

Телевидениеде иштеп жүргөндө негизги устатым катары ар дайым жылуу сөзүн айтып,  туура  багыт  берген  Жаманбаева Тамара Хусеиновна болду. Ал мезгилде “Замана” студиясында иштеп жүргөм. Таң эрте жумушка барган учурда ал киши бизден биринчи эле келип, жаркын жүз менен тосуп алып, адистик боюнча эле эмес, турмуштук да чоң таалим-тарбия берип, жол көрсөткөн.

–  Адатта,  эфир,  сахна  адамдын мүнөзүнө таасир берет. Башкача айтканда, бул тармактагы көп инсандар өзүн “өзгөчөлүү” сезген учурларын байкайбыз. Сизчи?

– Сиз айткандай, эфир, сахна – мүнөзгө өтө эле таасир берет. Баарыбыз эле “жылдыз оорусу менен оорубайбыз” дегенибиз менен үнүңдөн, жүзүңдөн бирөөлөр таанып койгон болсо, бир аз дердейип калган учурлар болот. Андай кездер баштан өттү. Бирок, ашыкча эле көкөлөп, асмандаган жокпуз. Ага деле мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок окшойт. Өзүмдү өзгөчө сезген учурду байкай албайм. Адамды мезгил өзү тарбиялап, көп нерсеге үйрөтөт. Өткөн учурга кайрылсак, мен эч нерседен тайманбаган, курч, отко да кирүүгө эрки бар учур болгон. Бул жаштыктын жакшы учуру болсо керек. Ал убакта абдан ишенчээк элем. Кандай маселе болсо да, шартылдаган мүнөзүм менен чече салчумун. Азыр эми баарын талдайм, таразалап, акыл калчайм. Бул жашоонун мыйзамы. А ички дүйнөмдө андай деле өзгөрүү болгон жок. Кыялкеч бойдон калдым. Дагы эле ыр дүйнөсүн жакшы көрөм. Кээде эстеп, куса болом. Андайда ырдап, бийлеп, комузда кол ойнотуп калам.

– Интрига, көрө албастык, бут тосуулар… Булар сизди чарчатабы же чыйралтабы?

– Көптөр: “Телевидение, радио, ырчылык – интриганын очогу” деп айтышат. Анткени, бул үчөөндө тең эфирдин, сахнанын ээси болуп, популярдуулукту самашат. Тез эле ийгиликке же атактуулукка жеткилери келет.

Мен бут тосууларга, ушак сөздөргө көңүл бургум келбейт. Андан мен сабак алам, чыйралып, алдыга кадамдайм. Тескерисинче, мен туурасында калыс, чындык эмес пикирлерди айткан адамдарга өмүр тилейм. Мага ор казган адамга оомат, жүрөгүнө ыйман каалайм. Мындай көз караш менен жашоодогу тоскоолдуктардан жеңил өтүүгө болот.

– Юморду түшүнүү менен кабыл аласызбы?

– Күлкү, жылмаюу менен жашообузду кооздосок керек. Үйдө жолдошум экөөбүз тең юморду жакшы көрөбүз. Кээде чектен аша тамашалашып да кетебиз.

– Кандай адам бактылуу жана жылдыздуу деп ойлойсуз?

– Менимче, бактылуу адам жылдыздуу. Анткени, адамдын бакыты жүзүнө бадырайып чыгып калат. Бул эки нерсе эриш-аркак деп айтсак болот. Жашоодо максатына жете билген, өзү каалаган кесибинде иштеген, үй-бүлөсү, ата-энеси маңдайында, балдары күлүп-жайнап, Аллах берген ырыскыдан  татып  жүргөн  адамдар  бактылуу болсо керек. Бакытты адамдар ар кандай баалайт…

Эң негизгиси, Кудайдын бар экенине ишенип, ага табынып, күн сайын аны эстегендер, текеберликтен, кайдыгерликтен качып, жакшыга үндөгөндөр чыныгы бакыттын ээси дээр элем.

– Жашоо принцибиңиз?

–  Ар дайым  туура коюлган  план менен туура багытты  көздөө керек. Жана айланаңа, адамдарга жакшылык кылуу менен алдыны көздөй умтула билүү баарынан маанилүү.

Адели БЕРДИБАЕВА